Маскил. Эзрактын тукумунан чыккан Этандын+ ыры.
89 Жахабанын туруктуу сүйүүсү жөнүндө түбөлүккө ырдайм.
Ишенимдүүлүгүңдү муундан муунга жар салам.
2 Анткени: «Туруктуу сүйүүң түбөлүккө турат,+
Ишенимдүүлүгүң асмандай түбөлүктүү»,— дедим.
3 Сен: «Мен тандаган кызматчым менен келишим түздүм,+
Кызматчым Дөөтүгө мындай деп ант бердим:+
4 „Сенин тукумуңду+ түбөлүккө башкаргыдай кылам,
Бийлигиңди муундан муунга бекемдейм“»,+— дедиң. (Села)
5 Оо, Жахаба, асман сенин ажайып иштериңди даңктайт,
Ыйыктардын жыйналышында ишенимдүүлүгүң даңазаланат.
6 Анткени асманда Жахабага тең келген ким бар?+
Кудайдын уулдарынын+ арасында Жахабага окшош ким бар?
7 Ыйыктардын жыйынында ага терең урмат-сый көрсөтүлөт;+
Ал улук, тегерегиндегилердин баары аны кастарлап турат.+
8 Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,
Сендей кубаттуу ким бар, оо, Жах?+
Сен бардык жагынан ишеничтүүсүң.+
9 Албууттанган деңизди башкарасың,+
Долуланган толкундарын тынчтандырасың.+
10 Рахапка+ катуу сокку уруп өлтүрдүң,+
Күчтүү колуң менен душмандарыңды чачыратып жибердиң.+
11 Асман да, жер да сеники.+
Жер менен андагынын баарын сен жараткансың.+
12 Түндүк менен түштүктү сен жараткансың,
Табор+ менен Хермон+ тоолору ысмыңды даңктап кубанат.
13 Сенин билегиң күчтүү,+
Колуң кубаттуу,+
Оң колуң жогору көтөрүлгөн.+
14 Сен адилдик, акыйкаттык менен бийлик жүргүзөсүң;+
Туруктуу сүйүүң менен берилгендигиңди дайыма көрсөтөсүң.+
15 Сени даңктап кубанычтуу үн салган эл бактылуу.+
Оо, Жахаба, алар жүзүңдөн чачыраган жарыкта жүрүшөт.
16 Ысмыңдан улам күнү бою кубанышат,
Адилдигиңден улам зоболосу көтөрүлөт.
17 Анткени сен элиңе күч бересиң, аларды даңкка бөлөйсүң;+
Ырайымыңдын аркасында күчүбүзгө күч кошулду.+
18 Биздин калканыбыз Жахабадан,
Падышабыз Ысрайылдын Ыйыгынан.+
19 Ошол убакта сен берилген кызматчыларыңа аян аркылуу мындай дегенсиң:
«Мен күчтүүгө жардам бердим,+
Эл ичинен тандалганды жогору көтөрдүм.+
20 Кызматчым Дөөтүнү тандадым,+
Аны ыйык май менен майлап дайындадым.+
21 Мен аны колдойм,+
Ага күч-кубат берем.
22 Бир да душман ага салык салбайт,
Бир да ыймансыз аны кысымга албайт.+
23 Мен анын алдында душмандарын талкалайм,+
Аны жек көргөндөргө сокку урам.+
24 Ишенимдүүлүгүм, туруктуу сүйүүм аны коштоп жүрөт,+
Өз ысмым үчүн анын күчүн арттырам.
25 Ага деңиздин үстүнөн,
Дарыялардын үстүнөн бийлик берем.+
26 Ал мага: „Сен менин Атамсың, Кудайымсың,
Мени куткарган Аска-зоомсуң“,— деп кайрылат.+
27 Аны туңгучум кылам,+
Жердеги падышалардын баарынан жогору коём.+
28 Аны түбөлүккө сүйөм,+
Аны менен түзгөн келишимим эч качан бузулбайт.+
29 Анын тукумун түбөлүккө улана тургандай кылам,
Башкаруусун асмандай түбөлүктүү кылам.+
30 Эгер уулдары мыйзамыма баш ийбей калышса,
Буйруктарым боюнча жашабаса,
31 Көрсөтмөлөрүмө карманышпаса,
Осуяттарымды аткарышпаса,
32 Анда аларды баш ийбестиги үчүн таяк менен жазалайм,+
Күнөөсү үчүн сокку урам.
33 Бирок аны эч качан сүйүүмөн ажыратпайм,+
Берген убадамдан тайбайм.
34 Келишимимди бузбайм,+
Оозуман чыккан сөзүмдү өзгөртпөйм.+
35 Ыйыктыгымды оозанып бир жолу жана биротоло ант бергем,
Дөөтүгө калп айтпайм.+
36 Анын тукуму түбөлүккө уланат,+
Бийлиги менин алдымда күнгө окшоп түбөлүктүү болот.+
37 Айга, асмандагы ишеничтүү күбөгө, окшоп,
Тактысы түбөлүккө орнотулат». (Села)
38 Бирок сен тандаганыңдан баш тарттың, аны жеридиң,+
Ага каарың кайнады.
39 Кызматчың менен түзгөн келишимиңди четке кактың,
Таажысын жерге ыргытып, арамдадың.
40 Анын бардык таш дубалдарын талкаладың,
Коргондорун урандыга айланттың.
41 Жолдон өткөндөрдүн баары аны талап-тоноду,
Ал өзүнүн коңшуларына маскара болду.+
42 Сен ага кас болгондорду жеңишке жеткирдиң,+
Бардык душмандарын кубанттың.
43 Ал душмандарына кылыч шилтеди, бирок сен аны артка чегинттиң,
Салгылашта аны колдогон жоксуң.
44 Аны кадыр-баркынан ажыраттың,
Тактысын жерге кулаттың.
45 Жаштык күндөрүн кыскарттың,
Аны уятка калтырдың. (Села)
46 Оо, Жахаба, качанга чейин бизди карабай коёсуң? Түбөлүккөбү?+
Каарың качанга чейин оттой болуп жалындай берет?
47 Өмүрүмдүн канчалык кыска экенин унутпачы!+
Сен адам баласын бекер жараттың беле?
48 Тирүүлөрдүн арасында өлүмдү көрбөй турган ким бар?+
Ким өз жанын көрдөн сактап кала алат? (Села)
49 Оо, Жахаба, туруктуу сүйүүңдөн улам кылган иштериңди,
Ишенимдүүлүгүңдү оозанып Дөөтүгө ант берген иштериңди эмнеге азыр кылбай калдың?+
50 Оо, Жахаба, кызматчыларыңдын шылдыңга алынганын,
Менин бардык элдердин кордугуна чыдап келатканымды эстей көр.
51 Оо, Жахаба, душмандарыңдын кандай тил тийгизгенин,
Тандалганыңды жүргөн жеринин баарында кантип кордошконун эстей көр.
52 Жахаба түбөлүккө даңкталсын. Оомийн, оомийн.+