Мыйзам
17 Жахаба Кудайыңарга кандайдыр бир кемтиги бар буканы же койду курмандыкка чалбагыла, анткени бул Жахаба Кудайыңар үчүн жийиркеничтүү.+
2 Эгер Жахаба Кудайыңар берген шаарлардын биринде кайсы бир эркек же аял Жахаба Кудайыңардын келишимин бузуп, анын алдында жаман иш кылып жүрсө,+ 3 түз жолдон чыгып, мен тыюу салган нерселерге:+ башка кудайларга сыйынса, күнгө, айга же асмандагы башка нерселерге таазим кылса+ жана 4 кимдир бирөө ошол жөнүндө айтып келсе же өзүңөр угуп калсаңар, баарын жакшылап териштиргиле. Эгер Ысрайылда ошондой жийиркеничтүү иш жасалып жатканы чын болсо,+ 5 андай жаман иш кылган эркекти же аялды шаардын дарбазасынын алдына алып барып, таш бараңга алып өлтүргүлө.+ 6 Бирок адамды өлүм жазасына тартыш үчүн эки же үч күбөнүн+ ырастоосу керек. Аны бир эле күбөнүн ырастоосу боюнча өлүм жазасына тартканга болбойт.+ 7 Аны өлтүрүш үчүн күбөлөр биринчи таш ыргытсын, анан калган эл ыргытсын. Араңардан жамандыкты ошентип жок кылгыла.+
8 Эгер шаарыңарда жасалган кайсы бир нерсеге, мисалы, кан төгүүгө,+ арыз-доого, зордук-зомбулукка же кандайдыр бир талашка байланыштуу чечим чыгарыш кыйын болуп жатса, Жахаба Кудайыңар тандаган жерге баргыла.+ 9 Анан дин кызматчы-лебилерге жана ошол учурдагы сотко кайрылгыла.+ Алар силерге чечим чыгарып беришет.+ 10 Алардын Жахаба тандаган жерде чыгарган чечимине ылайык иш кылгыла. Айткандарынын баарын так аткаргыла. 11 Алар айткан мыйзамга, чыгарган чечимге жараша иш кылгыла.+ Ошондон такыр четтебегиле.+ 12 Эгер кимдир бирөө менменсинип, Жахаба Кудайыңарга кызмат кылган дин кызматчыны же сотту укпай койсо, өлүм жазасына тартылышы керек.+ Ысрайыл элинин арасынан жамандыкты ошентип жок кылгыла.+ 13 Ошондо бул жөнүндө бүт эл угуп, коркуп калат да, эч ким менменсинбей калат.+
14 Жахаба Кудайыңар берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ошол жерде жашап калганыңарда: „Тегеректеги башка элдердей болуп, өзүбүзгө падыша шайлап алалы“,— десеңер,+ 15 анда Жахаба Кудайыңар тандаган кишини падыша кылгыла.+ Ал өз элиңерден болушу керек. Бөтөн жерлик кишини өзүңөргө падыша кылбагыла. 16 Падыша жылкысын көбөйтпөсүн,+ көбүрөөк жылкы алдырыш үчүн элди кайра Мисирге жөнөтпөсүн.+ Анткени Жахаба: „Эл Мисирге кайра барбасын“,— деген. 17 Ошондой эле падыша, жүрөгү бузулбашы үчүн, көп аял албасын,+ алтын-күмүштү ашыкча жыйнабасын.+ 18 Падышалык тактыга отурганда дин кызматчы-лебилер сактап жүргөн китептен* Мыйзамды өзүнө көчүрүп алсын.+
19 Ал Жахаба Кудайынан коркконго үйрөнүшү үчүн, Мыйзамда жазылган сөздөрдүн баарын аткарып, андагы жол-жоболорго карманышы үчүн, ошол көчүрмөнү сактап, өмүр бою окушу керек.+ 20 Ошондо менменсинип, өзүн башка ысрайылдыктардан жогору койбойт, ушул осуяттардан четтебейт, өзү да, уулдары да ысрайыл элине узак убакыт бою падышалык кылат.