Накыл сөздөр
6 Уулум, эгер бирөө үчүн кепилдикке өтүп,+
Чоочун бирөө менен кол алышып убадалашып койсоң,+
2 Сөз берип торго түшсөң,
Сөзүңдөн кармалсаң,+
3 Анда, уулум, анын колуна түшүп калгандыктан,
Кутулушуң үчүн мындай кыл:
Ага тезинен баргын да, ырайым кылышын сурап жалынып-жалбар.+
4 Ошентмейинче уктаба,
Кирпик какпа.
5 Мергенчиден качкан жейрендей,
Аңчыдан качкан куштай качып кутул.
7 Анын башчысы, жетекчиси же башкаруучусу жок болсо да,
Азыгын оруп-жыюу маалында чогултуп алат.
9 Жалкоо, качанга чейин жата бересиң?
Качан ойгоносуң?
10 Дагы бир аз уктай турсаң, дагы кичине үргүлөй түшсөң,
Колуңду көкүрөгүңө алып жата турсаң,+
11 Жакырчылык каракчыдай,
Жокчулук куралчан кишидей болуп кирип келет.+
12 Кара өзгөй, ыймансыз киши жалган айтып басып жүрөт,+
13 Алдаш үчүн көзүн ымдап,+ буту менен белги берип, колу* менен ишарат кылат.
16 Жахаба алты нерсени жек көрөт,
Ал үчүн бул жети нерсе жийиркеничтүү:
17 Менменсине караган көздөр,+ жалган сүйлөгөн тил,+ жазыксыз кишинин канын төккөн кол,+
18 Кыянаттык ойлогон жүрөк,+ жамандык кылганга тез чуркаган бут,
19 Дайыма жалган сүйлөгөн күбө+ жана бир туугандардын ортосуна от жаккан киши.+
21 Аларды дайыма жүрөгүңө түйүп жүр,
Мойнуңа тагып ал.
22 Ошондо алар, кайсы жакка барба, сени жетектейт,
Уктап жатканыңда кайтарат,
Ойгоо жүргөнүңдө акылмандыкка үйрөтөт.
25 Анын сулуулугун жүрөгүң каалабасын,+
Ал сени жалжылдаган көздөрү менен арбап албасын,
26 Анткени сойку аялдын айынан бир кесим нан менен эле отуруп каласың,+
Ал эми башка бирөөнүн аялынын айынан баа жеткис өмүрүңөн айрыласың.
27 Кийимин күйгүзбөй, ким койнуна чок сала алат?+
28 Бутун күйгүзбөй, ким чоктун үстүнөн баса алат?
29 Бирөөнүн аялы менен жаткан киши да ошондой болот,
Андай аялга жологон бир да киши жазасыз калбайт.+
30 Ачка киши курсагын тойгузуш үчүн уурулукка барса,
Аны жек көрүшпөйт.
32 Ал эми бирөөнүн аялы менен жаткандын акылы жок*.
Андай ишке барган киши өз жашоосун талкалайт.+