Жакыптын каты
3 Бир туугандарым, бизге сурак катуураак болорун билесиңер,+ ошондуктан баарыңар эле окутуучу боло бербегиле. 2 Анткени баарыбыз тең көп жаңылабыз*.+ Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган* жеткилең адам. 3 Эгер баш ийдириш үчүн атка ооздук салсак, аны толугу менен башкара алабыз. 4 Ошондой эле кемени мисалга алалы: ал канчалык чоң болсо да, катуу шамалга айдалса да, кемечи аны кичинекей эле бургуч менен каалаган жагына бура алат.
5 Анын сыңарындай, тил да дененин кичинекей эле мүчөсү, бирок ашкере мактанат. Оттун кичинекей эле учкуну да чоң токойду өрттөп жок кылат! 6 Ооба, тил — бул от.+ Дене мүчөлөрүбүздүн ичинен көп жамандык кылганы* — тил. Анткени ал бүт денени арамдайт+, адамдын жашоосун талкалайт*. Ал гээнага* окшош, себеби баарын өрттөп жок кылат, кыйратат. 7 Адамдар жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын, сойлоп жүрүүчүлөр менен деңиз жаныбарларынын бардык түрүн колго көндүрүп, багындыра алат, багындырып да келатат. 8 Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил башкарылгыс, ал көп зыян келтирет, өлүмгө дуушар кыла турган ууга толгон.+ 9 Тилибиз менен Жахаба Атабызды алкайбыз, ошол эле тилибиз менен «Кудайга окшоштурулуп» жаратылган адамдарды+ каргайбыз. 10 Бир эле ооздон алкыш да, каргыш да чыгат.
Бир туугандарым, мындай кылган туура эмес.+ 11 Бир эле булактан шор да, шор эмес да суу агабы? 12 Бир туугандарым, анжир дарагы зайтун береби же жүзүм анжир береби?+ Ошо сыяктуу эле, шор булактан шор эмес суу акпайт.
13 Араңардан кимиңер акылдуусуңар, кимиңер түшүнүктүүсүңөр? Ал муну жакшы жүрүм-туруму, акылмандыкка мүнөздүү* жумшактыкты чагылдырган иштери менен көрсөтсүн. 14 Эгер жүрөгүңөрдө көрө албастык,+ тажаалдык*+ бар болсо, анда акылдуумун деп мактанбагыла.+ Эгер мактансаңар, калп айткан болосуңар. 15 Бул асмандагы Кудай берген акылмандык эмес, жердегилерге,+ айбанча иш кылгандарга, жиндерге мүнөздүү акылмандык. 16 Анткени каерде көрө албастык менен тажаалдык* болсо, баш аламандык менен жамандыктын баары ошол жерде болот.+
17 Ал эми Кудай берген акылмандыкка ээ болгон адам баарынан мурда таза,+ андан кийин тынчтыкка умтулган,+ эстүү*,+ баш ийгенге даяр, аябай кайрымдуу, жакшы иштерге бай,+ калыс,+ эки жүздүү эмес болот.+ 18 Андан сырткары, адилдиктин үрөнү тынчтык бар жерге себилип,+ тынчтыкка умтулгандарга түшүмүн берет*.+