Лука
11 Күндөрдүн биринде Иса бир жерге барып, Кудайдан тиленди. Тиленип бүткөндө, шакирттеринин бири ага: «Мырзам, Жакан шакирттерине үйрөткөндөй, сен да бизге Кудайдан тиленгенди үйрөтчү»,— деди.
2 Ошондо Иса аларга: «Кудайдан тиленип жатканыңарда: „Атабыз, ысмың ыйык тутулсун*.+ Падышалыгың келсин.+ 3 Бизге күнүмдүк ырыскыбызды* күн сайын бере көр.+ 4 Биз өзүбүзгө каршы күнөө кылгандардын* ар бирин кечиргендей,+ биздин да күнөөлөрүбүздү кечире көр.+ Ошондой эле азгырылышыбызга жол бере көрбө“,— деп айткыла»,— деди.+
5 Анан сөзүн мындай деп улады: «Араңардан бирөөңөр түн ортосунда досуңарга бардыңар деп коёлу. Анан ага: „Досум, үч нан берип турчу. 6 Жол жүрүп келаткан бир досум келип калыптыр, дасторконго койгонго эч нерсем жок болуп жатат“,— дейсиңер. 7 Бирок досуңар ичкериден: „Тынчымды албачы. Эшикти бекитип, бала-чакам менен жатып алгам. Тура албайм, сага эч нерсе да бере албайм“,— деп жооп берет. 8 Айтып коёюн, ал досуңар болгону үчүн ордунан туруп, бир нерсе бербесе да, кайра-кайра сураганыңардан+ улам туруп, сураган нерсеңерди берет. 9 Ошондуктан силерге айтарым: кайра-кайра сурай бергиле,+ ошондо силерге берилет; издей бергиле, ошондо табасыңар; тыкылдата бергиле, ошондо эшик ачылат.+ 10 Анткени ар бир сураган адам алат,+ издеген табат, тыкылдатканга эшик ачылат. 11 Араңардагы кайсы ата, уулу балык сураса, анын ордуна жылан берет?+ 12 Же жумуртка сураса, чаян берет? 13 Эгер силер күнөөкөр пенде болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун кантип бербей койсун?!»+
14 Кийинчерээк Иса бир кишинин ичинен аны дудук кылган жинди кууп чыгарды.+ Жин чыккандан кийин, дудук киши сүйлөй баштады. Буга элдин баары таң калды.+ 15 Бирок кээ бирөөлөр: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысы Шайтандын* жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешти.+ 16 Башкалары болсо аны сынаш үчүн асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.+ 17 Алардын оюн билип,+ Иса мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө да бузулат. 18 Ошол сыяктуу эле, эгер Шайтан өзүнө өзү каршы чыкса, анын падышалыгы кантип кыйрабай бекем тура алат? Силер болсо мени жиндерди Шайтандын жардамы менен кууп чыгарып жатат дейсиңер. 19 Эгерде мен жиндерди Шайтандын жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин шакирттериңер кимдин жардамы менен кууп чыгарып жатышат? Ошон үчүн айткандарыңардын туура эмес экенин ошолор ашкерелейт. 20 Эгер мен жиндерди Кудайдын күчү*+ менен кууп чыгарып жатсам, анда Кудайдын Падышалыгы келип калганы анык, бирок силер муну баамдаган жоксуңар*.+ 21 Үйүн кайтарган киши жакшы куралданган болсо, күчтүү болсо, мүлкүн эч ким уурдай албайт. 22 Бирок андан күчтүүрөөк бирөө кол салса, жеңип алат да, таянган бүт курал-жарагын тартып алат. Анан тоноп алгандарын башкалар менен бөлүшөт. 23 Ким мен тарапта болбосо, ал мага каршы. Ким мени менен жыйнабаса, ал чачкан болот.+
24 Адамдын ичинен чыккандан кийин жин өзүнө жай издеп, кургак жерлердин баарын кыдырат. Бирок бир да жай таппай: „Чыккан үйүмө эле кайра барайын“,— дейт.+ 25 Кайтып келип, анын шыпырылып, жасалгаланганын көрөт. 26 Анан барып, өзүнөн да каардуу жети жинди ээрчитип келет да, баары ичине кирип, жашап калышат. Ошондо тиги адамдын абалы мурункусунан да жаман болот».
27 Иса ушул сөздөрдү айтып жатканда, элдин арасынан бир аял үнүн бийик чыгарып: «Сени курсагына көтөрүп, эмизген эне бактылуу!» — деди.+ 28 Иса болсо: «Жок, Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айтты.+
29 Көп эл чогулганда, ал мындай деди: «Бул муун — ыймансыз муун, дайыма эле жышаан көрсөт деп талап кыла берет. Бирок ага Жунус пайгамбардыкынан башка жышаан көрсөтүлбөйт.+ 30 Жунус+ нинебиликтер үчүн жышаан болгондой эле, адам Уулу да бул муун үчүн жышаан болот. 31 Сот күнүндө түштүк канышасы+ бул муундагылар менен бирге тирилип, аларды айыптайт. Анткени ал Сулаймандын даанышман сөздөрүн угуш үчүн жердин түбүнөн келген. Ал эми бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар.+ 32 Нинебиликтер Сот күнүндө бул муун менен бирге тирилип, аны айыпташат. Анткени алар Жунустун кабарын угуп өкүнүшкөн.+ Ал эми бул жерде Жунустан да улук бирөө бар. 33 Чыракты күйгүзгөндөн кийин эч ким аны көрүнбөгөн жерге койбойт же үстүнө себет көмкөрүп койбойт. Үйдөгүлөргө жарык болуш үчүн, аны чыракпаяга коёт.+ 34 Дененин чырагы — көз. Эгер көзүң бир эле нерсеге багытталса*, бүт денең жарык болот. Эгер көзүң жаман нерсеге багытталса*, денең караңгы болот.+ 35 Ошондуктан сак бол: сендеги жарык караңгылык болуп жүрбөсүн. 36 Эгер денеңдин эч бир жери караңгы болбой, толугу менен жарык болсо, анда бүт денең чырактын жарыгы жаркырап тургандагыдай жарык болот».
37 Иса ушуларды айтып бүткөндө, бир фарисей аны тамакка чакырды. Ал барып, дасторконго отурду. 38 Фарисей анын тамактын алдында кол жуу каадасын аткарбаганын көрүп таң калды.+ 39 Ошондо Иса мындай деди: «Силер сырты таза, бирок ичи кир чөйчөк менен табакка окшошсуңар. Себеби ичиңер ач көздүккө, ыймансыздыкка толгон.+ 40 Акылсыздар! Сыртын ким жаратса, ичин да ошол жараткан эмеспи? 41 Жакырларга берген кайыр-садагаңар жүрөгүңөрдөн чыксын. Ошондо бардык жагынан таза болосуңар. 42 Фарисейлер, башыңарга каран түн түшөт! Анткени жалбыздын, адырашмандын жана ар кандай бакча өсүмдүктөрүнүн* ондон бир бөлүгүн тартуу кыласыңар да,+ адилеттүүлүккө, Кудайга болгон сүйүүгө маани бербейсиңер! Тигини да кылып, башкаларын да көз жаздымында калтырбашыңар керек эле.+ 43 Фарисейлер, башыңарга каран түн түшөт! Анткени сыйынуу жайларында алдыңкы орундарда отурганды, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын жакшы көрөсүңөр.+ 44 Башыңарга каран түн түшөт! Себеби силер билинбей калган*, адамдар байкабай, үстүнөн басып жүрө берген мүрзөлөргө окшошсуңар».+
45 Ошондо Мусанын Мыйзамын кыйын билгендердин бири: «Устат, бул сөздөрүң менен бизге да сөз тийгизип жатасың»,— деди. 46 Буга Иса мындай деди: «Мусанын Мыйзамын кыйын билгендер, силердин башыңарга да каран түн түшөт! Анткени башкаларга көтөрө алгыс жүктөрдү артып коёсуңар, өзүңөр болсо колуңардын учун да тийгизип койбойсуңар.+
47 Башыңарга каран түн түшөт! Анткени пайгамбарларга күмбөз тургузасыңар. Аларды болсо ата-бабаларыңар өлтүргөн.+ 48 Ата-бабаларыңардын кандай иштерди кылганын билсеңер да, ошол иштерин туура көрөсүңөр: алар пайгамбарларды өлтүргөн,+ силер болсо ал пайгамбарларга күмбөз тургузуп жатасыңар. 49 Ошондуктан даанышман Кудай мындай деген: „Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем. Алар болсо айрымдарын өлтүрүшөт, башкаларын куугунтукташат. 50 Ошентип, бул муун адамзат дүйнөсү жаралгандан* берки пайгамбарлардын төгүлгөн каны үчүн,+ 51 адил Абылдан+ тартып курмандык жайы менен ибадаткананын ортосунда өлтүрүлгөн Закарыяга чейинки пайгамбарлардын каны үчүн, жооп берет“.+ Силерге айтып коёюн, алардын каны үчүн ушул муун жооп берет.
52 Мусанын Мыйзамын кыйын билгендер, башыңарга каран түн түшөт! Анткени Кудай жөнүндөгү билимдин ачкычын алып алып, өзүңөр да кирбей*, киргиси келгендерди да киргизбей жатасыңар».+
53 Иса ал жерден чыкканда, диний мыйзамдарды окуткандар менен фарисейлер аны туш-туштан кысымга алып, дагы башка суроолорду жаадыра башташты. 54 Алар ошентип аны сөзүнөн кармаштын айласын издеп жатышты.+