Лука
10 Андан кийин Иса шакирттеринин ичинен дагы 70ин тандап, аларды өзү бара турган ар бир шаарга, ар бир айылга эки-экиден жөнөтүп жатып+ 2 мындай деди: «Чынында эле, түшүм көп, бирок жумушчулар аз. Ошондуктан түшүм жыйнаганга жумушчуларды жибериши үчүн, түшүмдүн Кожоюнуна жалынгыла.+ 3 Баргыла, бирок сак болгула, мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жиберип жатам.+ 4 Жаныңарга капчык да, азык салынган баштык да, сандал да албагыла,+ жолдон эч ким менен учурашпагыла*. 5 Кайсы үйгө кирбегиле, адегенде: „Бул үйгө тынчтык болсун“,— деп саламдашкыла.+ 6 Эгерде ал үйдө тынчтыкты сүйгөн киши жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет. Ал эми бар болсо, ага тынчтык тилегениңер орундалат. 7 Ошол үйдө калып,+ бергенин ичип-жегиле,+ себеби эмгектенген адам акысын алганга татыктуу.+ Андан жакшыраак башка үй издей бербегиле.
8 Кайсы бир шаарда силерди кабыл алышса, алдыңарга коюлган тамак-ашты жегиле. 9 Ал жердеги оорулууларды айыктырып, аларга: „Кудайдын Падышалыгы силерге жакындап калды“,— дегиле.+ 10 Ал эми кайсы бир шаарда силерди кабыл албай коюшса, анын чоң көчөлөрүнө чыгып: 11 „Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды да күбүп жатабыз*.+ Бирок эсиңерде болсун, Кудайдын Падышалыгы жакындап калды“,— деп айткыла. 12 Силерге айтып коёюн, Сот күнү ошол шаардын жазасына караганда Содомдун жазасы жеңилирээк болот.+
13 Хоразин, башыңа каран түн түшөт! Бетсаида, сенин да башыңа каран түн түшөт! Анткени силерде жасалган кереметтер Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эчак таар* жамынып, күлгө отуруп өкүнүшмөк.+ 14 Ошондуктан сот убагында силердин жазаңарга караганда Тир менен Сидондун жазасы жеңилирээк болот. 15 Ал эми, сен, Капернаум, асманга көтөрүлгүң барбы? Жок, сен көргө* түшөсүң!
16 Ким силерди укса, ал мени да уккан болот.+ Ким силердин айткандарыңарды укпай, четке кагып койсо, ал мени да четке каккан болот. Ал эми ким мени четке какса, ал мени жибергенди да четке каккан болот».+
17 Кийин 70 шакирти кубанып кайтып келип: «Мырзам, сенин атыңан буйрук бергенде, бизге атүгүл жиндер да баш ийип жатышат»,— дешти.+ 18 Иса аларга: «Мен Шайтандын асмандан чагылган сыяктуу түшкөнүн көрдүм.+ 19 Силерге жыландар менен чаяндарды тебелегенге, душмандын бардык күчүн майтарганга бийлик бердим.+ Силерге эч нерсе зыян келтире албайт. 20 Ошентсе да жиндердин баш ийип жатканына эмес, атыңардын асманда жазылганына кубангыла»,— деп айтты.+ 21 Анан Кудайдын ыйык рухуна толуп, кубанганынан: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм, себеби буларды даанышмандар менен акылдуулардан бекем жашырып,+ балдардай болгон момун адамдарга ачып бердиң. Ооба, Ата, сенин эркиң ушундай болчу»,— деди.+ 22 Анан: «Атам мага бардыгын берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт, ошондой эле Атасынын ким экенин Уулунан+ жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким билбейт»,— деп айтты.+
23 Анан өздөрүнчө болгондо шакирттерине кайрылып: «Силер көрүп жаткан нерселерди көргөндөр бактылуу.+ 24 Силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар менен падышалар силер көрүп жатканды көргүсү келген, бирок көрүшкөн эмес;+ силер угуп жатканды уккусу келген, бирок угушкан эмес»,— деп айтты.
25 Исаны сынаш үчүн Мусанын Мыйзамын кыйын билген бирөө ордунан туруп: «Устат, түбөлүк өмүр алыш үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурады.+ 26 Иса: «Мусанын Мыйзамында эмне деп жазылган? Окугандарыңдан эмнени түшүндүң?» — деди. 27 Ал: «„Жахаба Кудайыңарды бүт жүрөгүңөр менен, бүт жаныңар менен, бүт күчүңөр менен, бүт акылыңар менен сүйгүлө“,+ ошондой эле „башканы өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө“,— деп жазылган»,— деди.+ 28 Иса ага: «Туура айттың. Ушуларды аткара берсең, түбөлүк өмүр аласың»,— деди.+
29 Ошондо тиги киши өзүн актап, туура кылып жатканын көрсөтүш үчүн+ андан: «Мен сүйүшүм керек болгон адамдарга кимдер кирет?» — деп сурады. 30 Иса мындай деди: «Бир киши Иерусалимден Жерихого түшүп келатып талап-тоноочуларга кабылып калат. Алар анын кийимин чечип алышат да, өзүн сабап, чала жан кылып калтырып кетишет. 31 Ал жол менен бир дин кызматчы түшүп келатып тиги кишини көрөт да, жолдун аркы чети менен өтүп кетет. 32 Леби да ошол жерге жеткенде аны көрүп, жолдун аркы чети менен өтүп кетет. 33 Ал эми бир самариялык+ киши ошол жерден өтүп баратып аны көрөт да, боору ачыйт. 34 Анан жанына барып, жарааттарын шарап менен тазалап, май куюп таңат. Анан эшегине мингизип, мейманканага алып барып, ага кам көрөт. 35 Эртеси күнү мейманкананын ээсине эки динар берет да: „Бул кишини карап тур. Эгер мындан көп каражат кетсе, кайтып келгенимде төлөп берем“,— дейт. 36 Сенин оюңча, ушул үчөөнүн кимиси талап-тоноочуларга кабылган кишиге жакын адамындай мамиле кылып,+ аны жакшы көрөрүн көрсөттү?» 37 Тиги киши: «Ага кайрымдуулук кылганы»,— деп жооп берди.+ Ошондо Иса: «Барып, сен да ошент»,— деди.+
38 Анан Иса шакирттери менен жол жүрүп баратып бир айылга кирди. Ал жерден аны Марта+ деген бир аял үйүнө конокко чакырды. 39 Анын Мариям деген сиңдиси бар болчу. Ал Исанын бут жагында сөздөрүн* угуп отурду. 40 Марта болсо конок камын көрүп, түйшүктөнүп жатты. Анан Исага келип: «Мырзам, карачы, Мариям иштин баарын мага таштап койду. Айтып койчу, жардам берсин»,— деди. 41 Иса ага: «Марта, Марта, сен көп нерсеге убара болуп, ашыкча түйшүк тартып жатасың. 42 Негизи, көп деле нерсенин кереги жок, бир эле нерсе жетиштүү. Мариям болсо жакшысын* тандап алды,+ бул андан эч качан тартылып алынбайт»,— деди.