Дөөтүнүн ыры.
15 Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат?
Ыйык тооңдо ким жашай алат?+
2 Кынтыксыз жүргөн,+
Туура иш кылган,+
Жүрөгүндө чындыкты айткан киши.+
3 Ал эч кимге жалаа жаппайт,+
Жакынына кыянаттык кылбайт,+
Досторун жамандабайт.+
4 Жийиркеничтүү кишилерден оолак болот,+
Ал эми Жахабадан корккондорду урматтайт.
Өзү зыян тартса да, берген убадасына турат.+
5 Акчасын үстөгү менен алыш үчүн бербейт,+
Айыпсызды айыпка жыгыш үчүн пара албайт.+
Ушундай адам эч качан козголбой, бекем турат.+