Элчилер
10 Кесарияда Корнелий деген бир киши жашачу. Ал италиялык аскер тобунда* жүз башы болчу. 2 Корнелий бүт үйүндөгүлөрү менен Кудайдан корккон динчил киши эле. Ал бей-бечараларга көп жакшылык кылып, Кудайдан дайыма жалынып тиленчү. 3 Бир күнү ал түштөн кийинки саат үчтөрдө*+ аян алды. Аянда Кудайдын периштесин даана көрдү. Периште ага келип: «Корнелий!» — деди. 4 Коркуп кеткен Корнелий периштени карап туруп калды да: «Угуп жатам, Мырзам»,— деди. Периште: «Кудай андан тиленгенде айтып жүргөн сөздөрүңдү укту, бей-бечараларга кайрымдуулук кылып жүргөнүңдү көз жаздымында калтырган жок*.+ 5 Ошон үчүн Жапага киши жиберип, Петир деген да аты бар Симонду чакырт. 6 Ал деңиздин жээгинде жашаган тери иштеткен Симондун үйүндө конок болуп жүрөт»,— деди. 7 Периште кетери менен, Корнелий эки кызматчысын жана жардамчыларынын арасынан бир динчил жоокерин чакыртып, 8 баарын айтып берди. Анан аларды Жапага жөнөттү.
9 Эртеси күнү алар жол жүрүп, шаарга жакындап калышканда, түшкү саат он экилерде* Петир Кудайдан тилениш үчүн үйдүн үстүнө чыкты. 10 Ошондо ал аябай ачка болуп, тамак жегиси келди. Тамак жасалып жатканда, ал аян алып,+ 11 асмандын ачылганын жана төрт бурчунан кармалган чоң зыгыр дасторконго окшогон нерсенин жерге түшүп келатканын көрдү. 12 Анда жердеги төрт аяктуу жаныбарлар менен сойлоп жүрүүчүлөрдүн, асманда учкан канаттуулардын ар кандай түрү бар эле. 13 Анан ага: «Петир, тур да, буларды союп же!» — деген үн угулду. 14 Бирок Петир: «Жок, Мырзам. Мен эч качан арам, таза эмес нерсе жеген эмесмин»,+— деди. 15 Ошондо ага экинчи жолу: «Кудай адал кылган нерсени мындан ары арам дебе»,— деген үн угулду. 16 Үн үчүнчү жолу угулганда, дасторконго окшогон нерсе ошол замат асманга көтөрүлүп кетти.
17 Петир көргөн аяны эмнени билдирерин түшүнө албай ойго батып отурганда, Корнелий жиберген кишилер Симондун үйүн сураштырып, дарбазанын жанына келип калышты.+ 18 Алар кыйкырып, Петир деген да аты бар Симондун ал жерде бар-жогун сурашты. 19 Петир дагы деле аян тууралуу ойлонуп жатканда, Кудай ага ыйык руху+ аркылуу: «Сени 3 киши издеп жүрөт. 20 Ордуңан туруп, ылдый түш да, эч шектенбей алар менен жөнө, анткени аларды мен жибердим»,— деди. 21 Петир түшүп келип: «Силер издеген киши менмин. Эмне иш менен келдиңер эле?» — деп сурады. 22 Алар: «Бизди адил, Кудайдан корккон, бүт жүйүт эли мактаган Корнелий+ деген жүз башы жиберди. Себеби Кудай ага ыйык периштесин жиберип, сени үйүнө чакыртып, сөздөрүңдү укканга буйрук бериптир»,— дешти. 23 Петир аларды үйгө киргизип, коноктоду.
Эртеси күнү алар менен жолго чыкты. Жападагы айрым шакирттер да кошо жөнөштү. 24 Кийинки күнү Кесарияга жетишти. Корнелий туугандары менен жакын досторун чогултуп, аларды күтүп жаткан эле. 25 Петир анын үйүнө келгенде, Корнелий алдынан тосуп чыкты да, бутуна жыгылып, таазим кылды. 26 Бирок Петир: «Тур, мен сага окшогон эле адаммын» — деп, аны тургузду.+ 27 Анан экөө сүйлөшүп ичкери киришти. Петир чогулган көп кишини көрүп, 28 аларга: «Силер жүйүттөрдүн башка улуттагылардыкына барганы же алар менен мамилелешкени жүйүт элинин мыйзамына каршы келерин жакшы билесиңер.+ Бирок Кудай мага эч кимди таза эмес же арам деп эсептебешим керектигин көрсөттү.+ 29 Ошондуктан мени чакырышканда, каршы болгон жокмун. Эми эмнеге чакыртканыңарды айткыла, угайын»,— деди.
30 Ошондо Корнелий: «Ушул сааттан баштап эсептегенде, мындан 4 күн мурун түштөн кийинки саат үчтөрдө* үйүмдө тиленип жаткам. Бир убакта жаркыраган кийимчен бир киши пайда болуп: 31 „Кудай тилегиңди угуп, бей-бечараларга кайрымдуулук кылып жүргөнүңдү көз жаздымында калтырган жок*. 32 Ошон үчүн Жапага киши жиберип, Петир деген да аты бар Симонду чакырт. Ал деңиздин жээгинде жашаган тери иштеткен Симондун үйүндө конок болуп жүрөт“,+— деп айтты. 33 Ошол замат сага киши жибердим. Келгениң жакшы болбодубу. Эми бардыгыбыз, Жахаба Кудай сага эмнени айт деп буйруса, ошонун баарын угуш үчүн анын алдында турабыз»,— деди.
34 Ошондо Петир мындай деди: «Кудайдын бардык адамдарга бирдей караарына эми көзүм толук жетти.+ 35 Кудайдан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, ага жагарын түшүндүм.+ 36 Ал ысрайыл элине өзүнүн сөзүн — бардыгынын Мырзасы болгон Иса Машаяк аркылуу+ келе турган тынчтык* жөнүндөгү жакшы кабарды — жарыялаган.+ 37 Жакан пайгамбар чөмүлтүлүү жөнүндө жар салгандан кийин, Галилеядан+ баштап бүт Жүйүт жерине чейин эмне жөнүндө айтылып келгенин билесиңер да. 38 Тактап айтканда, Кудай назареттик Исаны ыйык руху+ аркылуу Машаяк кылып дайындап, ага күч бергенин, Исанын бүт өлкөнү кыдырып, элге жакшылык кылып, Ибилис кыйнаган адамдардын баарын айыктырганын+ билесиңер. Ал мунун баарын Кудай колдогондуктан кылган.+ 39 Биз анын жүйүттөр жашаган жерлерде, Иерусалимде кылган иштеринин баарын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Бирок аны устунга кадап өлтүрүп салышкан. 40 Анткен менен Кудай Исаны үчүнчү күнү+ тирилткен. Ошонун аркасында башкалар аны көрө алышкан. 41 Бирок ал элдин баарына эмес, Кудай алдын ала күбө кылып тандап алгандарга, тактап айтканда, ал тирилгенден кийин аны менен чогуу тамактанган бизге көрүнгөн.+ 42 Ал бизге аны тирүүлөр менен өлгөндөргө Кудай өзү сот кылып дайындаганын+ элге жарыялап, кылдат күбөлөндүрүүнү буйруган.+ 43 Бардык пайгамбарлар ал жөнүндө,+ ага ишенген ар бир адамдын күнөөлөрү ал* аркылуу кечирилери жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен».+
44 Петир ушуларды айтып жатканда, Кудайдын сөзүн угуп тургандардын баарына Кудайдын ыйык руху берилди.+ 45 Аны менен келген сүннөткө отургузулган шакирттер Кудайдын белеги — ыйык руху — башка улуттагыларга да берилгенине таң калышты. 46 Себеби алардын бөтөн тилдерде сүйлөп, Кудайды даңктап жатканын көрүштү.+ Ошондо Петир: 47 «Кудай бизге бергендей эле, ыйык рухун буларга да берип жатса, булардын сууга чөмүлүшүнө+ ким каршы боло алат?!» — деди. 48 Анан аларга Иса Машаякты кабыл алганын көрсөтүп чөмүлгөнгө буйрук берди.+ Алар Петирден дагы бир нече күн калышын өтүнүштү.