Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Накыл сөздөр 1
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Накыл сөздөр. Мазмуну

      • Накыл сөздөрдүн максаты (1—7)

      • Күнөөкөрлөрдүн чөйрөсү кооптуу (8—19)

      • Чыныгы акылмандык жар салып жүрөт (20—33)

Накыл сөздөр 1:1

Шилтемелер

  • *

    Еврей тилиндеги «тынчтык» дегенди билдирген сөздөн алынган.

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 2:12
  • +Шм2к 12:24
  • +Пд1к 4:29, 32; Нс 12:9

Накыл сөздөр 1:2

Шилтемелер

  • *

    Бул жерде «акыл-насаат» деп которулган сөз түп нускада кеңири мааниге ээ. Аны «жаза, билим, оңдоп-түзөө, үндөө, эскертүү, кеңеш» деп да которсо болот.

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 8:11

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/10/2006, 7-б.

Накыл сөздөр 1:3

Шилтемелер

  • *

    Же: «адилеттүү болгонго».

Байланышы бар аяттар

  • +Ев 12:11
  • +Пд1к 3:28
  • +Нкл 3:11, 12

Накыл сөздөр 1:4

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 15:5
  • +Нкл 2:11; 3:21; 8:12

Накыл сөздөр 1:5

Шилтемелер

  • *

    Же: «жетекчилик».   

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 9:9
  • +Шм1к 25:32, 33; Нкл 24:6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2012, 30-б.

Накыл сөздөр 1:6

Байланышы бар аяттар

  • +Нс 12:11

Накыл сөздөр 1:7

Шилтемелер

  • *

    Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.

  • *

    Же: «Жахабаны кастарлаган; терең урматтап-сыйлаган».

  • *

    Сөзмө-сөз: «Жахабадан коркуу — билимдин башталышы».

Байланышы бар аяттар

  • +Ап 28:28; Нкл 9:10
  • +Нкл 5:12, 13; 18:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/10/2006, 7-б.

Накыл сөздөр 1:8

Шилтемелер

  • *

    Же: «үйрөткөн мыйзамын».

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 6:6, 7; Эф 6:4; Ев 12:9
  • +Лб 19:3; Нкл 31:26; Тм2к 1:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 50-сабак

    «Күзөт мунарасы»,

    1/8/2000, 5—6-бб.

Накыл сөздөр 1:9

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 4:7, 9
  • +Нкл 3:21, 22

Накыл сөздөр 1:10

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 39:7, 8; Мз 13:6—8

Накыл сөздөр 1:12

Шилтемелер

  • *

    Еврейче шеол. Сөздүктү кара.

Накыл сөздөр 1:14

Шилтемелер

  • *

    Же: «биз менен чогуу өкчөмө ташыңды ыргыт».

  • *

    Же: «Капчыгыбыз бир болот».

Накыл сөздөр 1:15

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 4:14; 13:20; Кр1к 15:33

Накыл сөздөр 1:16

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «алардын буттары».

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 6:16—18; Рим. 3:15

Накыл сөздөр 1:19

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 15:27

Накыл сөздөр 1:20

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 16:27; Кр1к 1:20; Жкп. 3:17
  • +Мт 10:27
  • +Нкл 8:1—3; 9:1, 3

Накыл сөздөр 1:21

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:20; Элч 20:20

Накыл сөздөр 1:22

Шилтемелер

  • *

    Же: «тажрыйбасыздыкты жакшы көрүп».

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 5:12, 13; Жн 3:20

Накыл сөздөр 1:23

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «рухумду төгөм». Сыягы, Кудай ыйык руху аркылуу берчү акылмандыкты билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 141:5; Аян 3:19
  • +Ыш 54:13

Накыл сөздөр 1:24

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 65:12

Накыл сөздөр 1:26

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 10:13, 14

Накыл сөздөр 1:28

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «алар». Бул 29—31-аяттарга да тиешелүү.

Байланышы бар аяттар

  • +Ый 3:44

Накыл сөздөр 1:29

Байланышы бар аяттар

  • +Ош 4:6
  • +Бий 5:8

Накыл сөздөр 1:31

Байланышы бар аяттар

  • +Жр 6:19; Гл 6:7

Накыл сөздөр 1:32

Шилтемелер

  • *

    Же: «Ишенчээктерди; жетиле электерди; акылсыздарды».

Накыл сөздөр 1:33

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 48:18
  • +Пд2к 6:15, 16; Ыш 26:3; Пт2к 2:9

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Накыл 1:1Пд1к 2:12
Накыл 1:1Шм2к 12:24
Накыл 1:1Пд1к 4:29, 32; Нс 12:9
Накыл 1:2Нкл 8:11
Накыл 1:3Ев 12:11
Накыл 1:3Пд1к 3:28
Накыл 1:3Нкл 3:11, 12
Накыл 1:4Нкл 15:5
Накыл 1:4Нкл 2:11; 3:21; 8:12
Накыл 1:5Шм1к 25:32, 33; Нкл 24:6
Накыл 1:5Нкл 9:9
Накыл 1:6Нс 12:11
Накыл 1:7Ап 28:28; Нкл 9:10
Накыл 1:7Нкл 5:12, 13; 18:2
Накыл 1:8Мз 6:6, 7; Эф 6:4; Ев 12:9
Накыл 1:8Лб 19:3; Нкл 31:26; Тм2к 1:5
Накыл 1:9Нкл 4:7, 9
Накыл 1:9Нкл 3:21, 22
Накыл 1:10Бш 39:7, 8; Мз 13:6—8
Накыл 1:15Нкл 4:14; 13:20; Кр1к 15:33
Накыл 1:16Нкл 6:16—18; Рим. 3:15
Накыл 1:19Нкл 15:27
Накыл 1:20Рим. 16:27; Кр1к 1:20; Жкп. 3:17
Накыл 1:20Мт 10:27
Накыл 1:20Нкл 8:1—3; 9:1, 3
Накыл 1:21Жн 18:20; Элч 20:20
Накыл 1:22Нкл 5:12, 13; Жн 3:20
Накыл 1:23Зб 141:5; Аян 3:19
Накыл 1:23Ыш 54:13
Накыл 1:24Ыш 65:12
Накыл 1:26Бий 10:13, 14
Накыл 1:28Ый 3:44
Накыл 1:29Ош 4:6
Накыл 1:29Бий 5:8
Накыл 1:31Жр 6:19; Гл 6:7
Накыл 1:33Ыш 48:18
Накыл 1:33Пд2к 6:15, 16; Ыш 26:3; Пт2к 2:9
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
Ыйык Китеп
Накыл сөздөр 1:1—33

Накыл сөздөр

1 Ысрайыл падышасынын,+ Дөөтүнүн уулу+ Сулаймандын*,+ накыл сөздөрү.

 2 Бул сөздөр акылман+ болуш үчүн, акыл-насаат* алыш үчүн,

Даанышман сөздөрдү түшүнүш үчүн жазылган.

 3 Бул сөздөр түшүнүктү арттырганга,

Адил болгонго,+ туура чечим чыгарганга*,+ чынчыл болгонго жардам берген акыл-насаатты+ алыш үчүн,

 4 Тажрыйбасыздарга кыраакы+ болгонго,

Жаштарга билим берип, терең ой жүгүрткөнгө+ жардам бериш үчүн жазылган.

 5 Акылдуу киши бул сөздөргө кулак кагып, акылына акыл кошот;+

Түшүнүгү бар киши мыкты кеңеш* табат.+

 6 Ал накыл сөздү, мааниси терең кепти,

Акылмандардын айткандарын, табышмактарын түшүнөт.+

 7 Жахабадан* корккон* киши билим алат*.+

Даанышмандык менен акыл-насаатты акылсыздар гана четке кагат.+

 8 Уулум, атаңдын акыл-насаатына кулак сал,+

Энеңдин берген таалимин* четке какпа.+

 9 Анткени булар — башыңа кийгизилген кооз гүлчамбар,+

Мойнуңа тагылган жакшынакай жасалга.+

10 Уулум, күнөөкөрлөр азгырса, азгырыкка алдырба.+

11 Эгер алар: «Жүр биз менен.

Буктурма коюп, кан төгөбүз.

Эрмектеш үчүн айыпсыздарды аңдыйбыз.

12 Аларды тирүүлөй эле көр* жуткандай жутабыз,

Аңга көмүлгөндөрдөй бүкүлү жутабыз.

13 Кымбат баалуу буюмдарынын баарын тартып алып,

Үйлөрүбүздү олжого толтурабыз.

14 Жүр, бизге шерик бол*.

Уурдап алгандарыбызды тең бөлүп алабыз*»,— дешсе,

15 Уулум, аларга кошулба.

Алардын жолуна түшпө.+

16 Анткени алар* жамандык кылганы чуркайт,

Кан төккөнгө шашып турат.+

17 Канаттуу көрүп турса, тор жайгандан пайда жок.

18 Ошон үчүн күнөөкөрлөр кан төгүш үчүн буктурма коюшат,

Бирөөнүн жанын алыш үчүн аңдып жатышат.

19 Арам оокатка жутунгандар ушундай кылышат,

Андай оокат алардын түбүнө жетет.+

20 Чыныгы акылмандык+ көчөдө жар салып жүрөт,+

Анын үнү аянттарда угулуп жатат.+

21 Ал эл кайнаган көчөлөрдүн кесилишинде жар салып жатат.

Шаар дарбазаларынын оозунда мындай деп жатат:+

22 «Тажрыйбасыздар, качанга чейин тажрыйбасыз бойдон* жүрө бересиңер?

Шылдыңчылдар, качанга дейре шылдыңдагандан рахат алып жүрө бересиңер?

Акылсыздар, дагы качанкыга чейин билимди жек көрө бересиңер?+

23 Ашкерелегенимде кулак салып, оңолгула.+

Ошондо силерге акылмандык берем*,

Сөздөрүмдү түшүнгөнгө жардам берем.+

24 Силерди канча чакырсам да, укпай жатасыңар.

Жардам бериш үчүн кол сунсам да, эч кимиңер көңүл бурбай жатасыңар.+

25 Кеңешимдин баарын четке кагып келатасыңар.

Ашкерелесем, моюн сунбай жатасыңар.

26 Ошондуктан мен да башыңарга кыйынчылык түшкөндө күлөм.

Эмнеден корксоңор, ошого кабылганыңарда, шылдың кылам.+

27 Корккон нерсеңер бороон-чапкындай болуп,

Кыйынчылыгыңар куюндай болуп келгенде,

Азапка, кайгыга малынганыңарда, силерди шылдыңдайм.

28 Ошондо силер* мени жардамга чакырасыңар, бирок жооп бербейм.

Мени жан далбастап издейсиңер, бирок таппайсыңар.+

29 Себеби билимди жек көргөнсүңөр,+

Жахабадан корккон эмессиңер.+

30 Кеңешимди четке каккансыңар,

Оңдоп-түзөш үчүн кылган аракетимдин бирин да барктаган эмессиңер.

31 Ошон үчүн кылган иштериңердин айынан азап чегип,+

Айла-амалдарыңардын кесепетин толугу менен тартасыңар.

32 Тажрыйбасыздарды* тоң моюндугу өлтүрөт,

Акылсыздарды камырабастыгы ойрон кылат.

33 Ал эми мени уккандар бейкут өмүр сүрөт,+

Эч бир жамандыктан коркпой, коопсуз жүрөт».+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү