Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Корунттуктарга 1-кат 11
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Корунттуктарга 1-кат. Мазмуну

      • «Менден үлгү алгыла» (1)

      • Башчылык жана башты жабуу (2—16)

      • Мырзабыздын кечки тамагы (17—34)

Корунттуктарга 1-кат 11:1

Байланышы бар аяттар

  • +Флп. 3:17; Тс2к 3:9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2010, 12-б.

Корунттуктарга 1-кат 11:3

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 14:9; Эф 4:15; Кл 2:10
  • +Эф 5:23; Пт1к 3:1
  • +Кр1к 15:27, 28

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    2/2021, 2—3-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/11/2015, 22—23-бб.

    15/5/2010, 8—16-бб.

    15/5/2009, 20-б.

    1/3/2007, 8—12-бб.

    1/2/2007, 6-б.

    1/8/1999, 29—30-бб.

    1/9/1998, 25-б.

    «Кудайга сыйынгыла», 153—154-бб.

    «Үй-бүлөлүк бакыт», 31—32-бб.

    «Билим», 134—136-бб.

Корунттуктарга 1-кат 11:4

Шилтемелер

  • *

    Бул өз ичине башкаларга Кудайдын эркин ачып берүүнү же жарыялоону, кайсы бир нерсени алдын ала айтууну камтышы мүмкүн.

  • *

    Сөзмө-сөз: «башын».

Корунттуктарга 1-кат 11:5

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «башын».

  • *

    Адеп-ахлаксыздык кылган аял ушундайча жазаланчу.

Байланышы бар аяттар

  • +Жл 2:28; Элч 21:8, 9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кудайдын сүйүүсү», 209—210-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/11/2009, 12—13-бб.

Корунттуктарга 1-кат 11:7

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 1:27

Корунттуктарга 1-кат 11:8

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 2:22, 23

Корунттуктарга 1-кат 11:9

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 2:18

Корунттуктарга 1-кат 11:10

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 4:9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кудайдын сүйүүсү», 211—212-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2009, 24-б.

Корунттуктарга 1-кат 11:12

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 2:21, 22
  • +Кр1к 8:6

Корунттуктарга 1-кат 11:19

Шилтемелер

  • *

    Же: «бөлүнүүчүлүк». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 20:29, 30; Кр1к 1:12; Тм1к 4:1; Пт2к 2:1

Корунттуктарга 1-кат 11:20

Шилтемелер

  • *

    Мырзабыз Иса Машаяктын өлүмүн эскерүүнү билдирген тамак; анын өлүмүн эскерүү.

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:19, 20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 28-сабак

Корунттуктарга 1-кат 11:23

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:20; Лк 22:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2004, 4-б.

    1/3/2003, 8—9-бб.

Корунттуктарга 1-кат 11:24

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:26; Мр 14:22; Рим. 7:4; Кр1к 10:17
  • +Лк 22:19

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2013, 24—25-бб.

    1/4/2004, 4-б.

Корунттуктарга 1-кат 11:25

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:27; Мр 14:23; Кр1к 10:16
  • +Лк 22:20; Ев 9:13, 14; Пт1к 1:18, 19
  • +Жр 31:31; Ев 8:8; 9:15
  • +Чг 12:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2013, 25-б.

Корунттуктарга 1-кат 11:26

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    1/2018, 16-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/3/2010, 27-б.

    15/7/2008, 27-б.

    1/4/2004, 6—7-бб.

    1/3/2003, 9—10-бб.

Корунттуктарга 1-кат 11:27

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    1/2020, 27—28-бб.

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    1/2016, 23-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/1/2015, 15—16-бб.

    1/3/2003, 13—15-бб.

Корунттуктарга 1-кат 11:28

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 13:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/1/2015, 15—16-бб.

Корунттуктарга 1-кат 11:30

Шилтемелер

  • *

    Бул алардын сөздүн түз маанисинде өлгөнүн эмес, Кудай менен болгон мамилеси бузулуп калганын билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Тс1к 5:6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/1/2015, 15—16-бб.

Корунттуктарга 1-кат 11:32

Байланышы бар аяттар

  • +Пт2к 2:20; 3:7
  • +Ев 12:5

Корунттуктарга 1-кат 11:34

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 11:29

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Кор. 1-к. 11:1Флп. 3:17; Тс2к 3:9
Кор. 1-к. 11:3Рим. 14:9; Эф 4:15; Кл 2:10
Кор. 1-к. 11:3Эф 5:23; Пт1к 3:1
Кор. 1-к. 11:3Кр1к 15:27, 28
Кор. 1-к. 11:5Жл 2:28; Элч 21:8, 9
Кор. 1-к. 11:7Бш 1:27
Кор. 1-к. 11:8Бш 2:22, 23
Кор. 1-к. 11:9Бш 2:18
Кор. 1-к. 11:10Кр1к 4:9
Кор. 1-к. 11:12Бш 2:21, 22
Кор. 1-к. 11:12Кр1к 8:6
Кор. 1-к. 11:19Элч 20:29, 30; Кр1к 1:12; Тм1к 4:1; Пт2к 2:1
Кор. 1-к. 11:20Лк 22:19, 20
Кор. 1-к. 11:23Мт 26:20; Лк 22:14
Кор. 1-к. 11:24Мт 26:26; Мр 14:22; Рим. 7:4; Кр1к 10:17
Кор. 1-к. 11:24Лк 22:19
Кор. 1-к. 11:25Мт 26:27; Мр 14:23; Кр1к 10:16
Кор. 1-к. 11:25Лк 22:20; Ев 9:13, 14; Пт1к 1:18, 19
Кор. 1-к. 11:25Жр 31:31; Ев 8:8; 9:15
Кор. 1-к. 11:25Чг 12:14
Кор. 1-к. 11:28Кр2к 13:5
Кор. 1-к. 11:30Тс1к 5:6
Кор. 1-к. 11:32Пт2к 2:20; 3:7
Кор. 1-к. 11:32Ев 12:5
Кор. 1-к. 11:34Кр1к 11:29
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
Ыйык Китеп
Корунттуктарга 1-кат 11:1—34

Корунттуктарга 1-кат

11 Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла.+

2 Бардык жагдайларда менин үлгүмдү эстеп, мен берген көрсөтмөлөргө бек карманып жатканыңар үчүн силерди мактагым келет. 3 Бирок ар бир эркектин башчысы Машаяк,+ аялдын башчысы эркек,+ Машаяктын башчысы Кудай+ экенин билишиңерди каалайм. 4 Кудайдан баш кийимчен тиленген же пайгамбарлык кылган* ар бир эркек өз башчысын* уят кылат. 5 Ошондой эле Кудайдан жылаңбаш тиленген же пайгамбарлык кылган ар бир аял+ өз башчысын* уят кылат, анткени бул чачын кырдырып* салганга барабар. 6 Эгер аял башын жапкысы келбесе, чачын кырктырып салсын. Чачын кырктырып же кырдырып салгандан уялса, анда башын жапсын.

7 Эркек башын жаппашы керек, анткени ал Кудайга окшош болуп,+ аны даңкташ үчүн жаратылган. Аял болсо эркекке даңк алып келет. 8 Себеби эркек аялдан эмес, аял эркектен жаралган.+ 9 Анын үстүнө, эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган.+ 10 Ошондуктан периштелер көрүп турушу үчүн,+ аялдын башында эркекке баш иерин көрсөткөн белги болушу керек.

11 Бирок Мырзабыздын жолдоочуларынын арасында эркек аялга, аял эркекке көз каранды. 12 Анткени аял эркектен жаралгандай эле,+ эркек аялдан төрөлөт; бирок баарын Кудай жараткан.+ 13 Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү: аялдын Кудайдан жылаңбаш тиленгени туурабы? 14 Чачтын узун болгону эркек үчүн уят экени, 15 ал эми аял үчүн даңк экени табигый эле нерсе экенин билбейсиңерби? Анткени чач аялга баш кийимдин ордуна берилген. 16 Эгер кимдир бирөө башка салтка карманыш керектигин айтып талашкысы келсе, билип койсун, бизде да, Кудайдын жыйналыштарында да башка салт жок.

17 Бул көрсөтмөлөрдү берип жатып силерди мактай албайм, анткени чогулганыңардын пайдасынан зыяны көп болуп жатыптыр. 18 Мисалы, жыйналышка барганда өз ара бөлүнүп жатканыңарды уктум. Мен буга кандайдыр бир деңгээлде ишенем. 19 Анткени кимиңердин Кудайга жагарыңар айкын болушу үчүн, араңарда секталар* да болот.+

20 Мырзабыздын кечки тамагын*+ жеш үчүн чогулганыңарда аны тийиштүү түрдө кылбай жатыптырсыңар. 21 Анткени аны ичип-жей турган маал болгонго чейин эле ар кимиңер өз тамагыңарды жеп алып, бириңер ачка калсаңар, бириңер мас болуп калат экенсиңер. 22 Же, эмне, ичип-жегенге үйүңөр жокпу? Же Кудайдын жыйналышын баркка албай, колунда жокторду уяткаргыңар барбы? Эми силерге эмне дейин? Мактайынбы? Мунуңар үчүн мактабайм.

23 Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Мырзабыздан үйрөнгөм: өзүнө чыккынчылык кылынар түнү+ Мырзабыз Иса нанды алып, 24 Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин аны сындырып: «Бул силер үчүн курмандыкка чалына турган денемди билдирет.+ Мени эскериш үчүн ушинтип тургула»,— деп айткан.+ 25 Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып:+ «Бул чөйчөк канымдын негизинде+ түзүлчү жаңы келишимди+ билдирет. Мындан ичкен сайын, мени эскериш үчүн ушинтип тургула»,+— деген. 26 Анткени ошол нандан жеп, ошол чөйчөктөн ичкен сайын, Мырзабыз келгенге чейин, анын өлүмүн жарыялай берген болосуңар.

27 Ошон үчүн ким татыксыз болуп туруп ошол нандан жесе же Мырзабыздын чөйчөгүнөн ичсе, ал Мырзабыздын денеси менен канына каршы күнөө кылган болот. 28 Адам адегенде өзүн текшерип, татыктуу экенине ынансын.+ Ошондон кийин гана ал нандан жеп, чөйчөктөн ичсин. 29 Себеби ким Мырзабыздын денеси кандай мааниге ээ экенин түшүнбөй туруп ичип-жесе, өзүн өзү айыптуу кылат. 30 Ошондуктан араңарда алсыздар, оорулуулар көп, өлүп калгандар* да аз эмес.+ 31 Эгер өзүбүздү өзүбүз текшерсек, айыпталмак эмеспиз. 32 Ал эми айыпталып жатсак, анда бул дүйнө менен кошо соттолбошубуз үчүн,+ Жахаба бизди оңдоп-түзөп жатат.+ 33 Ошон үчүн, боордошторум, ал тамакты жегени чогулганыңарда бири-бириңерди күткүлө. 34 Ким ачка болсо, үйүнөн тамактансын. Ошондо чогулганыңарда айыпталбайсыңар.+ Калган иштерди болсо өзүм барганда жөнгө салам.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү