Жүйүттүн каты
1 Иса Машаяктын* кулу, Жакыптын бир тууганы Жүйүттүн+ асмандагы Атабыз Кудай тандап алган+ жана жакшы көргөн, Иса Машаяк менен бирге болушу үчүн сактап-коргоп келаткан+ боордошторуна жолдогон каты.
2 Кудайдын силерге көрсөткөн кайрымдуулугу, берген тынчтыгы жана сүйүүсү арта берсин.
3 Сүйүктүү бир туугандарым, силерге баарыбыздын куткарылышыбыз жөнүндө+ аябай жазгым келген. Бирок кайра силерди ыйыктарга* бир жолу жана биротоло берилген ишеним үчүн тырышып күрөшкөнгө+ үндөйүн дедим. 4 Себеби араңарга соттолору Ыйык Жазмада алдын ала айтылган айрым кишилер билинбей кирип алыптыр. Ал ыймансыздар Кудайыбыздын ырайымын бетине кармап, өздөрүнүн уятсыз жүрүм-турумун*+ актап жатышат. Ошентип жалгыз кожоюнубуз, Мырзабыз Иса Машаяктан баш тартып жатышат.+
5 Өзүңөр жакшы билсеңер да, буларды эсиңерге салгым келет: Жахаба* элин Мисир* жеринен алып чыгып,+ куткарса да, кийин ишеними жокторду жок кылып салган.+ 6 Ошондой эле өздөрүнө тапшырылган ишин, жашашы керек болгон жайын калтырып кеткен периштелерди+ түбөлүктүү чынжырлар менен байлап, улуу күнүндө соттош үчүн коюу караңгылыкта кармап турат.+ 7 Ошол периштелерге окшоп, Содом менен Амордо жана алардын тегерегиндеги шаарларда жашагандар жеткен уятсыз иштерге* берилип, табиятка каршы келген кумарларынын+ артынан сая түшүшкөн. Ал шаарлар түбөлүк от менен жазаланып*,+ биз үчүн сабак болуп калган.
8 Ошого карабай, араңарга кирип алган жанагы кишилер кыялдарына жетеленип, өздөрүнүн да, башкалардын да денесин арамдап жатышат*. Бийлиги барларды урматтабай, Кудай даңкка бөлөгөндөрдү жамандап жатышат.+ 9 Ал эми башкы периште+ Микеил+ Ибилистин оюна каршы болуп, Мусанын сөөгү жөнүндө талашканда,+ ага өкүм чыгарганга, жаман сөздөрдү айтканга батынган эмес.+ Тек гана: «Сени Жахаба өзү соттосун»,— деп койгон.+ 10 Тигилер болсо өздөрү жакшы түшүнбөгөн нерселердин баары жөнүндө жаман сөздөрдү айтышат.+ Ал эми аң-сезимсиз жаныбарлар сыяктуу сокур сезим менен эмнелерди түшүнсө, ошолорду кылып жатышат.+ Өздөрүн ошентип арамдап жатышат.
11 Алардын башына каран түн түшөт! Себеби Кабылдын жолуна түшүштү,+ сыйлыкка жутунуп, Биламдын туура эмес жолун жолдоп кетишти;+ алар Корактай болуп+ бийлиги барларга каршы сүйлөгөндүктөн ага окшоп кыйрашат!+ 12 Отуруштарыңарга келип, силер менен чогуу көңүл ачкан ал кишилер+ суу астындагы аска таштардай коркунучтуу. Алар — уялбай өз кекиртегин гана ойлогон койчулар;+ шамалга айдалган жамгырсыз булуттар;+ кеч күздөгү мөмөсүз, тамыры менен жулунган, куурап калган* дарактар. 13 Алар — ыпылас иштери көбүктөнгөн долу толкундар;+ түбөлүккө коюу караңгылыкта кала турган адашкан жылдыздар.+
14 Адам атадан тартып эсептегенде, жетинчи муундагы Энох+ да алар жөнүндө алдын ала: «Мына, Жахаба түмөндөгөн* ыйык периштелери менен келди.+ 15 Ал баарын соттоп,+ ыймансыз күнөөкөрлөргө ыймансыздыкка жаткан бардык иштери үчүн жана ага каршы айткан төбө чачты тик тургузган бардык сөздөрү үчүн өкүм чыгарганы келди»,+— деген.
16 Ал кишилер жашоосуна нааразы болуп наалый беришет.+ Жаман каалоолоруна жетеленип иш кылышат,+ ооз көптүрө сүйлөшөт, пайда көрүш үчүн башкаларга кошомат кылышат.+
17 Силер болсо, сүйүктүү боордошторум, Мырзабыз Иса Машаяктын элчилери айтып кеткен* сөздөрдү эстегиле. 18 Алар силерге: «Акыркы убакта ыпылас каалоолоруна жетеленип, ыймансыздыкка жаткан иштерди кыла турган шылдыңчылар болот»,+— деп айтышчу. 19 Ортоңорго жик салгандар — мына так ошолор.+ Алар Кудайдын ыйык рухунун* жетеги менен жүрүшпөйт, айбандардай иш кылышат. 20 Бирок силер, сүйүктүү боордошторум, абдан ыйык ишенимиңердин аркасында чыйралып, Кудайдан анын ыйык рухунун жетегине ылайык тиленгиле.+ 21 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып калбаш үчүн ошентип аракет кыла бергиле.+ Ошону менен бирге, Мырзабыз Иса Машаяктын кайрымдуулук кыларына үмүттөнгүлө. Анын кайрымдуулугу түбөлүк өмүргө жол ачат.+ 22 Ошондой эле ишенип келген нерселеринен шектенип жаткандарга+ мындан ары да кайрымдуу болгула;+ 23 аларды оттон сууруп чыгып, куткаргыла.+ Башкаларына да кайрымдуу болуп, жардам бере бергиле. Бирок алардын күнөөсү силерге таасир этип койбошу үчүн сак болгула, кылган күнөөсүн жек көргүлө*.+
24 Даңктуу Кудайыбыз силерди күнөө кылгандан сактап, өзүнүн алдында таза бойдон калганга жардам берип,+ зор кубанычка бөлөй алат. 25 Бизди Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткарган ошол жалгыз Кудайга мурунку кылымдардагыдай эле азыр да, келечекте да түбөлүккө улуулук, даңк, кудурет, бийлик таандык болсун. Оомийн*.