Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Филипиликтерге 1
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Филипиликтерге. Мазмуну

      • Саламдашуу (1, 2)

      • Кудайга ыраазычылык билдирүү; Пабылдын Кудайдан тиленгени (3—11)

      • Кыйынчылыктарга карабай жакшы кабар таратышы (12—20)

      • Жашасам, Машаяк үчүн жашайм, бирок өлүп калсам, өзүм үчүн жакшыраак болмок (21—26)

      • Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарга ылайык жашагыла (27—30)

Филипиликтерге 1:1

Шилтемелер

  • *

    Б. а. Кудай дайындаган падыша. Машаяк — «майланган» деген маанини билдирген наам. Сөздүктү кара.

  • *

    Сөзмө-сөз: «ыйыктарга». Сөздүктү кара.

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 16:12
  • +Тм1к 3:1, 8

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Уюшулганбыз», 53-б.

Филипиликтерге 1:4

Байланышы бар аяттар

  • +Тс1к 1:2

Филипиликтерге 1:5

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Филипиликтерге 1:6

Шилтемелер

  • *

    Бул сот жүргүзүлө турган жана Кудайдын убадалары аткарыла турган убакты билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 1:8; Флп. 2:13

Филипиликтерге 1:7

Байланышы бар аяттар

  • +Эф 3:1; Флп. 1:13; Кл 4:18; Тм2к 1:8; Фм 13
  • +Элч 24:10, 14; 25:10—12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 21-сабак

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2015, 22—23-бб.

    1/9/1999, 14—15-бб.

    1/12/1998, 28-б.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 131—132-бб.

Филипиликтерге 1:9

Байланышы бар аяттар

  • +Тс1к 3:12
  • +Жн 17:3
  • +Ев 5:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    8/2019, 9—10-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/8/1997, 13-б.

Филипиликтерге 1:10

Шилтемелер

  • *

    Же: «башкаларды мүдүрүлтүп». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 12:2
  • +Рим. 14:13, 21

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 12-сабак

    «Ойгонгула!»,

    № 1 2020 12-б.

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    8/2019, 10—12-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/11/2008, 24-б.

    1/8/1997, 13-б.

Филипиликтерге 1:11

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 15:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    8/2019, 12-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/5/2007, 12-б.

Филипиликтерге 1:13

Байланышы бар аяттар

  • +Эф 3:1
  • +Элч 28:30, 31

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2013, 14—16-бб.

Филипиликтерге 1:16

Шилтемелер

  • *

    Сыягы, бул жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча коргогонун билдирген.

Байланышы бар аяттар

  • +Флп. 1:7

Филипиликтерге 1:19

Шилтемелер

  • *

    Б. а. Кудайдын ыйык рухунун.

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 1:11
  • +Жн 15:26

Филипиликтерге 1:20

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 14:8; Пт1к 4:16

Филипиликтерге 1:21

Байланышы бар аяттар

  • +Гл 2:20
  • +Тс1к 4:14; Тм2к 4:8; Аян 14:13

Филипиликтерге 1:22

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «ушул денеде жашай берсем».

  • *

    Же балким: «билбейм».

Филипиликтерге 1:23

Шилтемелер

  • *

    Же: «денеден бошотулуп».

Байланышы бар аяттар

  • +Тм2к 4:6
  • +Кр2к 5:6, 8

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2008, 28-б.

Филипиликтерге 1:27

Шилтемелер

  • *

    Же: «жакшы кабардын жарандары катары».

Байланышы бар аяттар

  • +Эф 4:1, 3; Кл 1:10
  • +Рим. 15:5, 6; Кр1к 1:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2012, 11—12-бб.

    15/9/2010, 13—14-бб.

Филипиликтерге 1:28

Байланышы бар аяттар

  • +Тс2к 1:6
  • +Лк 21:19; Тс2к 1:4, 5

Филипиликтерге 1:29

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 5:41

Филипиликтерге 1:30

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 16:22, 23; Тс1к 2:2

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Филипиликтер 1:1Элч 16:12
Филипиликтер 1:1Тм1к 3:1, 8
Филипиликтер 1:4Тс1к 1:2
Филипиликтер 1:6Кр1к 1:8; Флп. 2:13
Филипиликтер 1:7Эф 3:1; Флп. 1:13; Кл 4:18; Тм2к 1:8; Фм 13
Филипиликтер 1:7Элч 24:10, 14; 25:10—12
Филипиликтер 1:9Тс1к 3:12
Филипиликтер 1:9Жн 17:3
Филипиликтер 1:9Ев 5:14
Филипиликтер 1:10Рим. 14:13, 21
Филипиликтер 1:10Рим. 12:2
Филипиликтер 1:11Жн 15:5
Филипиликтер 1:13Эф 3:1
Филипиликтер 1:13Элч 28:30, 31
Филипиликтер 1:16Флп. 1:7
Филипиликтер 1:19Кр2к 1:11
Филипиликтер 1:19Жн 15:26
Филипиликтер 1:20Рим. 14:8; Пт1к 4:16
Филипиликтер 1:21Гл 2:20
Филипиликтер 1:21Тс1к 4:14; Тм2к 4:8; Аян 14:13
Филипиликтер 1:23Тм2к 4:6
Филипиликтер 1:23Кр2к 5:6, 8
Филипиликтер 1:27Эф 4:1, 3; Кл 1:10
Филипиликтер 1:27Рим. 15:5, 6; Кр1к 1:10
Филипиликтер 1:28Тс2к 1:6
Филипиликтер 1:28Лк 21:19; Тс2к 1:4, 5
Филипиликтер 1:29Элч 5:41
Филипиликтер 1:30Элч 16:22, 23; Тс1к 2:2
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
Ыйык Китеп
Филипиликтерге 1:1—30

Филиппиликтерге

1 Машаяк* Исанын кулдары Пабыл менен Тиметейден Машаяк Исанын жолун жолдогон Филипидеги+ бардык боордошторубузга*, ошондой эле аксакалдар* менен аксакалдардын жардамчыларына:+

2 Асмандагы Атабыз Кудай менен Мырзабыз Иса Машаяк силерге ырайымын төгүп, тынчтык берсин.

3 Силерди ойлогон сайын Кудайыма ыраазычылык билдирем, 4 баарыңар үчүн ар дайым Кудайга жалынам, тиленип жатканда дайыма кубанам.+ 5 Себеби силер Кудайдын жакшы кабарын* угуп, кабыл алган күндөн тартып ушул убакка чейин анын таралышына салым кошуп келатасыңар. 6 Кудай силердин араңарда баштаган жакшы ишин Иса Машаяк соттой турган күнгө* чейин аягына чыгарарына толук ишенем.+ 7 Баарыңар жөнүндө ушинтип ойлошума толук негиз бар, себеби силер жүрөгүмдөсүңөр. Силер мени азыр түрмөдө отурганымда да колдоп келатасыңар,+ жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча коргогонумда да колдодуңар.+ Кудай ушинтип мага да, силерге да ырайымын төгүп жатат.

8 Силерди ушунчалык сагынып жатканыма Кудай өзү күбө, баарыңарды Машаяк Иса жакшы көргөндөй жакшы көрөм. 9 Кудайдан сүйүүңөр уламдан улам өсө берсе экен деп,+ анын эрки жөнүндөгү так билимиңер артып,+ түшүнүгүңөр тереңдей берсе экен деп ар дайым тиленем.+ 10 Эмне маанилүүрөөк экенин түшүнүп,+ ошонун аркасында Машаяк сот жүргүзө турган күнгө чейин ниетиңер таза болсо экен, башкалардын ишенимин солгундатып* койбосоңор экен деп тиленем.+ 11 Кудай даңкталып-мактала бериши үчүн, Иса Машаяктын жардамы менен+ жакшы иштерге бай болушуңарды да сурап тиленем.

