Ышая
50 Жахаба мындай дейт:
«Энеңерди кетирип жибергенимде талак кат+ бердим беле?
Же бирөөгө карыз болуп, силерди ошого сатып жибердим беле?
Силер өз күнөөлөрүңөр үчүн+ туткундалып кеткенсиңер,
Энеңер да силердин кылмыштарыңар үчүн кетирилген.+
2 Мен келгенде, эмне үчүн эч ким жок эле?
Мен чакырганда, эмнеге эч ким жооп берген эмес эле?+
Эмне, кун төлөп куткарып алганга кудуретим жетпейби?
Же куткарып алар күчүм жокпу?+
Ичиндеги балыктар суу жок калгандыктан сасыйт,
Суунун жоктугунан кырылат.
Тескери бурулуп кеткен жокмун.+
6 Уруп жаткандарга жонумду,
Сакалымды жулуп жаткандарга жаагымды тосуп бердим.
Мазакташканда, жаба түкүрүшкөндө, жүзүмдү жапкан жокмун.+
Ошондуктан аларга туруштук бериш үчүн оттук таштай бекем болом деп чечтим,+
Уятка калбасымды билем.
8 Мени адил деп жарыялай турган жанымда.
Сот алдында чогуу туралы*.
Кимдин мага каршы доосу бар?
Жаныма келсин!
9 Мага Эгедер Теңир Жахаба жардам берет.
Анда мени ким айыптуу деп жарыялайт?
Алардын баары кийимдей эскирет,
Күбө жеген кийимдей болот.
Кимиңер жарыкты көрбөй, чылк караңгыда жүрөсүңөр?
Ал Жахабанын ысмына таянып, Кудайынын жардам берерине ишенсин.
11 «От жагып, учкун учургандардын баары,
Силер болсо ошол отуңардын жарыгында,
Учурган учкунуңардын арасында жүрө бергиле.
Силердин менден ала турган жазаңар бул:
Бүк түшүп, катуу кыйналасыңар.