Жакан
21 Андан кийин Иса Тиберия деңизинин жээгинде шакирттерине дагы бир жолу көрүндү. Бул мындайча болду: 2 Симон Петир, Эгиз деп да коюшкан Томас,+ Галилеянын Каана шаарынан болгон Натанаел,+ Зебедейдин уулдары+ жана дагы башка эки шакирт чогуу жүрүшкөн. 3 Симон Петир аларга: «Мен балык кармаганы баратам»,— деди. Алар: «Биз да сени менен барабыз»,— дешти. Ошентип, баары кайыкка түшүштү. Бирок ошол түнү эч нерсе кармай алышкан жок.+
4 Таң сөгүлө баштаганда Иса жээкте турган эле, бирок шакирттери аны тааныган жок.+ 5 Иса алардан: «Достор*, жегенге бир нерсеңер барбы?» — деп сурады. Алар: «Жок!» — деп жооп беришти. 6 «Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар»,— деди Иса. Шакирттер ошондой кылышты, анан түшкөн балыктын көптүгүнөн аны кайра тартып чыгара албай калышты.+ 7 Ошондо Исанын жакшы көргөн шакирти+ Петирге: «Бул — Мырзабыз!» — деди. Муну укканда жарым-жартылай жылаңач жүргөн Симон Петир сырт кийимин кие калып, сууга секирди. 8 Ал эми калган шакирттер балыкка толгон торду сүйрөй кичине кайык менен жээкке сүзүп келишти. Себеби алар жээктен анча алыс эмес жерде, 90 метрдей эле аралыкта болчу.
9 Жээкке чыгып, чоктун үстүндө какталып жаткан балыкты көрүштү. Ал жерде нан да бар экен. 10 Иса аларга: «Кармаган балыгыңардан алып келгиле»,— деди. 11 Симон Петир кайыкка барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээкке сүйрөп чыкты. Ичинде 153 балык бар экен. Балык ушунчалык көп болсо да, тор айрылбаптыр. 12 Иса аларды: «Келгиле, тамактанып алгыла»,— деп чакырды. Шакирттердин эч кимиси андан: «Сен кимсиң?» — деп сураганга даай алган жок, себеби өздөрүнүн Мырзасы экенин билип турушту. 13 Иса келип, нандан алып, аларга берди. Балыктан да берди. 14 Бул Исанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолу+ көрүнүшү эле.
15 Тамактанып бүтүшкөндө Иса Симон Петирден: «Жакандын уулу Симон, буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү*?» — деп сурады. Ал: «Ооба, Мырзам. Сени аябай жакшы көрөрүмдү* билесиң да»,— деп жооп берди. Иса ага: «Анда козуларымды бак»,— деди.+ 16 Анан кайра: «Жакандын уулу Симон, мени жакшы көрөсүңбү*?» — деп экинчи жолу сурады. Ал: «Ооба, Мырзам. Сени аябай жакшы көрөрүмдү* билесиң да»,— деди. Иса ага: «Анда козуларымды кайтар»,+— деп айтты. 17 Анан үчүнчү жолу: «Жакандын уулу Симон, мени жакшы көрөсүңбү*?» — деп сурады. Исанын: «Мени жакшы көрөсүңбү?» — деп үчүнчү жолу сураганына капаланып, Петир: «Мырзам, сен баарын билесиң, сени канчалык жакшы көрөрүмдү* да билесиң»,— деди. Иса ага: «Анда козуларымды бак.+ 18 Сага чындыкты айтып коёюн, жаш кезиңде өзүң кийинип, каалаган жагыңа барчусуң. Ал эми карыганыңда колуңду сунуп бересиң, ошондо сени башка бирөө кийиндирип, каалабаган жагыңа алып барат»,— деди. 19 Ал муну Петирдин кантип өлөрүн, ошонусу менен Кудайды кантип даңктаарын билдириш үчүн айтты. Анан Петирге: «Мындан ары да менин жолумду жолдой бер»,+— деди.
20 Петир аркасын карап, алардын артынан Исанын жакшы көргөн шакирти+ келатканын көрдү. Ал шакирт мурун кечки тамак учурунда башын Исага буруп: «Мырзам, сага чыккынчылык кыла турган ким?» — деп сураган эле. 21 Аны көргөндө Петир Исадан: «Мырзам, булчу?» — деп сурады. 22 Иса: «Анын мен кайра келгенге чейин тирүү болушун кааласам, сага эмне? Сен мындан ары да менин жолумду жолдой бер»,— деди. 23 Ошондон улам шакирттердин арасында ал шакирттин өлбөй турганы жөнүндө сөз тарап кетти. Бирок Иса анын өлбөй турганын айткан эмес болчу. Ал: «Анын мен кайра келгенге чейин тирүү болушун кааласам, сага эмне?» — деп айткан эле.
24 Ушулардын баарын жазып, күбөлөндүргөн — ошол шакирт.+ Биз анын сөздөрү чындык экенин билебиз.
25 Иса булардан башка дагы көп нерселерди кылган. Эгер алардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып отурса, жазылган түрмөктөр дүйнөгө батпай кетмек деп ойлойм.+