Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Аюп 13
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Аюп. Мазмуну

      • Аюп жообун улайт (1—28)

        • «Кудурети Чексиз Кудайдын өзү менен сүйлөшкүм келет» (3)

        • «Баарыңар тең эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер» (4)

        • «Меники туура экенин билем» (18)

        • Кудайдан эмнеге аны душманындай көрөрүн сурайт (24)

Аюп 13:3

Байланышы бар аяттар

  • +Ап 23:3, 4; 31:35

Аюп 13:4

Байланышы бар аяттар

  • +Ап 16:2

Аюп 13:5

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 17:28; Жкп. 1:19

Аюп 13:8

Шилтемелер

  • *

    Же: «Ага тартып коёсуңарбы?»

Аюп 13:9

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 139:23; Жр 17:10

Аюп 13:10

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 50:20, 21; Жкп. 2:9

Аюп 13:12

Шилтемелер

  • *

    Же: «Эстен кеткис».

Аюп 13:15

Байланышы бар аяттар

  • +Ап 19:25; Зб 23:4

Аюп 13:16

Шилтемелер

  • *

    Же: «Кудайдын жолунан четтеген бир да киши».

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 15:2; Зб 27:1; Ыш 12:2
  • +Ап 27:8; 36:13; Ыш 33:14

Аюп 13:19

Шилтемелер

  • *

    Же балким: «Эгер кимдир бирөө мени менен талаша алса, анда унчукпайм да, өлөм».

Аюп 13:21

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «Менден колуңду ал».

Байланышы бар аяттар

  • +Ап 9:34, 35; 33:6, 7

Аюп 13:24

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 10:1; 13:1; 44:24
  • +Ап 16:9; 19:11; 33:8—11

Аюп 13:28

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «ал». Сыягы, Аюп.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Аюп 13:3Ап 23:3, 4; 31:35
Аюп 13:4Ап 16:2
Аюп 13:5Нкл 17:28; Жкп. 1:19
Аюп 13:9Зб 139:23; Жр 17:10
Аюп 13:10Зб 50:20, 21; Жкп. 2:9
Аюп 13:15Ап 19:25; Зб 23:4
Аюп 13:16Чг 15:2; Зб 27:1; Ыш 12:2
Аюп 13:16Ап 27:8; 36:13; Ыш 33:14
Аюп 13:21Ап 9:34, 35; 33:6, 7
Аюп 13:24Зб 10:1; 13:1; 44:24
Аюп 13:24Ап 16:9; 19:11; 33:8—11
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
Ыйык Китеп
Аюп 13:1—28

Аюп

13 Мына ушунун баарын өз көзүм менен көрүп,

Өз кулагым менен уккам, бардыгын түшүнгөм.

 2 Силер билгенди мен да билем,

Силерден эч нерсем кем эмес.

 3 Мен Кудурети Чексиз Кудайдын өзү менен сүйлөшкүм келет,

Арыз-доомду ага айткым келет.+

 4 Силер болсо мага жалаа жаап жатасыңар,

Баарыңар тең эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер.+

 5 Андан көрө, ооз ачпай эле койсоңор кана!

Акылдуулугуңар ошол болмок.+

 6 Айткан жүйөлөрүмө кулак салгылачы,

Коргонуп айткан сөзүмө көңүл бургулачы.

 7 Кудайды жакташ үчүн адилеттикке жатпаган нерселерди сүйлөйсүңөрбү?

Же аны жакташ үчүн калп айтасыңарбы?

 8 Анын тарабын ээлейсиңерби?*

Сотто чыныгы Кудайды жактайсыңарбы?

 9 Ал силерди текшерсе, силерге ыраазы болобу?+

Аны ажалдуу адамды алдагандай алдай аласыңарбы?

10 Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар,+

Ал силерди сөзсүз айыптайт.

11 Анын улуулугу үрөйүңөрдү учурбайбы?

Силерди андан келген коркунуч баспайбы?

12 Акылдуу* сөздөрүңөр күл сыяктуу пайдасыз ылакаптардай,

Коргонуп айткан сөздөрүңөр чоподон жасалган морт калканычтай.

13 Унчукпай тургула, мен сүйлөйүн.

Анан эмне болсом, ошол болом!

14 Эмнеге өзүмдү коркунучка кептеп,

Өмүрүмдү тобокелге салып жатам?

15 Кудай мени өлтүрүп коюшу мүмкүн болсо да, баары бир андан үмүт үзмөк эмесмин.+

Анын алдында өзүмдү коргомокмун.

16 Ошондо ал мени куткармак,+

Анткени бир да ыймансыз* анын алдына бара албайт.+

17 Сөзүмдү кунт коюп уккула,

Айткандарыма кулак салгыла.

18 Мына, менин доо-арызым даяр,

Меники туура экенин билем.

19 Мени менен ким талашат?

Эгер унчукпашым керек болсо, анда өлүп калмакмын*!

20 Сенден жашынбашым үчүн,

Оо, Кудай, сенден эки нерсени гана тилейм, аткара көр:

21 Мага экинчи азап тарттырбачы*,

Үрөйүмдү учурбачы.+

22 Сүйлө, мен жооп берейин,

Же мен сүйлөйүн, сен жооп бер.

23 Айтчы, кандай кылмыш-күнөөм бар?

Айыбым менен күнөөм эмне экенин көрсөт.

24 Эмне үчүн менден жашынып,+

Мени душманыңдай көрүп жатасың?+

25 Шамал учурган жалбыракты коркутуп-титиретесиңби?

Бир тал самандын артынан сая түшөсүңбү?

26 Сен мага оор айыптарды тагып, аларды жазып жатасың,

Жаш кездеги күнөөлөрүм үчүн жоопко тартып жатасың.

27 Сен бутума кишен салдың,

Баскан жолумдун баарын аңдып,

Ар бир кадамымды текшерип турасың.

28 Ошон үчүн адам* чиринди сымал,

Күбө жеген кийим сымал чирип жок болот.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү