Мыйзам
33 Чыныгы Кудайдын кишиси Муса өлөр алдында ысрайыл элине батасын берди.+ 2 Ал мындай деди:
«Жахаба Синайдан келди,+
Элине Сеирден жарыгын чачты.
Даңкка бөлөнүп, Паран тоолуу аймагынан жаркырады,+
Жанында түмөндөгөн* ыйык периштелер,+
Оң тарабында жоокерлери турат.+
4 (Муса бизге осуят, Мыйзам, берди.+
Ал Мыйзам Жакыптын элине* таандык.)+
7 Жүйүт уруусуна батасын берип:+
«Оо, Жахаба, Жүйүттүн үнүн ук,+
Аны өз элине кайра алып кел.
Ал өзүнө таандык нерсени өз колу менен коргойт,
Душмандары менен кармашканда, ага жардам бер»,— деди.+
8 Леби уруусу жөнүндө мындай деди:+
Леби менен Мерибадагы суунун жанында талашып-тартышкансың.+
9 Ал атасы менен энесинин көңүлүнө караган эмес.
Бир туугандарына да караган эмес,+
Уулдарынын да тарабында болгон эмес.
Сенин сөздөрүңдү аткарып,
Келишимиңди сактап келди.+
11 Оо, Жахаба, аны күч-кубаттуу кылып, батаңды бер,
Кылган иштерине ыраазы экениңди көрсөт.
Ордуларынан тура албай калышы үчүн, ага каршы чыккандардын,
Аны жек көргөндөрдүн бутун* сындыр».
«Жахабанын сүйүктүүсү анын алдында коопсуз жашасын,
Ал аны эртеден кечке калкалайт,
Ал анын эки ийнинин ортосунда жашайт»,— деди.
13 Жусуптун урпактары жөнүндө мындай деди:+
«Жахаба алардын жерине дайыма батасын берсин,+
Асмандан келген эң жакшы белектерди, шүүдүрүмдү,
Жердин тереңиндеги сууларды,+
14 Күн өстүргөн нерселердин эң мыктысын,
Ар бир айдагы түшүмдүн эң жакшысын,+
15 Байыркы тоолордун* эң сонун белектерин,+
Кылымдар бою турган адырлардын эң жакшы белектерин,
16 Жердин эң жакшы белектери менен байлыгын берип,+
Тикенектүү бадалдын арасынан көрүнгөн Кудайдын ырайымына ээ кылсын.+
Бул баталардын баары Жусупка,
Бир туугандарынын арасынан тандалганга, тийсин.+
17 Анын көркү биринчи туулган буканын көркүндөй,
Мүйүздөрү жапайы буканын мүйүздөрүндөй.
Ал мүйүздөрү менен элдерди сүзүп,
Алардын баарын жердин түбүнө чейин сүрүп таштайт.
Анын мүйүздөрү — Эпрайымдын он миңдеген тукумдары,+
Анын мүйүздөрү — Менашенин миңдеген тукумдары».
«Жолго чыкканыңда кубан, Забулун,
Чатырларыңда шаттан, Исахар.+
19 Алар элдерди тоого чакырып,
Ал жактан адилдиктин курмандыктарын чалышат.
Алар деңиздердин сансыз байлыгынын,
Кумга жашырылган кенчтеринин пайдасын көрөт»,— деди.
«Гаттын чек араларын кеңейткенге бата тийсин.+
Ал арстандай болуп аңдып жатат,
Жеминин буту-башын тытып таштайт.
21 Ал өзүнө жердин алгачкы бөлүгүн тандап алат,+
Ал жерде ага мыйзам чыгаруучунун үлүшү бөлүнүп берилген.+
Эл башчылары чогулушат.
Ал Жахабанын адилдиги менен иш жүргүзүп,
Анын сот өкүмдөрүн Ысрайыл менен бирге аткарат»,— деди.
«Напталы Жахабанын ырайымына тунган,
Ал ага бардык жагынан батасын берген.
Батыш менен түштүккө ээлик кыл деген»,— деди.
24 Ашыр уруусу жөнүндө мындай деди:+
«Ашыр бата алып, көп уулдуу болду.
Бир туугандары аны жакшы көрсүн,
Ал бутун майга малсын.
25 Дарбазаларыңдын бекиткичтери темир менен жезден жасалган,+
Сен күндөрүңдүн баарын бейпилдикте өткөрөсүң.
26 Жешурундун+ Кудайындай чыныгы Кудай жок,+
Ал сага жардам бериш үчүн асманда келатат,
Булут үстүндө өзүнүн улуулугу менен келатат.+
Ал душмандарыңды алдыңдан кууп чыгып:+
„Аларды кырып ташта!“ — дейт.+
Эгин менен жаңы шарапка бай жерди байырлайт.+
Аларга асмандан шүүдүрүм түшөт.+
29 Оо, Ысрайыл, сен бактылуусуң!+
Кайсы эл сага тең келе алат?+