Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Корунттуктарга 1-кат 1
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Корунттуктарга 1-кат. Мазмуну

      • Учурашуу (1—3)

      • Пабыл корунттуктар үчүн Кудайга ыраазычылык билдирет (4—9)

      • Биримдикте болгонго чакырат (10—17)

      • «Машаяк — Кудайдын күчү, Кудайдын акылмандыгы» (18—25)

      • «Жахабаны билгенине мактансын» (26—31)

Корунттуктарга 1-кат 1:1

Шилтемелер

  • *

    Б. а. Кудай дайындаган падыша. Машаяк — «майланган» деген маанини билдирген наам. Сөздүктү кара.

  • *

    Бул Кудайга чогуу сыйынып, бир динди туткан кишини билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 9:15

Корунттуктарга 1-кат 1:2

Шилтемелер

  • *

    Коринф.

  • *

    Сөзмө-сөз: «Иса Машаяктын ысмын чакыргандарга».

  • *

    Сөзмө-сөз: «ыйыктады».

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 18:1
  • +Кр1к 6:11; Ев 9:13, 14
  • +Мт 12:18, 21; Элч 4:12

Корунттуктарга 1-кат 1:5

Байланышы бар аяттар

  • +Кл 1:9

Корунттуктарга 1-кат 1:6

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 18:5

Корунттуктарга 1-кат 1:7

Шилтемелер

  • *

    Грекче апокалипсейа.

  • *

    Же: «эч бир белектен же жөндөмдөн».

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 17:29, 30; Тс2к 1:7; Пт1к 1:7

Корунттуктарга 1-кат 1:8

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 4:5; 5:5; Аян 1:10

Корунттуктарга 1-кат 1:9

Шилтемелер

  • *

    Же: «ишеничтүү».

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 7:9

Корунттуктарга 1-кат 1:10

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 16:17
  • +Рим. 15:5, 6; Кр2к 13:11; Эф 4:1, 3; Флп. 2:2

Корунттуктарга 1-кат 1:12

Шилтемелер

  • *

    Элчи Петирдин дагы бир аты.

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 18:24; Кр1к 3:4, 5, 21—23

Корунттуктарга 1-кат 1:13

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Корунттуктарга 1-кат 1:14

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 18:8
  • +Рим. 16:23

Корунттуктарга 1-кат 1:16

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 16:15

Корунттуктарга 1-кат 1:17

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

  • *

    Сөзмө-сөз: «Машаяктын жаза устуну». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 9:15

Корунттуктарга 1-кат 1:18

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 17:18; Кр1к 2:14
  • +Рим. 1:16

Корунттуктарга 1-кат 1:19

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 29:14

Корунттуктарга 1-кат 1:20

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

  • *

    Сөздүктү кара.

Корунттуктарга 1-кат 1:21

Байланышы бар аяттар

  • +Кл 2:8
  • +Лк 10:21
  • +Кр1к 2:14; 3:18

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/7/2008, 26-б.

Корунттуктарга 1-кат 1:22

Шилтемелер

  • *

    Сыягы, жүйүт элинен болбогон грекче сүйлөгөн адамдар.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 12:38; Лк 11:29

Корунттуктарга 1-кат 1:23

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «мүдүрүлгөнгө себеп».

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 17:32

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/5/2012, 23-б.

    15/8/2010, 4-б.

Корунттуктарга 1-кат 1:24

Байланышы бар аяттар

  • +Кл 2:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2015, 3—7-бб.

    «Жахабага жакында», 87—96-бб.

Корунттуктарга 1-кат 1:25

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 13:4

Корунттуктарга 1-кат 1:26

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 4:13
  • +Жн 7:48; Жкп. 2:5

Корунттуктарга 1-кат 1:27

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 11:25

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2014, 24-б.

Корунттуктарга 1-кат 1:28

Шилтемелер

  • *

    Же: «Бар нерселерди жок кылыш үчүн жок нерселерди».

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 2:6

Корунттуктарга 1-кат 1:30

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 10:4; Кр2к 5:21
  • +Жн 17:19; Ев 10:10
  • +Рим. 3:24; Кл 1:13, 14

Корунттуктарга 1-кат 1:31

Шилтемелер

  • *

    Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Жр 9:24; Кр2к 10:17

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/3/2005, 4-б.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Кор. 1-к. 1:1Элч 9:15
Кор. 1-к. 1:2Элч 18:1
Кор. 1-к. 1:2Кр1к 6:11; Ев 9:13, 14
Кор. 1-к. 1:2Мт 12:18, 21; Элч 4:12
Кор. 1-к. 1:5Кл 1:9
Кор. 1-к. 1:6Элч 18:5
Кор. 1-к. 1:7Лк 17:29, 30; Тс2к 1:7; Пт1к 1:7
Кор. 1-к. 1:8Кр1к 4:5; 5:5; Аян 1:10
Кор. 1-к. 1:9Мз 7:9
Кор. 1-к. 1:10Рим. 15:5, 6; Кр2к 13:11; Эф 4:1, 3; Флп. 2:2
Кор. 1-к. 1:10Рим. 16:17
Кор. 1-к. 1:12Элч 18:24; Кр1к 3:4, 5, 21—23
Кор. 1-к. 1:14Элч 18:8
Кор. 1-к. 1:14Рим. 16:23
Кор. 1-к. 1:16Кр1к 16:15
Кор. 1-к. 1:17Элч 9:15
Кор. 1-к. 1:18Элч 17:18; Кр1к 2:14
Кор. 1-к. 1:18Рим. 1:16
Кор. 1-к. 1:19Ыш 29:14
Кор. 1-к. 1:21Кл 2:8
Кор. 1-к. 1:21Лк 10:21
Кор. 1-к. 1:21Кр1к 2:14; 3:18
Кор. 1-к. 1:22Мт 12:38; Лк 11:29
Кор. 1-к. 1:23Элч 17:32
Кор. 1-к. 1:24Кл 2:3
Кор. 1-к. 1:25Кр2к 13:4
Кор. 1-к. 1:26Элч 4:13
Кор. 1-к. 1:26Жн 7:48; Жкп. 2:5
Кор. 1-к. 1:27Мт 11:25
Кор. 1-к. 1:28Кр1к 2:6
Кор. 1-к. 1:30Рим. 10:4; Кр2к 5:21
Кор. 1-к. 1:30Жн 17:19; Ев 10:10
Кор. 1-к. 1:30Рим. 3:24; Кл 1:13, 14
Кор. 1-к. 1:31Жр 9:24; Кр2к 10:17
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
Ыйык Китеп
Корунттуктарга 1-кат 1:1—31

Корунттуктарга 1-кат

1 Кудайдын эрки менен Машаяк* Исанын элчиси болуп тандалган+ Пабылдан, ошондой эле Состен бир тууганыбыздан* 2 Кудайдын Корунттагы*+ жыйналышындагылар менен бардык жердеги баарыбыздын Мырзабыз болгон Иса Машаякка ишеним арткандарга*.+ Кудай силерди Машаяк Исанын+ шакирттери болушуңар үчүн бөлүп алды*. Ал силерди ыйык болушуңар үчүн тандап алды.

3 Асмандагы Атабыз Кудай менен Мырзабыз Иса Машаяк силерге ырайымын төгүп, тынчтык берсин.

4 Кудайдын силерге Машаяк Иса аркылуу ырайым кылганын ойлоп, силер үчүн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирем. 5 Себеби силер Машаяк аркылуу бардык жагынан байыдыңар: Кудайдын сөзүн жарыялаганга жөндөмдүү болуп калдыңар, билимиңер абдан тереңдеди,+ 6 Машаяк жөнүндөгү кабарга+ бекем ишенип калдыңар. 7 Ошондуктан Мырзабыз Иса Машаяктын айкын көрүнүшүн*+ чыдамсыздык менен күтүп жатып эч нерседен* өксүгөн жоксуңар. 8 Мырзабыз Иса Машаяк келген күнү силерден эч кандай айып табылбашы үчүн, Кудай силерге акырына чейин бекем болгонго жардам берет.+ 9 Силерди өзүнүн Уулу Мырзабыз Иса Машаяк менен шериктеш болгонго чакырган Кудай сөзүнө бек турат*.+

10 Бир туугандарым, Мырзабыз Иса Машаяктын атынан силерди буга чакырам: баарыңардын сөзүңөр бир болсун, ич ара бөлүнбөй,+ бир ойдо, бир пикирде болуп, биримдикте болгула.+ 11 Себеби, бир туугандарым, Клоянын үйүндөгүлөрүнүн айрымдары араңарда пикир келишпестиктер бар экенин айтышты. 12 Айтайын дегеним, силер «мен Пабылдын шакиртимин», «мен Аполостукумун»,+ «мен Кейфаныкымын*», «мен Машаяктыкымын» деп бөлүнүп жатыптырсыңар. 13 Эмне, Машаяктын жыйналышы бөлүнүп-жарылып кеттиби?! Силер үчүн устунга Пабыл кадалды беле? Же Пабыл үчүн чөмүлдүңөр* беле? 14 Криспос+ менен Гайдан+ башкаңарды сууга чөмүлтпөгөнүм үчүн Кудайга шүгүр. 15 Ошон үчүн араңардан эч ким мен үчүн чөмүлгөнүн айта албайт. 16 Ооба, мен Истефандын үйүндөгүлөрүн+ да чөмүлткөм. Алардан башка дагы кимди чөмүлткөнүм эсимде жок. 17 Машаяк мени башкаларды чөмүлтүш үчүн эмес, жакшы кабарды* жарыялаш үчүн жиберген.+ Бирок кабар айтып жатканда илим-билимдүү адамдардай сүйлөш үчүн жиберген эмес, болбосо Машаяктын жаза устунуна кадалып өлгөнү* пайдасыз болуп калмак.

18 Машаяктын жаза устунунда өлгөнү жөнүндөгү кабар — жок боло тургандар үчүн акылсыздык,+ ал эми куткарыла турган биз үчүн Кудайдын кудуреттүү экенин көрсөткөн далил.+ 19 Анткени Ыйык Жазмада: «Даанышмандардын даанышмандыгын ойрон кылам, акылдуулардын акылын четке кагам»,— деп жазылган.+ 20 Бул дүйнөнүн* даанышмандары кайда? Диний мыйзамдарды окуткандар* кайда? Талаш-тартышты жакшы көргөн ойчулдары кайда? Кудай бул дүйнөнүн акылмандыгы акылсыздык экенин көрсөткөн жокпу? 21 Бул дүйнөдөгүлөр өз акылмандыгына+ таянгандыктан Кудайды таанып-билишкен жок.+ Биз жарыялап жаткан кабар аларга болбогон эле нерседей көрүнөт.+ Бирок Кудай так ошол кабар аркылуу ага ишенгендерди куткарууну чечти. Кудайдын акылмандыгы мына ушундан көрүндү.

22 Жүйүттөр жышаан көрсөтүлүшүн талап кылышат,+ гректер* акылмандыкты издешет. 23 Биз болсо устунга кадалган Машаяк жөнүндө кабар айтып жатабыз. Бул — жүйүттөр үчүн кабыл алганга өтө кыйын нерсе*, ал эми башка элдер үчүн болбогон эле нерсе.+ 24 Бирок Кудай тандагандар үчүн, алар жүйүт болобу, грек болобу, Машаяк — Кудайдын күчү, Кудайдын акылмандыгы.+ 25 Анткени Кудайдын акылсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан акылдуу, алсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан күчтүү.+

26 Мына ошон үчүн, бир туугандарым, өзүңөр билгендей, Кудай силерди тандап алганда араңарда пенделик көз караш боюнча акылман,+ күчтүү же тектүү деп эсептелгендер көп эмес болчу.+ 27 Акылмандарды уятка калтырыш үчүн Кудай дүйнөдө акылсыз деп эсептелгендерди тандап алды, күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн дүйнөдө алсыз деп эсептелгендерди тандап алды.+ 28 Адамдар маанилүү деп эсептеген нерселерди жок кылыш үчүн Кудай алар маанилүү эмес деп эсептеген нерселерди*, дүйнөдө тексиз деп эсептелгендерди, баркка алынбагандарды тандап алды.+ 29 Кудай анын алдында бир да адам мактана албашы үчүн ошондой кылды. 30 Силердин Машаяк Исанын шакирти болушуңарга Кудай өзү шарт түздү. Машаяк болсо бизге Кудайдын акылмандыгын, адилдигин ачып берди,+ ыйык болгонго,+ кун аркылуу күнөөдөн арылганга жол ачты.+ 31 Ыйык Жазмадагы: «Ким мактанса, Жахабаны* билгенине мактансын»,+— деген сөздөр аткарылышы үчүн ошондой болду.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү