Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Матай 20
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Матай. Мазмуну

      • Жүзүмзардагы жумушчулар бирдей акы алат (1—16)

      • Иса өлтүрүлөрүн кайрадан айтат (17—19)

      • Падышалыктагы өзгөчө орундар тууралуу өтүнүч (20—28)

        • Иса көптөр үчүн өз өмүрүн кун катары берет (28)

      • Иса 2 сокур кишини айыктырат (29—34)

Матай 20:1

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 21:33

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 226-б.

Матай 20:2

Шилтемелер

  • *

    Римдиктердин күмүш тыйыны. 1 динар жумушчунун 1 күндүк эмгек акысы болгон. Б14 тиркемесин кара.

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 226-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/1/2002, 7-б.

Матай 20:3

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «Үчүнчү саат чамасында». Күн чыккандан тартып саналчу.

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 226-б.

Матай 20:5

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «алтынчы саат чамасында».

  • *

    Сөзмө-сөз: «тогузунчу саат чамасында».

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 226-б.

Матай 20:6

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «он биринчи саат чамасында».

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 226-б.

Матай 20:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 226-б.

Матай 20:8

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 19:13; Мз 24:14, 15

Матай 20:13

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 20:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/10/2010, 29—30-бб.

Матай 20:15

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 6:23

Матай 20:16

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 19:30; Мр 10:31; Лк 13:30

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 226—227-бб.

Матай 20:17

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 10:32; Лк 18:31

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 228-б.

Матай 20:18

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 16:21; Мр 10:33, 34; Лк 9:22; 18:32, 33

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 228-б.

Матай 20:19

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 27:31; Жн 19:1
  • +Мт 17:22, 23; 28:6; Элч 10:40; Кр1к 15:4

Матай 20:20

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 4:21; 27:55, 56
  • +Мр 10:35—40

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 228—229-бб.

    «Жолдоочум бол», 31-б.

Матай 20:21

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 19:28

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 228—229-бб.

    «Жолдоочум бол», 31-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/8/2004, 24—25-бб.

Матай 20:22

Шилтемелер

  • *

    Бул жерде «чөйчөк» деген сөз Кудайдын эрки боюнча Исанын Кудайга акарат кылды деп ак жерден айыпталып өлтүрүлөрүн билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:39; Мр 10:38; 14:36; Жн 18:11

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 229-б.

Матай 20:23

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 12:2; Рим. 8:17; Кр2к 1:7; Аян 1:9
  • +Мр 10:39, 40

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2010, 14-б.

Матай 20:24

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 10:41—45; Лк 22:24

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 229-б.

Матай 20:25

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 10:42

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/11/2013, 28-б.

Матай 20:26

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 1:24; Пт1к 5:3
  • +Мт 18:4; 23:11; Мр 10:43, 44; Лк 22:26

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/11/2013, 28-б.

    1/8/2004, 24—26-бб.

Матай 20:27

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 9:35

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Улуу Окутуучу», 111-б.

Матай 20:28

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:27; Жн 13:14; Флп. 2:7
  • +Ыш 53:11; Мр 10:45; Тм1к 2:5, 6; Тит 2:13, 14; Ев 9:28

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Суроолор жана жооптор», 104-б.

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 27-сабак

    «„Ыйык кызматыбыз жана жашообуз“ окуу куралы»,

    3/2018, 2-б.

    «Иса Машаяк - жол», 229-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/7/2014, 30-б.

    1/9/2002, 9—10-бб.

Матай 20:29

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 230-б.

Матай 20:30

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 9:27; Мр 10:46—52; Лк 18:35—43

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 230-б.

Матай 20:32

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 230-б.

Матай 20:34

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 9:29

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Жолдоочум бол», 150—152-бб.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Мт. 20:1Мт 21:33
Мт. 20:8Лб 19:13; Мз 24:14, 15
Мт. 20:13Мт 20:2
Мт. 20:15Мт 6:23
Мт. 20:16Мт 19:30; Мр 10:31; Лк 13:30
Мт. 20:17Мр 10:32; Лк 18:31
Мт. 20:18Мт 16:21; Мр 10:33, 34; Лк 9:22; 18:32, 33
Мт. 20:19Мт 27:31; Жн 19:1
Мт. 20:19Мт 17:22, 23; 28:6; Элч 10:40; Кр1к 15:4
Мт. 20:20Мт 4:21; 27:55, 56
Мт. 20:20Мр 10:35—40
Мт. 20:21Мт 19:28
Мт. 20:22Мт 26:39; Мр 10:38; 14:36; Жн 18:11
Мт. 20:23Элч 12:2; Рим. 8:17; Кр2к 1:7; Аян 1:9
Мт. 20:23Мр 10:39, 40
Мт. 20:24Мр 10:41—45; Лк 22:24
Мт. 20:25Мр 10:42
Мт. 20:26Кр2к 1:24; Пт1к 5:3
Мт. 20:26Мт 18:4; 23:11; Мр 10:43, 44; Лк 22:26
Мт. 20:27Мр 9:35
Мт. 20:28Лк 22:27; Жн 13:14; Флп. 2:7
Мт. 20:28Ыш 53:11; Мр 10:45; Тм1к 2:5, 6; Тит 2:13, 14; Ев 9:28
Мт. 20:30Мт 9:27; Мр 10:46—52; Лк 18:35—43
Мт. 20:34Мт 9:29
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
Ыйык Китеп
Матай 20:1—34

Матай

20 Себеби асман Падышалыгы таң заарда жүзүмзарына+ жумушчуларды жалдаганы чыккан кишиге окшош. 2 Күнүнө бир динардан* төлөгөнгө макулдашкандан кийин ал жумушчуларды жүзүмзарына жиберет. 3 Эртең мененки саат тогуздарда* кайра чыгып, базар аянтында жумушсуз тургандарды көрөт да, 4 аларга: „Силер да жүзүмзарыма баргыла. Акыңарды төлөп берем“,— дейт. 5 Ошентип, алар иштегени кетишет. Жүзүмзардын ээси он экилерде*, анан үчтөрдө* кайра чыгып, дагы башкаларын жалдайт. 6 Акырында кечки бештерде* чыгып, дагы бирөөлөрдү көрөт да: „Эмнеге бул жерде бир күн кечке жумушсуз турасыңар?“ — деп сурайт. 7 Алар: „Бизди эч ким жалдаган жок“,— дешет. Ошондо ал: „Силер да жүзүмзарыма баргыла“,— деп айтат.

8 Кеч киргенде, жүзүмзардын ээси чарба башкаруучусуна: „Жумушчуларды чакырып, акыркысынан баштап биринчисине чейин акысын төлөп бер“,+— дейт. 9 Кечки бештерден баштап иштегендер келип, ар бири бир динардан алат. 10 Ошондо биринчи жалдангандар алардан көбүрөөк алабыз деп ойлошот. Бирок аларга да бир динардан төлөнөт. 11 Акысын алышкандан кийин алар жүзүмзардын ээсине нааразы болуп: 12 „Акыркы келгендер бир эле саат иштеди го. Сиз болсо керээли кечке ысыкта кыйналып иштеген бизди ошолорго теңеп койдуңуз!“ — дешет. 13 Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине: „Дос, мен сага адилетсиздик кылган жокмун. Экөөбүз бир динарга макулдашпадык беле, чынбы?+ 14 Ошон үчүн акыңды ал да кете бер. Сага канча берсем, акыркы болуп келген буга да ошончо берсем, эмне экен? 15 Же өзүмдүн акчамды өзүм каалагандай жумшаганга акым жокпу? Же менин жакшылык кылганымды көрө албай жатасыңбы?“+ — дейт». 16 Анан Иса: «Ошентип, акыркылар биринчи, ал эми биринчилер акыркы болот»,— деп айтты.+

17 Иерусалимге баратканда Иса 12 шакиртин бөлүп алып, аларга:+ 18 «Мына, биз Иерусалимге баратабыз. Ал жерден адам Уулун жогорку дин кызматчылар менен диний мыйзамдарды окуткандардын колуна салып беришет. Алар ага өлүм өкүмүн чыгарып,+ 19 башка элден болгон адамдарга өткөрүп беришет. Алар болсо аны шылдыңдашат, сабашат, анан устунга кадап өлтүрүшөт.+ Бирок ал үчүнчү күнү тирилет»,+— деди.

20 Анан Зебедейдин+ аялы уулдары менен Исанын жанына келди да, таазим кылып, бир нерсе суранмакчы болду.+ 21 Иса андан: «Эмне өтүнүчүңүз бар?» — деп сурады. Ал: «Падышалыгыңда бул эки уулумдун бирин оң жагыңа, экинчисин сол жагыңа отургузчу»,+— деди. 22 Иса анын уулдарынан: «Эмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен ичкени жаткан чөйчөктөн* иче аласыңарбы?»+ — деп сурады. Алар: «Ооба»,— дешти. 23 Ошондо Иса: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер,+ бирок оң жагым менен сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм. Ал орундарды Атам кимдерге даярдаса, ошолор отурат»,— деп айтты.+

24 Муну укканда берки 10 шакирт ал экөөнө ачууланышты.+ 25 Ошондо Иса шакирттерин чакырып алып: «Башкаруучулардын элге үстөмдүк кыларын, аттуу-баштуулардын элдин үстүнөн бийлик жүргүзөрүн билесиңер.+ 26 Бирок силердин араңарда андай болбосун.+ Араңардан ким улук болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.+ 27 Араңардан ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун.+ 28 Себеби адам Уулу да өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, кайра өзү кызмат кылып,+ көптөр үчүн өз өмүрүн кун* катары бериш үчүн келген»,+— деди.

29 Алар Жериходон чыгып баратканда, Исанын артынан көп эл ээрчип жөнөдү. 30 Ошондо жол боюнда отурган эки сокур киши Исанын өтүп баратканын угуп: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкыра баштады.+ 31 Эл аларды тыйганга аракет кылды. Бирок ал экөө: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп ого бетер катуу кыйкыра баштады. 32 Иса токтоп, аларды чакырды да: «Силерге эмне кылып берейин?» — деп сурады. 33 Алар: «Мырзам, көзүбүз көрсүнчү»,— дешти. 34 Исанын боору ооруп, алардын көзүнө колун тийгизгенде,+ экөө тең ошол замат көрүп калды. Анан Исанын артынан ээрчип жөнөштү.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү