Жылнаама 2-китеп
14 Акыр-аягы, Абия көз жумуп, сөөгүн Дөөтүнүн шаарына+ коюшту. Абиянын ордуна уулу Аса такка отурду. Асанын убагында анын жеринде 10 жыл тынчтык болду.
2 Аса Жахаба Кудайынын алдында жакшы, туура иштерди кылды. 3 Бөтөн жерликтердин кудайларынын курмандык жайлары менен сыйына турган бийик жерлерин* талкалап,+ ыйык устундарды кыйратып,+ ыйык мамыларды кыйып салды.+ 4 Ошондой эле жүйүттөргө ата-бабаларынын Кудайы Жахабага сыйынгыла, анын Мыйзамы менен осуяттарын аткаргыла деп буйрук кылды. 5 Аса Жүйүт жеринин бүт шаарларындагы сыйына турган бийик жерлер менен жыпарзат түтөткүчтөрдү талкалады.+ Ал башкарып турган кезде падышалыгында тынчтык болду. 6 Жүйүт жеринде тынчтык өкүм сүрүп тургандыктан, ал чептүү шаарларды курду.+ Жахаба аны тегерегиндеги душмандарынан коргоп, тынчтык бергендиктен,+ ошол жылдары эч ким аны менен согушкан жок. 7 Ал жүйүттөргө: «Келгиле, дубалдары, мунаралары бар, дарбазаларында бекиткичтери бар шаарларды куруп, аларды чыңдайлы.+ Биз Жахаба Кудайыбызга кызмат кылгандыктан, бул жер азыр бизге таандык. Ага сыйынгандыктан, ал бизди тегерегибиздеги душмандардан коргоп, тынчтык берди»,— деди. Ошентип, эл ишке киришип, курулуш иши ийгиликтүү жүрдү.+
8 Асанын Жүйүт уруусунан чоң калкан менен найза көтөргөн 300 000 жоокери, Бенжемин уруусунан кичине калкан көтөргөн, жаа тарткан 280 000 мыкты жоокери болгон.+
9 Кийинчерээк эфиопиялык Зерак 1 000 000 жоокери, 300 арабасы+ менен аларга каршы согушканы жөнөдү. Ал Марешага+ жеткенде, 10 Аса аны менен согушканы чыкты. Ошентип, эки тарап тең Марешадагы Сепата өрөөнүндө аскердик тартипте тизилишти. 11 Ошондо Аса Жахаба Кудайына кайрылып:+ «Оо, Жахаба, күчтүүлөргө да*, алсыздарга да,+ кимисине болбосун, жардам бериш сага кыйын деле эмес. Жахаба Кудайыбыз, бизге жардам бере көр, биз сага таянабыз.+ Бул сансыз аскерге да сенин атыңан каршы чыгып жатабыз.+ Жахаба, сен биздин Кудайыбызсың. Көр пенденин сенден күчтүү болуп кетишине жол бере көрбө»,+— деп тиленди.
12 Ошондо Жахаба Аса менен жүйүттөрдүн көз алдында эфиопиялыктарды талкалап салды. Алар качып жөнөштү.+ 13 Аса кишилери менен аларды Герарга+ чейин кууп барды. Эфиопиялыктардын бири да аман калган жок, баары өлдү. Анткени Жахаба менен анын кошууну алардын таш-талканын чыгарды. Ошентип, жүйүттөр көп олжолуу болушту. 14 Жахаба Герардын айланасындагы шаарлардын баарына коркунуч каптаткандыктан, жүйүттөр ошол шаарларды басып алып, талап-тоноп кетишти, анткени ал жакта олжо көп болчу. 15 Ошондой эле алар малчылардын чатырларына кол салып, көп майда малын, төөлөрүн айдап кетишти. Андан кийин Иерусалимге кайтышты.