15 Жумшак жооп каарды басат,+
Ал эми орой сөз ачууну козгойт.+
2 Акылдуу билимин туура колдонуп сүйлөйт,+
Акылсыздын оозунан болсо акылсыздык оргуп чыгат.
3 Жахабанын көзү бардык жерде эмне болуп жатканын көрүп турат,
Ал жамандарды да, жакшыларды да көрүп турат.+
4 Жылуу-жумшак сөз өмүр дарагындай,+
Ал эми жалган сөз көңүлдү чөктүрөт.
5 Акылсыз атасынын акыл-насаатын барктабайт,+
Баамчыл киши болсо оңдоп-түзөгөндө аны кабыл алат.+
6 Адил кишинин үйү мүлккө толот,
Ал эми ыймансыздын кирешеси өзүнө кыйынчылык алып келет.+
7 Акылдуулар билимди жайылтат,+
Акылсыздар болсо антпейт.+
8 Ыймансыздардын чалган курмандыгы Жахаба үчүн жийиркеничтүү,+
Ал эми чынчылдардын тиленгени ага жагат.+
9 Жахаба ыймансыздын жолунан жийиркенет,+
Адилдикке умтулгандарды болсо жакшы көрөт.+
10 Түз жолдон чыккан киши оңдоп-түзөгөндү жактырбайт;+
Ашкерелөөнү жек көргөн киши өмүрүнөн айрылат.+
11 Жахаба көр менен сөөктөр чирий турган жайды көрүп турса,+
Анда адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин ого бетер көрбөйбү?!+
12 Шылдыңчыл аны оңдоп-түзөгөн кишини жаман көрөт.+
Ал акылдуулар менен кеңешпейт.+
13 Жүрөктөгү кубанычтан адамдын жүзү нурданат,
Ал эми жүрөктөгү кайгыдан көңүлү чөгүп кыйналат.+
14 Түшүнүгү бар киши билим издейт,+
Акылсыздар акылсыздыкты сүйлөгөндү жакшы көрөт.+
15 Кыйналган кишинин бардык күндөрү кайгылуу,+
Ал эми жүрөгү кубанычка толгон киши дайыма той бергендей жайдары.+
16 Байлыкка тунуп, тынчсызданып жашагандан көрө,+
Аз эле нерсең болсо да, Жахабадан коркуп жашаган артык.+
17 Жек көрүүчүлүк бар жерде семиз буканын этин жегенден көрө,+
Сүйүү бар жерде жашылча тамак жеген артык.+
18 Ачуусу чукул киши уруш чыгарат,+
Ал эми сабыр сактаган киши чатакты басат.+
19 Жалкоонун жолу тикенекке толгон,+
Ал эми чынчылдардын жолу тегиз.+
20 Акылдуу уул атасын кубантат,+
Акылсыз болсо энесин баркка албайт.+
21 Акылсыз акылсыздыкка кубанат,+
Ал эми кыраакы киши түз жүрөт.+
22 Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт,
Кеңешчилер көп болсо, ийгиликтүү ишке ашат.+
23 Адам жакшы жооп бергенине кубанат;+
Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!+
24 Түшүнүп иш кылган киши өргө кеткен өмүр жолунда,+
Ал жол аны төмөндөгү көрдөн алыс кылат.+
25 Жахаба бой көтөргөндөрдүн үйүн кыйратат,+
Ал эми жесирдин жеринин чегин коргойт.+
26 Ыймансыздын ой-ниети Жахаба үчүн жийиркеничтүү,+
Ал эми жакшы сөз ага жагат.+
27 Арам жол менен пайда тапкан өз үй-бүлөсүн азапка салат,+
Ал эми параны жек көргөн узак жашайт.+
28 Адил киши ойлонуп жооп берет,+
Ыймансыздын оозунан болсо жаман сөздөр оргуп чыгат.
29 Жахаба ыймансыздардан алыс,
Ал эми адил кишилердин тиленгенин угат.+
30 Нур чачырап турган көздөр жүрөктү кубантат,
Жакшы кабар дем-күчкө толтурат.+
31 Ашкерелөө өмүрдү сактап кала алат,
Ага кулак каккан киши акылдуу болот.+
32 Оңдоп-түзөөнү четке каккандар өз өмүрүн баалабайт,+
Ал эми ашкерелөөгө кулак салгандар акылдуу болот.+
33 Жахабадан корксоң, акылмандыкка үйрөнөсүң,+
Момун болсоң, даңкка бөлөнөсүң.+