Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Жашыя 2
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Жашыя. Мазмуну

      • Жашыя Жерихого 2 чалгынчыны жиберет (1—3)

      • Рахап чалгынчыларды жашырып коёт (4—7)

      • Чалгынчылар Рахапка убада берет (8—21a)

        • Кызыл аркан белги болот (18)

      • Чалгынчылар Жашыяга кайтып барат (21б—24)

Жашыя 2:1

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 25:1; 33:49
  • +Жш 6:17; Мт 1:5; Ев 11:31; Жкп. 2:25

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2013, 12—13-бб.

Жашыя 2:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2013, 14-б.

Жашыя 2:4

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/12/2004, 3-б.

Жашыя 2:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2013, 14-б.

    1/12/2004, 3-б.

Жашыя 2:7

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 3:28; 12:5

Жашыя 2:9

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 3:8
  • +Чг 23:27; Мз 2:25; 11:25
  • +Чг 15:15; Жш 5:1

Жашыя 2:10

Шилтемелер

  • *

    Египеттен.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 14:21; 15:13, 14
  • +Сн 21:21—24
  • +Сн 21:33, 34; Мз 3:3; Жш 9:9, 10

Жашыя 2:11

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 4:39; Жл2к 20:6; Дн 4:35

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2013, 14—15-бб.

Жашыя 2:12

Шилтемелер

  • *

    Же: «туруктуу сүйүү көрсөткөндөй». Сөздүктү кара.

  • *

    Же: «атамдын үйүндөгүлөрүнө».

  • *

    Же: «туруктуу сүйүү көрсөтөбүз».

Жашыя 2:13

Байланышы бар аяттар

  • +Жш 6:23

Жашыя 2:14

Шилтемелер

  • *

    Же: «силердин жаныңардын ордуна биздин жаныбыз кыйылсын».

Жашыя 2:15

Байланышы бар аяттар

  • +Ев 11:31

Жашыя 2:17

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 30:2

Жашыя 2:18

Шилтемелер

  • *

    Же: «атаңдын үйүндөгүлөрүнүн».

Байланышы бар аяттар

  • +Жш 6:23

Жашыя 2:20

Байланышы бар аяттар

  • +Жш 2:14

Жашыя 2:22

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2013, 15-б.

Жашыя 2:24

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 23:31; Жш 6:2; 21:44
  • +Чг 15:14—16; Жш 2:9—11; 5:1

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Жаш. 2:1Сн 25:1; 33:49
Жаш. 2:1Жш 6:17; Мт 1:5; Ев 11:31; Жкп. 2:25
Жаш. 2:7Бий 3:28; 12:5
Жаш. 2:9Чг 3:8
Жаш. 2:9Чг 23:27; Мз 2:25; 11:25
Жаш. 2:9Чг 15:15; Жш 5:1
Жаш. 2:10Чг 14:21; 15:13, 14
Жаш. 2:10Сн 21:21—24
Жаш. 2:10Сн 21:33, 34; Мз 3:3; Жш 9:9, 10
Жаш. 2:11Мз 4:39; Жл2к 20:6; Дн 4:35
Жаш. 2:13Жш 6:23
Жаш. 2:15Ев 11:31
Жаш. 2:17Сн 30:2
Жаш. 2:18Жш 6:23
Жаш. 2:20Жш 2:14
Жаш. 2:24Чг 23:31; Жш 6:2; 21:44
Жаш. 2:24Чг 15:14—16; Жш 2:9—11; 5:1
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
Ыйык Китеп
Жашыя 2:1—24

Жашыя

2 Анан Нундун уулу Жашыя жерди көрүп келгенге Шитимден+ эки чалгынчыны жөнөттү. Жашыя аларга: «Барып, ал жерди, өзгөчө, Жерихону көрүп келгиле»,— деди. Алар жолго чыгышты да, Рахап+ деген сойку аялдын үйүнө барып, ошол жерге түнөгөнү калышты. 2 Жерихонун падышасына: «Бүгүн кечинде ысрайыл элинен жер чалганы кишилер келиптир»,— деген кабар жетти. 3 Ошондо падыша Рахапка: «Үйүңө келген кишилерди чыгарып бер, алар жер чалганы келишиптир»,— деп айттырып жиберди.

4 Ал ортодо Рахап тиги экөөнү жашырып койду. Падыша жөнөткөн кишилерге болсо: «Меникине кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин. 5 Күүгүм кирип, дарбаза жабыларда, кетип калышты. Каякка кетишкенин да билбейм. Тезирээк артынан жөнөгүлө, кууп жетесиңер»,— деп койду. 6 (Рахап тиги экөөнү үйүнүн чатырына алып чыгып, жайылып жаткан зыгыр сабактарынын астына жашырып койгон эле.) 7 Падыша жиберген кишилер тигилерди кууп жетиш үчүн Иордан дарыясынын кечүүсүн+ көздөй жөнөштү. Алар чыгып кетери менен, шаардын дарбазасы жабылып калды.

8 Тиги эки чалгынчы уктай электе, Рахап үйүнүн чатырына чыгып, 9 аларга: «Жахабанын бул жерди силерге берерин билем.+ Биз силерден аябай коркуп калдык,+ бул жердин тургундарынын баарынын ындыны өчүп калды.+ 10 Себеби Мисирден* келатканыңарда, Жахабанын көз алдыңарда Кызыл деңизди кантип кургатканын,+ силердин Иордандын аркы өйүзүндө жашаган аморлуктардын эки падышасын, Сихон+ менен Окту,+ кантип жок кылганыңарды уктук. 11 Муну укканда жүрөгүбүз түшүп, кайратыбыз качты, себеби Жахаба Кудайыңардын асман менен жердеги жалгыз Кудай экенин түшүндүк.+ 12 Эми, мен силерге жакшылык кылгандай* эле, силер да менин жакындарыма* жакшылык кылабыз* деп Жахабанын ысмын оозанып ант бергиле, анан сөзүңөргө турарыңарга кепилдик бергиле. 13 Ата-энемди, ага-инилерим менен эже-сиңдилеримди, алардын бүт үйүндөгүлөрүн аман алып калгыла»,— деди.+

14 Ошондо тигилер ага: «Эгер биз жөнүндө эч кимге айтпасаң, Жахаба бул жерди бизге бергенде, сага жакшылык кылып, сөзүбүзгө турабыз. Эгер сөзүбүзгө турбасак, биздин башыбыз кетсин*!» — дешти. 15 Рахаптын үйү шаарды курчап турган дубалда жайгашкандыктан, ал тиги экөөнү терезеден аркан менен түшүрүп,+ 16 аларга: «Куугунчулардын колуна түшүп калбашыңар үчүн тоолуу аймакка барып, ошол жерде үч күн жашына тургула. Анан алар шаарга кайтып келгенден кийин, жолго чыккыла»,— деди.

17 Тиги экөө ага: «Сенин алдыңда күнөөлүү болбош үчүн берген антыбызды аткарабыз.+ 18 Бирок ан үчүн биз бул жерге келгенде, бизди түшүргөн ушул кызыл аркан терезеңе байлануу болсун. Үйүңө ата-энеңди, ага-инилериңди, жакындарыңдын* баарын чогулт.+ 19 Эгер кимдир бирөө үйүңдөн сыртка чыга турган болсо, анда анын каны өз мойнунда болот, биз күнөөлүү болбойбуз. Ал эми үйүңдө сени менен чогуу отургандардын арасынан бирөө бир нерсе болсо, анда анын каны биздин мойнубузда болот. 20 Эгер биз жөнүндө бирөөгө айтып коё турган болсоң,+ анда да антыбызды аткарбайбыз»,— дешти. 21 Рахап: «Силер айткандай болсун»,— деди.

Ошентип, Рахап чалгынчылар менен коштошкондон кийин, алар кетишти. Анан ал терезесине кызыл арканды байлап койду. 22 Тиги экөө тоолуу аймакка барып, куугунчулар кайрылып келгенче, үч күн ошол жакта болушту. Куугунчулар аларды издеп, бардык жолдорду карап чыгышты, бирок таппай коюшту. 23 Эки чалгынчы тоолуу аймактан кетип, дарыядан өтүштү да, Нундун уулу Жашыяга барып, бүт баарын айтып беришти. 24 Анан ага: «Жахабанын ал жердин баарын бизге бергени чын экен.+ Себеби тургундарынын баары бизден коркуп, ындыны өчүп калыптыр»,— дешти.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү