Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Еврейлерге 9
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Еврейлерге. Мазмуну

      • Жердеги ыйык жайда сыйынуу (1—10)

      • Машаяк асманга өзүнүн каны менен кирген (11—28)

        • Жаңы келишимдин арачысы (15)

Еврейлерге 9:1

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 25:8

Еврейлерге 9:2

Шилтемелер

  • *

    Же: «Кудайдын алдында турушу керек болгон нандар».

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 26:33
  • +Сн 4:9
  • +Чг 40:22—24

Еврейлерге 9:3

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 36:35
  • +Чг 26:31, 33

Еврейлерге 9:4

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 16:12; Аян 8:3
  • +Чг 25:10, 11
  • +Чг 40:21
  • +Чг 16:33
  • +Сн 17:10
  • +Чг 32:15

Еврейлерге 9:5

Шилтемелер

  • *

    Жогорку даражалуу периштелер.

  • *

    Же: «күнөөдөн арылтуу бөлмөсүнө». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 25:18, 22; Сн 7:89

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Таза сыйынуу», 138-б.

Еврейлерге 9:6

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 24:3, 4

Еврейлерге 9:7

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 16:2
  • +Лб 16:6, 11
  • +Лб 16:15
  • +Чг 30:10; Лб 16:14

Еврейлерге 9:8

Шилтемелер

  • *

    Сыягы, бул асмандагы ыйык жайды билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Ев 10:19, 20

Еврейлерге 9:9

Байланышы бар аяттар

  • +Кл 2:16, 17; Ев 8:5; 10:1
  • +Лб 23:37, 38
  • +Гл 3:21; Ев 7:11, 19

Еврейлерге 9:10

Шилтемелер

  • *

    Адамдар менен буюмдарды Мусанын Мыйзамына ылайык тазартууну билдирет.

  • *

    Сөзмө-сөз: «денеге».

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 30:17—19
  • +Сн 19:13

Еврейлерге 9:11

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    7/2020, 31-б.

Еврейлерге 9:12

Байланышы бар аяттар

  • +Ев 12:24; 13:20
  • +Дн 9:24; Мт 20:28; Тм1к 2:5, 6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Жолдоочум бол», 183—184-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/7/1998, 21—22-бб.

Еврейлерге 9:13

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 16:6, 15
  • +Сн 19:9, 17, 19

Еврейлерге 9:14

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «өлүк иштерди».

  • *

    Сөзмө-сөз: «түбөлүктүү рухтун».

Байланышы бар аяттар

  • +Пт1к 1:18, 19
  • +Жн1к 1:7
  • +Рим. 12:1

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/5/2006, 14—15-бб.

    1/2/1999, 16-б.

Еврейлерге 9:15

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «чакырылгандарга».

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 8:17
  • +Лк 22:20; Тм1к 2:5; Ев 12:22, 24
  • +Мт 20:28

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2008, 13—14-бб.

    1/2/1999, 15—16-бб.

Еврейлерге 9:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/10/2008, 32-б.

Еврейлерге 9:19

Шилтемелер

  • *

    Же: «түрмөгүнө».

Еврейлерге 9:20

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 24:6—8

Еврейлерге 9:21

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 29:12; Лб 8:15

Еврейлерге 9:22

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 17:11
  • +Лб 9:7—9

Еврейлерге 9:23

Байланышы бар аяттар

  • +Ев 8:5; 9:9
  • +Лб 16:19, 20

Еврейлерге 9:24

Байланышы бар аяттар

  • +Кл 2:16, 17
  • +Ев 8:1, 2
  • +Ев 6:19, 20; 9:12
  • +Лб 16:15; Рим. 8:34

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/2/2000, 11—12-бб.

    «Жолдоочум бол», 183—184-бб.

Еврейлерге 9:25

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 16:2, 34

Еврейлерге 9:26

Шилтемелер

  • *

    Бул Адам ата менен Обо эненин балдары төрөлө баштаган убакты билдирет.

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 9:24; Ев 7:27; Пт1к 3:18

Еврейлерге 9:28

Шилтемелер

  • *

    Же: «көптөрдүн күнөөлөрүн алып кетиш үчүн».

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 53:12; Рим. 6:10; Пт1к 2:24
  • +Тм2к 4:8; Тит 2:13

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «1998-жыл. Изилдөө үчүн макалалар 1 (br1)»,

    1/2/1999, 15—16-бб.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Евр. 9:1Чг 25:8
Евр. 9:2Чг 26:33
Евр. 9:2Сн 4:9
Евр. 9:2Чг 40:22—24
Евр. 9:3Чг 36:35
Евр. 9:3Чг 26:31, 33
Евр. 9:4Лб 16:12; Аян 8:3
Евр. 9:4Чг 25:10, 11
Евр. 9:4Чг 40:21
Евр. 9:4Чг 16:33
Евр. 9:4Сн 17:10
Евр. 9:4Чг 32:15
Евр. 9:5Чг 25:18, 22; Сн 7:89
Евр. 9:6Лб 24:3, 4
Евр. 9:7Лб 16:2
Евр. 9:7Лб 16:6, 11
Евр. 9:7Лб 16:15
Евр. 9:7Чг 30:10; Лб 16:14
Евр. 9:8Ев 10:19, 20
Евр. 9:9Кл 2:16, 17; Ев 8:5; 10:1
Евр. 9:9Лб 23:37, 38
Евр. 9:9Гл 3:21; Ев 7:11, 19
Евр. 9:10Чг 30:17—19
Евр. 9:10Сн 19:13
Евр. 9:12Ев 12:24; 13:20
Евр. 9:12Дн 9:24; Мт 20:28; Тм1к 2:5, 6
Евр. 9:13Лб 16:6, 15
Евр. 9:13Сн 19:9, 17, 19
Евр. 9:14Пт1к 1:18, 19
Евр. 9:14Жн1к 1:7
Евр. 9:14Рим. 12:1
Евр. 9:15Рим. 8:17
Евр. 9:15Лк 22:20; Тм1к 2:5; Ев 12:22, 24
Евр. 9:15Мт 20:28
Евр. 9:20Чг 24:6—8
Евр. 9:21Чг 29:12; Лб 8:15
Евр. 9:22Лб 17:11
Евр. 9:22Лб 9:7—9
Евр. 9:23Ев 8:5; 9:9
Евр. 9:23Лб 16:19, 20
Евр. 9:24Кл 2:16, 17
Евр. 9:24Ев 8:1, 2
Евр. 9:24Ев 6:19, 20; 9:12
Евр. 9:24Лб 16:15; Рим. 8:34
Евр. 9:25Лб 16:2, 34
Евр. 9:26Дн 9:24; Ев 7:27; Пт1к 3:18
Евр. 9:28Ыш 53:12; Рим. 6:10; Пт1к 2:24
Евр. 9:28Тм2к 4:8; Тит 2:13
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
Ыйык Китеп
Еврейлерге 9:1—28

Еврейлерге

9 Мурунку келишим боюнча, ыйык кызматка байланышкан мыйзамдар жана Кудайга сыйыныш үчүн жерде ыйык жай+ болгон. 2 Ал ыйык чатыр эки бөлүктөн турган. «Ыйык жай»+ деп аталган биринчи бөлүгүндө чыракпая,+ үстөл жана ыйык нандар* турчу.+ 3 Экинчи көшөгөнүн+ артында болсо «Ыйыктын ыйыгы»* деп аталган экинчи бөлүгү жайгашкан болчу.+ 4 Ал жакта жыпарзат түтөтүлчү алтын идиш,+ бүт бойдон алтын менен капталган+ келишим сандыгы*+ турчу. Сандыктын ичинде манна салынган алтын кумара,+ Арундун бүчүр байлаган таягы+ жана келишим жазылган лооктор+ бар эле. 5 Ал эми сандыктын үстүнө укмуштуудай жасалган керуптар* орнотулган болчу, алардын көлөкөсү элдештирүү капкагына* түшүп турчу.+ Бирок азыр буларга майда-чүйдөсүнө чейин токтоло турган учур эмес.

6 Бардыгы ушинтип даярдалган, ошондон тартып дин кызматчылар күн сайын чатырдын биринчи бөлүгүнө кирип, ыйык кызматын аткарып келишкен.+ 7 Экинчи бөлүгүнө болсо жылына бир эле жолу башкы дин кызматчы гана кирчү.+ Ал өзү үчүн+ жана элдин билбей жасаган күнөөлөрү үчүн+ чалынган курмандыктардын канын алып кирчү.+ 8 Ошентип, Кудай ыйык руху аркылуу айкын кылгандай, ошол биринчи чатыр турганда, Ыйыктын ыйыгына* киргенге жол ачыла элек болчу.+ 9 Жердеги ал чатыр азыр болуп жаткан нерселерди билдирет+ жана ага байланышкан чарага ылайык, Кудайга тартуулар алынып келип, курмандыктар чалынып жатат.+ Бирок алар Кудайга кызмат кылган адамдын абийирин толугу менен тазалай албайт.+ 10 Алар тамак-ашка, ичимдикке, ошондой эле тазартуу* расмилерине гана тиешелүү.+ Мыйзамдын бул талаптары жердеги нерселерге* тиешелүү болуп,+ Кудай баарын оңдой турган убак келгенге чейин күчүндө болмок.

11 Ал эми Машаяк бизди азыр биз ээ болгон баталарга жеткирген башкы дин кызматчы болуп, адам баласы тургузбаган, тактап айтканда, жерде курулбаган, мурункудан алда канча мыкты, улуу чатырга кирген. 12 Ал Ыйыктын ыйыгына текелердин, букачарлардын канын эмес, өзүнүн канын алып кирген;+ ал бир эле жолу кирип, түбөлүккө куткарылышыбызга жол ачкан.+ 13 Дин кызматчылар текелер менен букалардын канын,+ өрттөлгөн кунажындын күлүн арамдалып калгандардын үстүнө чачып, аларды Кудайдын көз алдында таза, ыйык кылышчу.+ 14 Эгер ошондой курмандыктар адамдарды тазалаган болсо, анда Машаяктын каны+ ого бетер зор күчкө ээ эмеспи?! Тирүү Кудайга ыйык кызмат кыла алышыбыз үчүн, анын каны абийирибизди тазартып, мурун кылып келген жаман иштерибизди* кылбай калабыз.+ Анткени Кудайдын ыйык рухунун* жардамы менен Иса өз өмүрүн Кудайга кемтиксиз курмандык катары тартуулаган.+

15 Мына ошондуктан Кудай өзү тандап алгандарга* анын түбөлүк мурас жөнүндөгү убадасы берилиши үчүн,+ Машаяк жаңы келишимдин арачысы болгон.+ Бул Машаяктын өлүмүнүн аркасында ишке ашкан.+ Ал кун төлөп, аларды мурунку келишимдин тушунда жасаган күнөөлөрүнөн арылтыш үчүн өлгөн. 16 Себеби Кудай менен келишим түзүлгөндө, ортомчу өлүшү керек. 17 Келишим өлүмдөн кийин гана күчүнө кирет, ортомчу тирүү кезде күчүнө кирбейт. 18 Ошондуктан мурунку келишим да кан менен бекитилген. 19 Муса Мыйзамдагы осуяттардын баарын элге айтып бүткөндөн кийин ачык кызыл түстөгү жүндү иссоп өсүмдүгүнө ороп, букачарлар менен текелердин суу аралаштырылган канына малып, аны келишим китебине* жана бүт элге чачыраткан. 20 Анан: «Бул кан Кудай силерге аткаргыла деп буйрук кылган ушул келишимди бекитет»,— деген.+ 21 Ошондой эле ыйык кызматта колдонулган бардык идиштер менен чатырга да чачыраткан.+ 22 Ооба, Мыйзам боюнча, дээрлик бардык нерсе кан менен тазартылат.+ Кан төгүлмөйүнчө, күнөөлөр кечирилбейт.+

23 Ошондуктан асмандагы нерселердин көчүрмөлөрү+ ушундай жол менен,+ ал эми асмандагы нерселердин өзү алда канча жакшы курмандык аркылуу тазартылышы керек болчу. 24 Ошон үчүн Машаяк чыныгы ыйык жайдын үлгүсү боюнча+ жасалган Ыйыктын ыйыгына эмес,+ асмандын өзүнө кирип,+ азыр биз үчүн Кудайдын алдында турат.+ 25 Башкы дин кызматчы Ыйыктын ыйыгына өзүнүн эмес, курмандыкка чалынган малдын канын жыл сайын алып кирчү.+ Андан айырмаланып, Машаякка өзүн кайра-кайра курмандыкка чалыштын кереги жок. 26 Болбосо ага адамзат дүйнөсү жаралгандан* бери көп жолу азап чеккенге туура келмек. Ал өзүн курмандыкка чалып, күнөөнү жок кылыш үчүн бул замандын* аяк ченинде бир эле жолу келген.+ 27 Адамдар бир эле жолу өлүп, андан кийин Кудай аларды соттогондой эле, 28 Машаяк да көптөрдү күнөөдөн арылтыш үчүн* өзүн бир жолу, биротоло курмандыкка чалган.+ Экинчи жолу келгенде күнөөнү жок кылыш үчүн келбейт, куткарылыш үчүн аны чыдамсыздык менен күтүп жаткандарга көрүнүш үчүн келет.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү