Забур
71 Оо, Жахаба, сени баш маана кылдым.
Эч качан уятка калбасам экен.+
2 Адилдигиңден улам мени сакта, куткара көр.
Мага кулак салып*, сактай көр.+
3 Мага таш сепил боло көр,
Ар дайым ошол жакка жашынайын.
Мени куткарганга буйрук бер,
Анткени сен аска-зоомсуң, коргонумсуң.+
6 Төрөлгөндөн тартып эле сага көз карандымын,
Мени энемдин курсагынан чыгарган сенсиң,+
Ар дайым өзүңдү даңктайм.
7 Көптөр мага суктана карашат,
Бирок менин бекем баш маанам сенсиң.
11 Алар: «Кудай аны таштап кетти.
Артынан түшүп, кармагыла, анын куткарар эч кимиси жок»,— деп жатышат.+
12 Оо, Кудай, алыста турба.
Оо, Кудайым, мага жардам бергенге шашыл.+
Башыма мүшкүл түшүргүсү келгендер
Маскара болушсун, басынтылышсын.+
14 Мен болсо сени күтө берем,
Сени дагы көбүрөөк даңктай берем.
Куткарган учурларыңды күнү бою кеп кылам,
16 Оо, Эгедер Теңир Жахаба,
Мен барып, улуу иштериң жөнүндө айтам,
Бир гана сенин адилдигиңди кеп кылам.
17 Оо, Кудай, мени жаш кезимен бери үйрөтүп келатасың,+
Азыркыга чейин ажайып иштериң жөнүндө айтып жүрөм.+
18 Мени атүгүл карыганымда да, чачым агарганда да таштаба, оо, Кудай.+
Күчүң жөнүндө келерки муунга,
Кудуретиң жөнүндө болочок урпактардын баарына айтып бергидей болоюн.+
19 Оо, Кудай, адилдигиң асманга жетет.+
Сен укмуштуудай иштерди жасадың,
Сендей ким бар, оо, Кудай?+
21 Зоболомду арттырып,
Мени коргоп, жубата көр.
Арфа чертип, мактап ырдайм*,
Оо, Ысрайылдын Ыйыгы.