Аян
1 Бул — Кудайдын жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн+ Иса Машаякка* берген аяны.+ Иса болсо периштесин жиберип, бул аянды каймана мааниси бар нерселер аркылуу мага, Кудайдын* кулу Жаканга,+ көрсөттү. 2 Мен Кудайдын сөзү жөнүндө жана Иса Машаяк айткандардын баары, башкача айтканда, көргөндөрүмдүн баары тууралуу күбөлөндүрдүм. 3 Келечекте боло турган окуялар жөнүндөгү ушул сөздөрдү үн чыгарып окуп берген киши жана аларды уккандар, аткаргандар бактылуу,+ анткени Кудай белгилеген убакыт жакындап калды.
4 Мен, Жакан, буларды Азиядагы* 7 жыйналышка+ жазып жатам.
«Азыр да, мурун да бар болгон жана келечекте келе турган Кудай»,+ анын тактысынын алдындагы көзгө көрүнбөгөн 7 ыйык рух*+ жана 5 Иса Машаяк силерге ырайымын төгүп, тынчтык берсин. Ал — «Ишенимдүү Күбө»,+ «өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген туңгуч»,+ «жер жүзүндөгү падышалардын Башкаруучусу».+
Ал бизди сүйүп,+ өз каны менен күнөөлөрүбүздөн арылтты,+ 6 ошондой эле өзүнүн Кудайына, Атасына, кызмат кылышыбыз үчүн дин кызматчы+ жана падыша кылды.+ Даңк менен күч-кубат түбөлүккө ага таандык болсун. Оомийн*.
7 Ал булуттардын арасында келет.+ Аны баары, аны найза менен сайгандар да көрүшөт. Аны көргөндө жердеги бардык уруулар кайгырып, төшүн ургулашат.+ Ооба, ушундай болот. Оомийн.
8 «Мен Альфамын жана Омегамын*,+— дейт Жахаба* Кудай.— Мен азыр да, мурун да бар болгон жана келечекте келе турган Кудурети Чексиз Кудаймын».+
9 Мен, Жакан — Исанын жолдоочусу катары силер менен+ бирге кыйынчылыктарга чыдап,+ туруктуу болуп+ келаткан жана келечекте Падышалыкты+ мурастай турган бир тууганыңар — Кудай жөнүндө айтып, Иса тууралуу күбөлөндүргөнүм үчүн Патмос аралына жиберилгем. 10 Анан Кудайдын ыйык рухунун таасири менен Мырзабыздын күнүндө болуп, арт жагымдан сурнайдын үнүндөй катуу үндү уктум. 11 Ал мага: «Көргөндөрүңдү түрмөккө жазып, 7 жыйналышка: Эфестеги,+ Смирнадагы,+ Пергамдагы,+ Тиатирадагы,+ Сардестеги,+ Филаделфиядагы+ жана Лаодикиядагы+ жыйналыштарга жөнөт»,— деди.
12 Мага ким сүйлөп жатканын көрүш үчүн артыма бурулуп, 7 алтын чыракпаяны+ көрдүм. 13 Чыракпаялардын ортосунда адам уулуна* окшогон,+ узун кийим кийип, көкүрөгүнө чейин алтын кур курчанган бирөө туруптур. 14 Башындагы чачы аппак кардай, ак жүндөй, көздөрү оттун жалынындай,+ 15 буттары меште кызытылган таза жездей,+ үнү болсо суулардын шаркыраганындай эле. 16 Оң колунда 7 жылдыз бар экен.+ Оозунан кош миздүү, узун курч кылыч+ чыгып туруптур. Жүзү болсо жаркыраган күндөй экен.+ 17 Аны көргөндө бут алдына өлүк сыяктуу жыгылдым.
Ошондо ал үстүмө оң колун коюп, мындай деди: «Коркпо. Мен Биринчимин+ жана Акыркымын,+ 18 жашап жаткандын өзүмүн.+ Өлгөн элем, азыр болсо жашап жатам+ жана түбөлүктөн түбөлүккө жашайм.+ Менде өлүм менен көрдүн* ачкычтары бар.+ 19 Ошондуктан көргөндөрүңдү, азыр болуп жаткандарды жана мындан кийин боло тургандарды жазып ал. 20 Оң колумдагы сен көргөн 7 жылдыздын жана 7 алтын чыракпаянын ыйык сыры мындай: 7 жылдыз 7 жыйналыштын периштелерин, 7 чыракпая 7 жыйналышты билдирет.+