Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Жылнаама 2-китеп 6
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Жылнаама 2-китеп. Мазмуну

      • Сулайман элге кайрылат (1—11)

      • Ибадаткананын ачылыш аземиндеги Сулаймандын Кудайдан тиленгени (12—42)

Жылнаама 2-китеп 6:1

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 20:21; Пд1к 8:12, 13; Зб 97:2

Жылнаама 2-китеп 6:2

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 132:13, 14

Жылнаама 2-китеп 6:3

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 8:14—21

Жылнаама 2-китеп 6:4

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «өз оозу менен убада берип, аны өз колу менен аткарган».

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2005, 9-б.

Жылнаама 2-китеп 6:5

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 12:5, 6

Жылнаама 2-китеп 6:6

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 48:1
  • +Шм2к 7:8; Жл1к 28:4

Жылнаама 2-китеп 6:7

Байланышы бар аяттар

  • +Шм2к 7:2; Пд1к 5:3

Жылнаама 2-китеп 6:9

Байланышы бар аяттар

  • +Жл1к 17:4

Жылнаама 2-китеп 6:10

Байланышы бар аяттар

  • +Жл1к 17:11
  • +Жл1к 28:5; 29:23

Жылнаама 2-китеп 6:11

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 40:20; Пд1к 8:9

Жылнаама 2-китеп 6:12

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 8:22

Жылнаама 2-китеп 6:13

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «5 чыканак». Б14 тиркемесин кара.

  • *

    Сөзмө-сөз: «3 чыканак».

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 6:36
  • +Пд1к 8:54

Жылнаама 2-китеп 6:14

Шилтемелер

  • *

    Же: «туруктуу сүйүүңө».

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 7:9; Пд1к 8:23—26

Жылнаама 2-китеп 6:15

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 3:6
  • +Шм2к 7:12, 13; Жл1к 22:10

Жылнаама 2-китеп 6:16

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 132:12
  • +Пд1к 2:4

Жылнаама 2-китеп 6:18

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 7:48
  • +Жл2к 2:6; Ыш 40:12; Элч 17:24
  • +Пд1к 8:27—30; Ыш 66:1

Жылнаама 2-китеп 6:20

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 26:2

Жылнаама 2-китеп 6:21

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 6:10
  • +Пд2к 19:20; Жл2к 30:27
  • +Жл2к 7:12—14; Мик 7:18

Жылнаама 2-китеп 6:22

Шилтемелер

  • *

    Же: «каргыш камтылган ант». Мындай ант ант берген кишинин антын бузса же жалган ант берсе жазаланарын билдирген.

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 8:31, 32

Жылнаама 2-китеп 6:23

Байланышы бар аяттар

  • +Ап 34:11
  • +Ыш 3:10, 11; Жз 18:20

Жылнаама 2-китеп 6:24

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 26:14, 17; Жш 7:8, 11; Бий 2:14
  • +Эз 9:5
  • +Дн 9:3, 19
  • +Пд1к 8:33, 34

Жылнаама 2-китеп 6:25

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 57:15
  • +Зб 106:47

Жылнаама 2-китеп 6:26

Шилтемелер

  • *

    Же: «жоошутуп койгондуктан».

Байланышы бар аяттар

  • +Жз 14:13
  • +Лб 26:19; Мз 28:23
  • +Пд1к 8:35, 36

Жылнаама 2-китеп 6:27

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 30:20, 21; 54:13
  • +Пд1к 18:1

Жылнаама 2-китеп 6:28

Байланышы бар аяттар

  • +Рут 1:1; Пд2к 6:25
  • +Ас 4:9; Ак 2:17
  • +Лб 26:14, 16; Мз 28:21, 22
  • +Мз 28:38; Жл 1:4
  • +Жл2к 12:2; 32:1
  • +Пд1к 8:37—40

Жылнаама 2-китеп 6:29

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 14:10
  • +Дн 6:10
  • +Жл2к 20:5, 6
  • +Жл2к 33:13

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/3/2008, 12—13-бб.

    1/9/1997, 4-б.

Жылнаама 2-китеп 6:30

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 63:15
  • +Зб 130:4
  • +Шм1к 16:7; Жл1к 28:9; Жр 11:20; 17:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/3/2008, 12—13-бб.

Жылнаама 2-китеп 6:32

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 12:48; Рут 1:16; Пд2к 5:15; Ыш 56:6, 7; Элч 8:27
  • +Пд1к 8:41—43

Жылнаама 2-китеп 6:33

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 22:27; 46:10

Жылнаама 2-китеп 6:34

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 31:2; Жш 8:1; Бий 1:1, 2; Шм1к 15:3
  • +Пд1к 8:44, 45
  • +Жл2к 14:11; 20:5, 6

Жылнаама 2-китеп 6:35

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 37:36

Жылнаама 2-китеп 6:36

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 130:3; Нс 7:20; Рим. 3:23
  • +Лб 26:34; Пд1к 8:46—50; Дн 9:7

Жылнаама 2-китеп 6:37

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 26:40; Эз 9:6; Нек 1:6; Зб 106:6; Дн 9:5

Жылнаама 2-китеп 6:38

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 30:1—3; Дн 9:2, 3
  • +Шм1к 7:3
  • +Дн 6:10

Жылнаама 2-китеп 6:39

Байланышы бар аяттар

  • +Жр 51:36, 37

Жылнаама 2-китеп 6:40

Шилтемелер

  • *

    Же: «ушул ибадаткана жөнүндө».

Байланышы бар аяттар

  • +Жл2к 7:15; 16:9; Зб 65:2; Ыш 37:17

Жылнаама 2-китеп 6:41

Шилтемелер

  • *

    Сыягы, бул жерде дин кызматчылардын милдети жөнүндө айтылып жатат. Алар элге Жахабанын куткарганы жана куткарары жөнүндө айтышы керек болчу.

Байланышы бар аяттар

  • +Жл1к 28:2
  • +Зб 65:4; 132:8—10

Жылнаама 2-китеп 6:42

Шилтемелер

  • *

    Же: «туруктуу сүйүүңдү».

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 1:34; Зб 18:50
  • +Элч 13:34

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Жыл. 2-к. 6:1Чг 20:21; Пд1к 8:12, 13; Зб 97:2
Жыл. 2-к. 6:2Зб 132:13, 14
Жыл. 2-к. 6:3Пд1к 8:14—21
Жыл. 2-к. 6:5Мз 12:5, 6
Жыл. 2-к. 6:6Зб 48:1
Жыл. 2-к. 6:6Шм2к 7:8; Жл1к 28:4
Жыл. 2-к. 6:7Шм2к 7:2; Пд1к 5:3
Жыл. 2-к. 6:9Жл1к 17:4
Жыл. 2-к. 6:10Жл1к 17:11
Жыл. 2-к. 6:10Жл1к 28:5; 29:23
Жыл. 2-к. 6:11Чг 40:20; Пд1к 8:9
Жыл. 2-к. 6:12Пд1к 8:22
Жыл. 2-к. 6:13Пд1к 6:36
Жыл. 2-к. 6:13Пд1к 8:54
Жыл. 2-к. 6:14Мз 7:9; Пд1к 8:23—26
Жыл. 2-к. 6:15Пд1к 3:6
Жыл. 2-к. 6:15Шм2к 7:12, 13; Жл1к 22:10
Жыл. 2-к. 6:16Зб 132:12
Жыл. 2-к. 6:16Пд1к 2:4
Жыл. 2-к. 6:18Элч 7:48
Жыл. 2-к. 6:18Жл2к 2:6; Ыш 40:12; Элч 17:24
Жыл. 2-к. 6:18Пд1к 8:27—30; Ыш 66:1
Жыл. 2-к. 6:20Мз 26:2
Жыл. 2-к. 6:21Дн 6:10
Жыл. 2-к. 6:21Пд2к 19:20; Жл2к 30:27
Жыл. 2-к. 6:21Жл2к 7:12—14; Мик 7:18
Жыл. 2-к. 6:22Пд1к 8:31, 32
Жыл. 2-к. 6:23Ап 34:11
Жыл. 2-к. 6:23Ыш 3:10, 11; Жз 18:20
Жыл. 2-к. 6:24Лб 26:14, 17; Жш 7:8, 11; Бий 2:14
Жыл. 2-к. 6:24Эз 9:5
Жыл. 2-к. 6:24Дн 9:3, 19
Жыл. 2-к. 6:24Пд1к 8:33, 34
Жыл. 2-к. 6:25Ыш 57:15
Жыл. 2-к. 6:25Зб 106:47
Жыл. 2-к. 6:26Жз 14:13
Жыл. 2-к. 6:26Лб 26:19; Мз 28:23
Жыл. 2-к. 6:26Пд1к 8:35, 36
Жыл. 2-к. 6:27Ыш 30:20, 21; 54:13
Жыл. 2-к. 6:27Пд1к 18:1
Жыл. 2-к. 6:28Рут 1:1; Пд2к 6:25
Жыл. 2-к. 6:28Ас 4:9; Ак 2:17
Жыл. 2-к. 6:28Лб 26:14, 16; Мз 28:21, 22
Жыл. 2-к. 6:28Мз 28:38; Жл 1:4
Жыл. 2-к. 6:28Жл2к 12:2; 32:1
Жыл. 2-к. 6:28Пд1к 8:37—40
Жыл. 2-к. 6:29Нкл 14:10
Жыл. 2-к. 6:29Дн 6:10
Жыл. 2-к. 6:29Жл2к 20:5, 6
Жыл. 2-к. 6:29Жл2к 33:13
Жыл. 2-к. 6:30Ыш 63:15
Жыл. 2-к. 6:30Зб 130:4
Жыл. 2-к. 6:30Шм1к 16:7; Жл1к 28:9; Жр 11:20; 17:10
Жыл. 2-к. 6:32Чг 12:48; Рут 1:16; Пд2к 5:15; Ыш 56:6, 7; Элч 8:27
Жыл. 2-к. 6:32Пд1к 8:41—43
Жыл. 2-к. 6:33Зб 22:27; 46:10
Жыл. 2-к. 6:34Сн 31:2; Жш 8:1; Бий 1:1, 2; Шм1к 15:3
Жыл. 2-к. 6:34Пд1к 8:44, 45
Жыл. 2-к. 6:34Жл2к 14:11; 20:5, 6
Жыл. 2-к. 6:35Ыш 37:36
Жыл. 2-к. 6:36Зб 130:3; Нс 7:20; Рим. 3:23
Жыл. 2-к. 6:36Лб 26:34; Пд1к 8:46—50; Дн 9:7
Жыл. 2-к. 6:37Лб 26:40; Эз 9:6; Нек 1:6; Зб 106:6; Дн 9:5
Жыл. 2-к. 6:38Мз 30:1—3; Дн 9:2, 3
Жыл. 2-к. 6:38Шм1к 7:3
Жыл. 2-к. 6:38Дн 6:10
Жыл. 2-к. 6:39Жр 51:36, 37
Жыл. 2-к. 6:40Жл2к 7:15; 16:9; Зб 65:2; Ыш 37:17
Жыл. 2-к. 6:41Жл1к 28:2
Жыл. 2-к. 6:41Зб 65:4; 132:8—10
Жыл. 2-к. 6:42Пд1к 1:34; Зб 18:50
Жыл. 2-к. 6:42Элч 13:34
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
Ыйык Китеп
Жылнаама 2-китеп 6:1—42

Жылнаама 2-китеп

6 Ошондо Сулайман: «Жахаба, сен коюу кара булуттун ичинде жашай турганыңды өзүң айткансың.+ 2 Мен сага заңгыраган, сен түбөлүк жашай турган жай курдум»,— деди.+

3 Анан падыша бүт ысрайыл жамаатына бурулуп, бата берди, бүт жамаат туруп турду.+ 4 Сулайман: «Атам Дөөтүгө убада берип, аны аткарган* Ысрайылдын Кудайы Жахаба даңкталсын! 5 Ал: „Мен элимди Мисир жеринен алып чыккан күндөн тартып ушу убакка чейин, менин ысмым менен атала турган үй курулушу үчүн,+ Ысрайылдын урууларына таандык бир да шаарды тандаган эмесмин. Ошондой эле ысрайыл элиме жол башчы болсун деп бир да кишини тандаган эмесмин. 6 Эми болсо ысмым ошол жерде урматталып-даңкталсын деп Иерусалим+ шаарын тандадым, ысрайыл элимди башкарсын деп, Дөөтүнү тандадым“,— деп айткан.+ 7 Атам Дөөтүнүн жүрөгүндө Ысрайылдын Кудайы Жахабанын ысмына арнап үй курайын деген каалоосу бар болчу.+ 8 Бирок Жахаба ага: „Менин ысмыма арнап үй курууну абдан каалап жатканың жакшы. 9 Бирок ал үйдү сен курбайсың. Менин ысмыма арнала турган үйдү сенин уулуң курат“,— деп айткан.+ 10 Жахаба убадасын аткарды. Анткени, Жахаба убада кылгандай эле,+ мен атам Дөөтүнүн ордуна такка отуруп,+ Ысрайылга падыша болдум. Анан Ысрайылдын Кудайы Жахабага арнап үй куруп, 11 анын ичине Жахабанын ысрайыл эли менен түзгөн келишими салынган сандыкты+ койдум»,— деди.

12 Анан Сулайман Жахабанын курмандык жайынын алдына туруп, бүт ысрайыл жамаатынын алдында колун жайып асманга көтөрдү.+ 13 Ага чейин ал жезден узун-туурасы 2 метр 25 сантиметр*, бийиктиги 1 метр 30 сантиметр* болгон секиче жасап, короонун ортосуна+ койгон болчу. Ал ошол секиченин үстүндө туруп, бүт ысрайыл жамаатынын алдында чөгөлөп, колдорун асманга көтөрүп,+ 14 мындай деди: «Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, асманда да, жерде да сендей Кудай жок! Сен келишимди бузбайсың, сага чын жүрөктөн кызмат кылгандарды дайыма сүйүүңө* бөлөйсүң.+ 15 Сен атама, кызматчың Дөөтүгө, берген убадаңды аткардың.+ Өзүң берген ошол убадаңды бүгүн жүзөгө ашырдың.+ 16 Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, эми атама, кызматчың Дөөтүгө: „Эгер уулдарың баскан жолун байкап,+ сага окшоп жолумдан чыкпаса,+ анда Ысрайылда падышалык тактыда ар дайым сенин тукумуң отурат“,— деп берген убадаңды аткара көр. 17 Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, кызматчың Дөөтүгө берген ушул убадаңа тура көр.

18 Оо, Кудай, чынында сен жерде адам баласы менен жашамак белең?+ Сени атүгүл асман, асмандын асманы да батыра албаса,+ анда мен курган бул үй кантип батырмак эле?!+ 19 Оо, Жахаба Кудайым, кулуңдун тилегине, ырайым кылышыңды сурап өтүнгөнүнө көңүл бура көр, алдыңда тиленип жаткан кулуңдун үнүн, жардам сурап жалынганын уга көр. 20 «Менин ысмым менен аталат»,— деп өзүң айткан ушул жерден,+ ушул үйдөн күнү-түнү көзүңдү алба, ушул жакты карап тиленип жаткан кулуңдун үнүнө кулак сала көр. 21 Кулуң жардам сураганда, ысрайыл элиң ушул жакты карап тиленгенде,+ өзүң жашаган жайдан, асмандан,+ уга көр; аларды угуп, кечире көр.+

22 Эгер кимдир бирөө башка бирөөгө каршы күнөө кылса жана жабыр тарткан ошол киши андан ант* беришин талап кылса, анан ант берген киши ушул үйгө келип, курмандык жайыңдын алдына турса,+ 23 асмандан угуп, кулдарыңа сот жүргүз: ыймансызына тиешесин берип, кылган ишине жараша жазала,+ адилин болсо актап, адилдигине жараша батаңды бер.+

24 Ысрайыл элиң көз алдыңда күнөө кыла бергени үчүн душмандарынан жеңилип калса,+ анан кайра сага кайрылып,+ ысмыңды даңктап,+ ушул үйдө сенден ырайым кылышыңды сурап жалбарса,+ 25 асмандан ысрайыл элиңди угуп,+ күнөөсүн кечирип, аларга жана ата-бабаларына берген жерге кайра алып келе көр.+

26 Алар сенин алдыңда күнөө кыла бергени үчүн,+ асман жабылып, жаан жаабай калганда,+ ушул жакты карап тиленип, ысмыңды даңкташса жана сен аларды жазалагандыктан*, күнөө кылганын токтотушса,+ 27 асмандан кулдарыңды, ысрайыл элиңди угуп, күнөөсүн кечире көр, аларды туура жолдо, жүрүшү керек болгон жолдо жүргөндү үйрөт;+ өз элиңе мураска берген жериңе жаан-чачын жаадыра көр.+

28 Алардын жеринде ачарчылык+ болобу же ысык шамал+ согобу, же жугуштуу оору+ жайылабы, жерин көк басабы, баарын мойсогон чегиртке+ каптайбы, же кайсы бир шаарын душмандар курчоого алабы,+ же дагы башка балээге же ооруга кабылышабы,+ 29 бүт ысрайыл элиң же арасынан кимдир бирөө (себеби ар ким башына түшкөн кыйынчылыгын, кайгысын өзү жакшы билет)+ колун ушул үйдү көздөй сунуп,+ сенден тиленсе,+ ырайым кылышыңды сурап жалынса,+ 30 асмандан, өзүң жашаган жайдан угуп,+ кечире көр+ жана ар кимге жүргөн жолуна жараша тиешесин бер, анткени сен анын жүрөгүндө эмне бар экенин билесиң (адамдын жүрөгүндөгүсүн жалгыз сен гана билесиң).+ 31 Ошондо алар өзүң ата-бабаларыбызга берген жерде өмүр бою сенин жолуңда жүрүп, сенден коркуп, сени урматтап жашашат.

32 Ошондой эле ысрайыл элиңен болбогон бөтөн жерлик бирөө сенин улуу ысмың, кудуреттүү күчүң жөнүндө угуп, алыскы жерден келсе,+ анан ушул үйдү карап тиленсе,+ 33 асмандан, өзүң жашаган жайдан, ошол бөтөн жерликтин өтүнүчүн угуп, баарын аткара көр. Ошондо жер бетиндеги бардык элдер сенин ысмыңды билип,+ сенден ысрайыл элиң корккондой коркуп, мен курган ушул үйдүн сенин ысмың менен аталарын билишет.

34 Эгер элиңди кайсы бир жакка душмандары менен согушканы жөнөтсөң,+ анан элиң сен тандаган ушул шаар тарапты, мен ысмыңа арнап курган үй тарапты карап+ сенден тиленсе,+ 35 асмандан алардын тилегин, жалынычын угуп, жардам бере көр.+

36 Эгер алар сенин алдыңда күнөө кылышса (анткени күнөө кылбаган киши жок),+ анан сен каарданып, аларды душмандарынын колуна салып берип, душмандары аларды алыс же жакын бир жерге туткундап кетишсе,+ 37 анан элиң туткун болуп жүргөн жеринде акылына келип, кайра сага кайрылып, ошол жактан: „Биз күнөө кылдык, жаңылдык, ыймансыздык кылдык“,— деп ырайым кылышыңды сурап жалынса,+ 38 туткундалып кеткен жеринде+ жүргөндө сага бүт жүрөгү,+ бүт жаны менен кайрылса, ата-бабаларына өзүң берген жерди көздөй бурулуп, өзүң тандаган шаар тарапты,+ мен ысмыңа арнап курган үй тарапты карап тиленсе, 39 асмандан, өзүң жашаган жайдан, алардын тиленгенин, ырайым кылышыңды өтүнгөнүн угуп, жардам бере көр.+ Элиңдин сенин алдыңда кылган күнөөсүн кечире көр.

40 Оо, Кудайым, ушул ибадатканага келип*, сенден тиленгенибизде, бизге көз кырыңды салып, үнүбүзгө кулак сала көр.+ 41 Жахаба Кудайым, өзүңдүн турагыңа+ келе көр, күчүңдү көрсөткөн келишим сандыгың да ушул жерде болсун. Оо, Жахаба Кудайым, дин кызматчыларың сенин өз элиңди куткара аларыңды көрсөтүшсүн*, берилген кызматчыларың кылган жакшылыктарыңа кубанышсын.+ 42 Оо, Жахаба Кудайым, өзүң тандаган падышаңды четке кага көрбө.+ Кызматчың Дөөтүгө болгон сүйүүңдү* унута көрбө».+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү