Матай
10 Иса 12 шакиртин чакырып, аларга ар кандай оору-дарттарды айыктырганга,+ жиндерди кууп чыгарганга бийлик берди.
2 Анын 12 элчиси* булар:+ биринчиси Петир деген да аты бар Симон+ жана анын бир тууганы Андрес,+ ошондой эле Зебедейдин уулу Жакып менен анын бир тууганы Жакан,+ 3 Филип менен Барталамей*,+ Томас+ жана салык жыйнаган Матай*,+ Алпейдин уулу Жакып менен Тадай*, 4 Симон Кананей* жана кийинчерээк Исаны сатып кеткен Жүйүт Искариот.+
5 Ушул 12 шакиртин элге жиберип жатып Иса мындай көрсөтмөлөрдү берди:+ «Башка элдерге алып бара турган жолго түшпөгүлө, самариялыктардын бир да шаарына кирбегиле.+ 6 Анын ордуна, жоголгон койлорго окшогон ысрайылдыктарга кайра-кайра баргыла.+ 7 Баратып: „Асман Падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айткыла.+ 8 Оорулууларды айыктыргыла,+ өлгөндөрдү тирилткиле, пес оорулууларды сакайткыла, жиндерди кууп чыгаргыла. Бекер алдыңарбы, бекер бергиле. 9 Жолго чыкканда белиңердеги акча салган баштыгыңарга алтын, күмүш же жез тыйын салбагыла.+ 10 Ошондой эле азык салынган баштыгыңарды, эки кийим*, кошумча сандал же таяк албагыла,+ себеби эмгектенген адам ичип-жегенге татыктуу.+
11 Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, ал жактан силерди жакшы кабыл ала турган адамдарды* издеп тапкыла, анан кеткиче ошолордукунда болгула.+ 12 Үйгө киргениңерде ал үйдө жашагандар менен саламдашкыла*. 13 Эгерде силерди жакшы кабыл алса, ал үйгө силер каалаган тынчтык консун,+ ал эми кабыл албаса, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келсин. 14 Кайсы бир жерде силерди кабыл алышпаса же сөзүңөрдү укпай коюшса, ал үйдөн же шаардан чыгып баратканыңарда бутуңардагы чаңды күбүп салгыла*.+ 15 Ишенип койгула, Сот күнүндө* ал шаардын жазасына караганда Содом менен Амордун+ жазасы жеңилирээк болот.
16 Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жиберип жатам. Ошон үчүн жыландай сак, ошол эле учурда көгүчкөндөй куулук-шумдугу жок* болгула.+ 17 Сак болгула, анткени адамдар силерди сотко беришет,+ сыйынуу жайларында+ уруп-сабашат.+ 18 Ошондой эле мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат.+ Бул аларга жана башка элдерге ишенген нерселериңер жөнүндө айтып беришиңер үчүн болот.+ 19 Силерди сотко беришкенде, эмне айтарыңарды, кантип айтарыңарды ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эмне айтышты ошол учурда билесиңер.+ 20 Себеби силер өзүңөр эле сүйлөбөйсүңөр, силерге асмандагы Атаңардын ыйык руху жардам берет.+ 21 Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энесине каршы чыгып, аларды өлүмгө кыйышат.+ 22 Мен* үчүн баарына жек көрүндү болосуңар,+ бирок ким туруктуу болуп, акырына чейин чыдаса, ал куткарылат.+ 23 Силерди бир шаарда куугунтукташса, башкасына качкыла.+ Ишенип койгула, адам Уулу келгенге чейин, Ысрайылдын бардык шаарларын кыдырып чыкканга жетишпейсиңер.
24 Шакирт устатынан, кул кожоюнунан жогору эмес.+ 25 Шакиртке устатындай, кулга кожоюнундай болгону жетиштүү.+ Эгер үй ээсин Шайтан*+ деп аташса, анда үйүндөгүлөрүн да ошентип аташпайбы? 26 Ошондуктан адамдан коркпогула, анткени ачылбай кала турган жашыруун эч нерсе жок, билинбей кала турган эч бир сыр жок.+ 27 Силерге караңгыда айткандарымды жарыкта айткыла, шыбырап айткандарымды үйдүн төбөсүнөн жарыялагыла.+ 28 Денени өлтүрүп, бирок өмүрдү* тартып ала албай тургандардан коркпогула.+ Андан көрө, өмүрдү да, денени да гээнада* жок кыла ала тургандан корккула.+ 29 Эки таранчы наркы өтө төмөн бир тыйынга* эле сатылат эмеспи. Анткен менен алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат.+ 30 Силердин болсо атүгүл чачыңардын ар бир талы саналуу. 31 Ошондуктан коркпогула: силер көп таранчыдан алда канча баалуусуңар.+
32 Ким менин жолдоочум экенин башкалардын алдында ачык билдирсе,+ мен да анын менин жолдоочум экенин асмандагы Атамдын алдында ачык билдирем.+ 33 Ал эми ким башкалардын алдында менден баш тартса, мен да андан асмандагы Атамдын алдында баш тартам.+ 34 Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула; тынчтык эмес, кылыч алып келдим.+ 35 Себеби мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүш үчүн келдим.+ 36 Ооба, адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот. 37 Ким атасын же энесин менден артык көрсө, шакиртим болгонго татыктуу эмес. Ким уулун же кызын менден артык көрсө, шакиртим болгонго татыктуу эмес.+ 38 Ошондой эле ким өзүнүн жаза устунун* көтөрүп, артымдан ээрчибесе, шакиртим болгонго татыктуу эмес.+ 39 Ким жанын сактап калгысы келсе, андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жанынан айрылса, аны сактап калат*.+
40 Ким силерди кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот, ал эми ким мени кабыл алса, мени жибергенди да кабыл алган болот.+ 41 Ким пайгамбарды пайгамбар болгону үчүн кабыл алса, пайгамбардыкындай сыйлык алат,+ ошондой эле ким адил адамды адил болгону үчүн кабыл алса, адил адамдыкындай сыйлык алат. 42 Ким шакирттеримдин* бирине, менин шакиртим болгону үчүн, бир эле чыны муздак суу берсе, ишенип койгула, ал сыйлыксыз калбайт».+