א [Алеф]
119 Түз жүргөндөр бактылуу,
Жахабанын мыйзамы боюнча жашагандар бактылуу.+
2 Анын осуяттарын аткаргандар,
Аны бүт жүрөгү менен издегендер бактылуу.+
3 Андай адамдар ыймансыздыкка барышпайт,
Кудайдын жолунда жүрүшөт.+
4 Оо, Кудай, сен бизге
Буйруктарыңды кылдат аткарууну осуят кылгансың.+
5 Көрсөтмөлөрүңдү аткарыш үчүн
Бекем бойдон калсам экен!+
6 Ошондо бардык осуяттарыңды изилдегенде уялбайм.+
7 Адил өкүмдөрүңдү таанып-билип,
Сени таза жүрөк менен даңазалайм.
8 Көрсөтмөлөрүңдү аткарам.
Мени эч качан таштаба.
ב [Бет]
9 Жигит канткенде аруу бойдон кала алат?
Сенин сөзүңө ылайык жашаганда гана ошенте алат.+
10 Мен сага бүт жүрөгүм менен кызмат кылып келем.
Осуяттарыңдан четтеп кетишиме жол бере көрбө.+
11 Сага каршы күнөө кылбашым үчүн+
Сөздөрүңдү жүрөгүмдө кенчтей сактап келем.+
12 Оо, Жахаба, даңктала көр;
Мага осуят-мыйзамдарыңды үйрөтө көр.
13 Сен чыгарган өкүмдөрдүн баарын жар салам.
14 Бардык баалуу нерселерге караганда
Сенин осуяттарыңа көбүрөөк сүйүнөм.+
15 Буйруктарың жөнүндө ой жүгүртөм,+
Жолуңа дит коём.+
16 Көрсөтмөлөрүңдү жакшы көрөм.
Сөзүңдү унутпайм.+
ג [Гимел]
17 Өмүр сүрүшүм үчүн, сөзүңдү аткарып жүрүшүм үчүн,
Кызматчыңа жакшылык кыл.+
18 Мыйзамыңда жазылган кереметтүү нерселерди даана көрүшүм үчүн,
Көзүмдү ача көр.
19 Мен бөтөн жерде жүргөн келгиндей элемин,+
Менден осуяттарыңды жашырба.
20 Өкүмдөрүңдү билгим келип,
Ар убак эңсеп кыйналам.
21 Сен текеберлерди,
Осуяттарыңдан четтеп, каргышка калгандарды айыптайсың.+
22 Мени маскаралыктан, жек көрүүдөн арылта көр,
Анткени осуяттарыңа карманып жүрөм.
23 Атүгүл төрөлөр отуруп алып мени жамандашканда да,
Кызматчың мыйзам-осуяттарың жөнүндө ой жүгүртөт.
24 Мен сенин насааттарыңды жакшы көрөм,+
Алар — менин кеңешчилерим.+
ד [Далет]
25 Мен бүк түшүп калдым.+
Өзүң убада бергендей, аман сактап кал.+
26 Кылган иштеримдин баарын сага айтып бергем, сен болсо мага багыт бергенсиң;
Мага көрсөтмөлөрүңдү үйрөт.+
27 Кереметтүү иштериң жөнүндө ой жүгүртүшүм үчүн,
Буйруктарыңдын маани-маңызын түшүнгөнгө жардам бер.+
28 Кайгыдан улам уйкум качты.
Өзүң убада кылгандай, мага күч бере көр.
29 Мени жалгандыктын жолунан алыс кыл,+
Мыйзамыңды үйрөтүп, ырайым кыл.
30 Мен ишенимдүүлүктүн жолун тандадым,+
Сенин өкүмдөрүң туура экенин билем.
31 Осуяттарыңа бекем карманам.+
Оо, Жахаба, көңүлүм кайт болбосо экен.+
32 Осуяттарыңды бүт ынтам менен аткарам,
Анткени аларды түшүнгөнгө жардам берип жатасың.
ה [Хе]
33 Оо, Жахаба, мага көрсөтмөлөрүң боюнча жашаганды үйрөт,+
Ошондо аларды өмүр бою аткарам.+
34 Мыйзамыңа ылайык жашашым үчүн,
Аны бүт жүрөгүм менен аткарышым үчүн,
Мага түшүнүк бер.
35 Осуяттарыңа карманышым үчүн, мага багыт бер,+
Анткени бул мага рахат тартуулайт.
36 Жүрөгүмдү дүнүйөкорлукка эмес,
Осуят-мыйзамдарыңа бур.+
37 Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл,+
Мени өз жолуңда аман алып жүр.
38 Адамдар сени терең урматташы үчүн,
Кызматчыңа берген убадаңды аткар.
39 Мени өзүм корккон маскаралыктан арылт,
Анткени өкүмдөрүң адилет.+
40 Карачы, буйруктарыңды аткарууну канчалык көксөп жатам.
Мени аман-эсен алып жүрө көр, анткени сен адилеттүүсүң.
ו [Вав]
41 Оо, Жахаба, мени туруктуу сүйүүңө бөлөй көр,+
Убадаңа ылайык мени куткара көр.+
42 Ошондо мени шылдыңдап, жаманатты кылганга жооп берем,
Анткени сөзүңө таянып келем.
43 Оозуман чындык сөзү түшпөгүдөй кыла көр,
Анткени акыйкат өкүм чыгарасың деп үмүттөнүп жүрөм.
44 Мыйзамыңды дайыма,
Түбөлүктөн түбөлүккө сактайм.+
45 Кайда барбайын, коопсуз болом,+
Анткени буйруктарыңды аткарганга аракет кылып келем.
46 Осуят-мыйзамдарыңды падышалардын алдында айтам,
Эч уятка калбайм.+
47 Осуяттарыңды жогору баалайм,
Аларды жакшы көрөм.+
48 Колумду жогору көтөрүп тиленем, анткени осуяттарыңды сүйөм,+
Көрсөтмөлөрүң жөнүндө ой жүгүртөм.+
ז [Зайин]
49 Кызматчыңа айткан сөзүңдү,
Үмүт байлаткан сөзүңдү эстей көр.
50 Сенин сөзүң кыйналганымда мени сооротот,+
Анткени өмүрүмдү сактап келет.
51 Менменсингендер мени аябай шылдыңдап жатышат.
Бирок мен мыйзамыңдан четтеген жокмун.+
52 Оо, Жахаба, тээ мурун чыгарган өкүмдөрүңдү эстейм,+
Ошолорду ойлоп соороном.+
53 Мыйзамыңдан четтеген ыймансыздардын айынан каарым кайнайт.+
54 Каякта жашабайын,
Көрсөтмөлөрүңдү ыр кылып ырдап жүрөм.
55 Оо, Жахаба, мыйзамыңды сакташ үчүн,
Түн ичинде ысмың жөнүндө ойлоном.+
56 Буйруктарыңды аткарып келаткандыктан,
Мунун баары менин адатым болуп калды.
ח [Хет]
57 Жахаба, сен менин үлүшүмсүң;+
Сөздөрүңдү аткарам деп убада кылгам.+
58 Сага бүт жүрөгүм менен жалынып-жалбарам;+
Өзүң убада кылгандай, мага ырайым кыл.+
59 Кайрадан насааттарыңа карманыш үчүн
Жүргөн жолумду текшердим.+
60 Осуяттарыңды аткарганга шашылам,
Аларды создуктурбай аткарам.+
61 Ыймансыздар мага тузак тартышты,
Бирок мен мыйзамыңды унуткан жокмун.+
62 Түн ортосунда туруп,+
Адил өкүмдөрүң үчүн ыраазычылык билдирем.
63 Мен сенден корккондордун,
Буйруктарыңды аткаргандардын баарына досмун.+
64 Оо, Жахаба, сенин туруктуу сүйүүң жердеги бүт нерседен көрүнүп турат;+
Мага көрсөтмөлөрүңдү үйрөт.
ט [Тет]
65 Оо, Жахаба, айткан сөзүң боюнча,
Кызматчыңа жакшылык кылып келесиң.
66 Мага акыл-эстүү болгонду үйрөт, билим бер,+
Анткени сенин осуяттарыңа ишенем.
67 Азапка малынганга чейин адашып, туура эмес иш кылып жүргөм,
Бирок азыр сөздөрүңдү аткарып жүрөм.+
68 Сен мээримдүүсүң,+ иштериң да жакшы.
Мага көрсөтмөлөрүңдү үйрөт.+
69 Менменсингендер мага жалган жалаа жаап жатышат,
Мен болсо сенин буйруктарыңды бүт жүрөгүм менен аткарам.
70 Алардын жүрөгү таш болуп, эч нерсени сезбей калган,+
Мен болсо сенин мыйзамыңды жакшы көрөм.+
71 Кыйналганым жакшы болуптур,+
Себеби ошондон улам көрсөтмөлөрүңдү аткарганды үйрөндүм.
72 Сен жарыялаган мыйзам
Мен үчүн көп алтын-күмүштөн да артык.+
י [Йод]
73 Мени сенин колуң жараткан, калыптаган.
Осуяттарыңды үйрөнүшүм үчүн,
Мага түшүнүк бер.+
74 Сенден корккондор мени көрүп кубанышат,
Анткени мен сенин сөзүңө үмүт артам.+
75 Оо, Жахаба, өкүмдөрүңдүн адил экенин,+
Мени ишеничтүү болгонуң үчүн жазалаганыңды билем.+
76 Өз кызматчыңа берген убадаңа ылайык,
Туруктуу сүйүүңдөн+ улам мени соорото көр.
77 Өмүр сүрүшүм үчүн, мага кайрымдуулук кыла көр,+
Себеби мыйзамыңды жакшы көрөм.+
78 Менменсингендер уятка калышсын,
Анткени алар жөн жерден эле мага жамандык кылып жатышат.
Мен болсо буйруктарың жөнүндө ой жүгүртөм.+
79 Сенден корккондор,
Насааттарыңды билгендер мага кайрылып келишсин.
80 Уятка калбашым үчүн,+
Көрсөтмөлөрүңө бүт жүрөгүм менен карманганга жардам бере көр.+
כ [Каф]
81 Мени куткарышыңды эңсеп жатам,+
Анткени сенин сөзүңө үмүт артам.
82 «Мени качан сооротосуң?» — деп,
Сөзүңдүн аткарылышын күтүп жатам.+
83 Мен ышталып, кагырап калган чаначтай болуп калдым,
Бирок көрсөтмөлөрүңдү унуткан жокмун.+
84 Дагы канча күн күтүшүм керек?
Мени куугунтуктагандарды качан жоопко тартасың?+
85 Мыйзамыңа ылайык жашабаган,
Менменсинген адамдар мага ор казышты.
86 Сенин осуяттарыңдын баары ишеничтүү.
Адамдар мени себепсиз эле куугунтуктап жатышат. Мага жардам бере көр!+
87 Алар аз жерден мени жер бетинен жылас кылып коё жаздашты,
Бирок мен буйруктарыңдан четтеген жокмун.
88 Сен айткан насааттарга карманышым үчүн,
Туруктуу сүйүүңдөн улам мени аман алып жүр.
ל [Ламед]
89 Оо, Жахаба, сенин сөзүң
Асманда түбөлүккө калат.+
90 Ишенимдүүлүгүң муундан муунга көрсөтүлөт.+
Сен жерди бекем орнотконсуң, ошондуктан ал ордунда турат.+
91 Буйруктарың боюнча баары ушу күнгө чейин турат,
Анткени алар сага кызмат кылат.
92 Эгер мыйзамыңды жакшы көрбөсөм,
Анда башыма түшкөн кыйынчылыктан улам жок болмокмун.+
93 Буйруктарыңды эч качан унутпайм,
Анткени ошолор аркылуу жанымды сактап жүрөсүң.+
94 Мен сага таандыкмын; мени куткара көр,+
Анткени буйруктарыңды аткарганга аракет кылып келем.+
95 Ыймансыздар мени өлтүргүсү келип жүрөт,
Мен болсо насааттарыңа бүт дитимди коём.
96 Мен жеткилең деп эсептелген бардык нерсенин чегин көргөм,
Бирок сенин осуятыңдын чеги жок.
מ [Мем]
97 Мыйзамыңды кандай гана жакшы көрөм!+
Ал жөнүндө эртеден кечке ой жүгүртөм.+
98 Осуятың мени душмандарыман акылдуу кылат,+
Анткени мени ар дайым жетектеп жүрөт.
99 Мен бардык устаттарыма караганда көбүрөөк түшүнүккө ээ болдум,+
Себеби насааттарың жөнүндө ой жүгүртөм.
100 Карыяларга караганда акыл менен иш кылам,
Анткени буйруктарыңды аткарам.
101 Сөзүңө карманып жашаш үчүн
Ар кандай жаман жолдон оолак жүрөм.+
102 Мыйзамдарыңдан четтебейм,
Анткени мага өзүң таалим берип жатасың.
103 Сөздөрүң таңдайымда таттуу,
Оозумда балдан ширин!+
104 Буйруктарыңдын аркасында акыл-эстүүлүк менен иш кылам,+
Ошон үчүн ар кандай жалган жолду жек көрөм.+
נ [Нун]
105 Сенин сөзүң — бутума чырак,
Жолума жарык.+
106 Мен адил мыйзамдарыңа карманам деп ант бергем,
Ошол антымды аткарам.
107 Мен аябай кыйналып жатам,+
Оо, Жахаба, айткан сөзүңө ылайык, мени сактай көр.+
108 Оо, Жахаба, чын көңүлдөн чыккан алкышымды кабыл ал,+
Мага мыйзамдарыңды үйрөтө көр.+
109 Өмүрүм дайыма кылдын учунда турса да,
Мыйзамыңды унуткан жокмун.+
110 Ыймансыз мага тузак салса да,
Буйруктарыңдан четтеген жокмун.+
111 Насааттарың түбөлүккө энчим болот,
Анткени алар жүрөгүмдү кубанычка толтурат.+
112 Көрсөтмөлөрүңө дайыма, аягына чейин
Баш ийүүнү чечтим.
ס [Самех]
113 Сага бүт жүрөгү менен берилбегендерди жек көрөм,+
Ал эми сенин мыйзамыңды жакшы көрөм.+
114 Сен баш калкалай турган жайымсың, калканымсың.+
Анткени сенин сөзүңө үмүт артам.+
115 Кыянатчылдар, жаныма жолобогула!+
Себеби мен Кудайымдын осуяттарын аткарам деп бек чечкем.
116 Өмүр сүрүшүм үчүн,
Айткан сөзүңө ылайык, мени колдой көр;+
Сага арткан үмүтүм таш каап, көңүлүм кайт болбосо экен.+
117 Аман калышым үчүн, мага күч-кубат бер,+
Ошондо көрсөтмөлөрүңө ар дайым дит коём.+
118 Сен көрсөтмөлөрүңдөн четтегендердин баарын четке кагасың,+
Себеби алар жалганчы, амалкөй.
119 Жер жүзүндөгү ыймансыздардын баарын пайдасы жок таштандыдай жок кыласың,+
Ошондуктан насааттарыңды жакшы көрөм.
120 Сенден корккондуктан бүткөн боюм титирейт,
Өкүмдөрүңөн корком.
ע [Айин]
121 Мен акыйкат, адил иш кылгам.
Мени эзгендердин колуна салып бере көрбө!
122 Кызматчыңа жардам берериңе кепилдик бер,
Менменсингендер мени эзбесе экен.
123 Мени куткарышыңды,
Ишеничтүү убадаңдын аткарылышын+ күтө берип көзүм талыды.+
124 Мени, кызматчыңды, туруктуу сүйүүңө бөлөй көр,+
Мага көрсөтмөлөрүңдү үйрөт.+
125 Мен сенин кызматчыңмын,
Насааттарыңды түшүнүшүм үчүн, мага түшүнүк бер.+
126 Оо, Жахаба, чара көрөр маалың келди,+
Себеби алар мыйзамыңды бузуп жатышат.
127 Мен осуяттарыңды алтындан да,
Таза алтындан да жакшы көрөм.+
128 Ошондуктан ар бир көрсөтмөңдү туура деп эсептейм,+
Жалган жолдун баарын жек көрөм.+
פ [Пе]
129 Сенин насааттарың керемет,
Ошондуктан аларга карманам.
130 Сөздөрүңдүн мааниси ачылганда, адамдар билимге ээ болот,+
Тажрыйбасыздар түшүнүккө ээ болот.+
131 Осуяттарыңды угууну эңсеп, үшкүрүнөм,
Аларды самап келем.+
132 Мага көңүл буруп, ырайым кыл,+
Анткени ысмыңды жакшы көргөндөргө сен ошондой мамиле кыласың.+
133 Сөзүң аркылуу кадамыма багыт бер, коопсуз жолдо басайын,
Мага эч кандай жаман нерсе үстөмдүк кылбасын.+
134 Мени эзгендерден куткара көр,
Ошондо буйруктарыңды аткарам.
135 Мага, кызматчыңа, ырайым кыла көр;+
Көрсөтмөлөрүңдү үйрөтө көр.
136 Адамдар мыйзамыңды сактабагандыктан,
Көзүмдүн жашы көл болду.+
צ [Цаде]
137 Оо, Жахаба, сен адилсиң,+
Өкүмдөрүң акыйкат.+
138 Насааттарың адил,
Аларга толук ишенсе болот.
139 Душмандарым сөзүңдү унутуп койгондуктан,
Сага болгон берилгендигимден улам ичим өрт болуп жатат.+
140 Сенин сөзүң таптаза,+
Мен, кызматчың, аны жакшы көрөм.+
141 Башкалар мени киши ордуна көрүшпөйт, жек көрүшөт,+
Ошентсе да буйруктарыңды унуткан жокмун.
142 Сенин адилдигиң — түбөлүктүү адилдик,+
Мыйзамың — чындык.+
143 Башыма мүшкүл түшсө да, кыйынчылык тартсам да,
Осуяттарыңды дагы деле жакшы көрөм.
144 Насааттарың түбөлүккө адилеттүү.
Өмүр сүрүшүм үчүн, мага түшүнүк бер.+
ק [Коф]
145 Сага чын жүрөгүмдөн жалбарам, оо, Жахаба, жооп бере көр.
Мен көрсөтмөлөрүңдү сактайм.
146 Сени жардамга чакырам, куткара көр!
Мен насааттарыңа карманам.
147 Таң ата электе туруп, жардам сурап жалбарам.+
Анткени сенин сөзүңө үмүт артам.
148 Сөздөрүң тууралуу ой жүгүртүш үчүн
Түн ичинде ойгоном.+
149 Туруктуу сүйүүңдөн улам үнүмдү уга көр.+
Оо, Жахаба, жанымды сактай көр, анткени сен адилеттүүсүң.
150 Уятсыз иштерге берилгендер жаныма жакын келишти,
Алар — мыйзамыңды четке каккандар.
151 Оо, Жахаба, сен мага жакынсың,+
Осуяттарыңдын баары туура.+
152 Мыйзамдарыңды түбөлүккө бекиткениңди
Мурунтан бери эле билем.+
ר [Реш]
153 Кыйналганыма назар салып, мени куткара көр,+
Анткени мыйзамыңды унуткан жокмун.
154 Мени корго, мени куткар,+
Берген убадаң боюнча жанымды сакта.
155 Ыймансыздар куткарылбайт,
Анткени көрсөтмөлөрүңдү аткаргысы келбейт.+
156 Оо, Жахаба, сенин кайрымдуулугуң чексиз,+
Жанымды сактай көр, анткени сен адилеттүүсүң.
157 Мени куугунтуктагандар, мага душман болгондор көп,+
Бирок мен насааттарыңдан четтеген жокмун.
158 Саткындарды жек көрө карайм,
Анткени алар сенин сөзүңдү аткарышпайт.+
159 Буйруктарыңды канчалык жакшы көрөрүмө көңүл бура көр!
Оо, Жахаба, туруктуу сүйүүңдөн улам жанымды сактай көр.+
160 Сенин сөзүңдүн маңызы — чындык,+
Адил өкүмдөрүңдүн бардыгы түбөлүктүү.
ש [Син] же [Шин]
161 Төрөлөр мени себепсиз эле куугунтуктап жатышат,+
Бирок мен сөзүңдү жүрөгүмдө кастарлайм.+
162 Чоң олжого ээ болгон бирөөдөй,
Сенин сөзүңө кубанам.+
163 Жалгандыкты жек көрөм, андан жийиркенем,+
Ал эми мыйзамыңды жакшы көрөм.+
164 Адил өкүмдөрүң үчүн
Сени бир күндө жети жолу даңктайм.
165 Мыйзамыңды жакшы көргөндөр мол тынчтыкка бөлөнөт,+
Алар эч нерсеге мүдүрүлбөйт.
166 Оо, Жахаба, мени куткарарыңа үмүттөнөм,
Осуяттарыңды аткарып келем.
167 Насааттарыңа карманам,
Аларды аябай жакшы көрөм.+
168 Буйруктарың менен насааттарыңа ылайык иш кылам,
Себеби сен эмне кылып жатканымдын баарын билесиң.+
ת [Тав]
169 Оо, Жахаба, жардам сурап зарлаган үнүм сага жетсе экен.+
Сөзүң аркылуу мага түшүнүк бер.+
170 Ырайым кылышыңды өтүнгөнүмдү уга көр.
Өзүң убада кылгандай, мени сактай көр.
171 Оозумдан сени даңктаган сөздөр оргуштап чыксын,+
Анткени мага көрсөтмөлөрүңдү үйрөтүп жатасың.
172 Тилим сөзүңдү ыр кылып ырдасын,+
Анткени осуяттарыңдын баары адил.
173 Колуң мага жардам бергенге даяр турсун,+
Анткени мен буйруктарыңды аткарууну чечтим.+
174 Оо, Жахаба, мени куткарышыңды эңсеп келем,
Мыйзамыңды жакшы көрөм.+
175 Жанымды сактай көр, сени даңктайын,+
Мыйзамдарың мага жардам болсун.
176 Мен жоголгон койдой адашып жүрөм.+ Кызматчыңды издеп таба көр,
Анткени мен осуяттарыңды унуткан жокмун.+