12 Бир туугандарым, мен кабылган жагдай, чынында, жакшы кабардын дагы да көбүрөөк таралышына шарт түзгөнүн билишиңерди каалайм. 13 Анткени Машаяктын жолун жолдогонум үчүн камалганымды+ императордун бардык сакчылары менен башка көптөгөн адамдар да билишти.+ 14 Камалганымдын аркасында Мырзабызга кызмат кылган боордошторубуздун көбү өздөрүн ого бетер ишенимдүү сезип калышты. Алар мурдагыдан да кайраттуу болуп, Кудайдын сөзүн тайманбай айтып жатышат.

15 Кээ бирлердин Машаяк жөнүндөгү кабарды көрө албастыктан, атаандаштыктан улам айтып жатышканы чын. Бирок башкалары жакшы ниет менен айтып жатышат. 16 Алар Машаякты жакшы көргөндүктөн ал жөнүндө жарыялап жүрүшөт. Себеби менин жакшы кабарды коргогонго* дайындалганымды билишет.+ 17 Ал эми тигилердин ниети таза эмес, жакшы кабарды башкаларга атаандашкандыктан айтышат, алар түрмөдө жатканымда кайгыма кайгы кошкусу келет. 18 Мунун натыйжасы кандай болуп жатат? Анткорлонуп айтып жатышабы же чын ниеттенби, кандай болбосун, Машаяк жөнүндөгү кабар жарыяланып жатат. Мен ушуга кубанам, мындан ары да кубана берем. 19 Анткени силердин жалынып тиленгениңердин аркасында+ жана Иса Машаякка берилген ыйык рухтун* жардамы менен куткарыларымды билем.+ 20 Өзүмдүн эч уятка калбай турганыма түк да шектенбейм, ошого үмүттөнөм. Коркпой эркин кабар айта берериме, ошонун аркасында — аман болсом да, өлсөм да — Машаякты мурункудай эле даңктай берериме толук ишенем.+

21 Жашасам, Машаяк үчүн жашайм.+ Бирок өлүп калсам, өзүм үчүн жакшыраак болмок.+ 22 Эгер мындан ары да тирүү болсом*, үзүрлүү эмгектене берем. Ошентсе да эмнени тандаарымды билбей турам*. 23 Кайсынысын тандашты билбей, эки анжы болуп турам. Бир чети, барып*, Машаяк менен бирге болгум келет.+ Бул, албетте, алда канча жакшы.+ 24 Бирок тирүү жүрсөм, силерге жакшы болот. 25 Муну жакшы түшүнөм, ошондуктан ийгилик кыла беришиңер үчүн, ишенимиңер өзүңөргө кубаныч тартуулай бериши үчүн, азырынча өлбөй, араңарда болорумду билем. 26 Кайрадан силерге барсам, Машаяк Исанын шакирти катары кубанычыңар артат.

27 Эң негизгиси, Машаяк жөнүндө айткан жакшы кабарыбызга ылайык* жашагыла.+ Көрүшөбүзбү же жокпу, кандай болбосун, силер жөнүндө жакшы нерселерди уксам экен. Жакшы кабарга болгон ишеним үчүн ийиндеш туруп эмгектенип жатканыңарды, биримдикте бир ой-максатты көздөп,+ бекем турганыңарды уксам экен. 28 Силерге каршы чыккандардан эч качан коркпогула. Мунун баары алардын жок болорун,+ ал эми силердин куткарыларыңарды далилдеп турат.+ Бул далил Кудайдан. 29 Силерге Машаякка ишенүү сыймыгы эле эмес, ал үчүн азап тартуу сыймыгы да ыйгарылган.+ 30 Ошон үчүн силер да меникиндей кыйынчылыктарга кабылып жатасыңар.+ Ошол кыйынчылыктар менен кантип күрөшкөнүмдү мурун көргөнсүңөр, азыр болсо алар менен дагы деле алпурушуп жатканымды угуп жатасыңар.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү