Забур
Жетекчиге. Корактын+ урпактарынын ыры. Аламот*.
3 Деңиз суулары күркүрөп, көбүктөнсө да,+
Алай-дүлөй түшүп, тоолорду солкулдатса да, коркпойбуз. (Села)
4 Дарыянын салаалары Кудайдын шаарын кубанычка бөлөйт,+
Эң Жогорку Кудайдын ыйык, улуу чатырын шаңга бөлөйт.
5 Кудай ошол шаарында,+ ошон үчүн ал кыйратылгыс.
Кудай таң заардан ага жардамга келет.+
6 Элдер толкуп, падышалыктар кулады.
Кудайдын үнү угулганда, жер эриди.+
7 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба биз менен,+
Жакыптын Кудайы — баш калкалаган коопсуз жайыбыз*. (Села)
8 Келгиле, Жахабанын иштерине күбө болгула,
Жер жүзүндөгү укмуштуу иштерин көргүлө.
9 Ал жер жүзү боюнча согуштарды токтотот,+
Жааны сындырып, найзаны талкалайт,
Согуш арабаларын* отко жагат.
10 Ал: «Моюн сунгула, Кудай экенимди билгиле.