24 Кара ниеттерге көз артпа,
Аларга шерик болууну эңсебе.+
2 Анткени алар зордук-зомбулукту ойлошот,
Жамандык кылууну сүйлөшөт.
3 Үй акылмандык менен курулат,+
Кыраакылык менен чыңдалат.
4 Бөлмөлөрү ар кандай баалуу, сонун буюмдарга
Билимдин аркасында толтурулат.+
5 Акылман киши күчтүү,+
Ал билиминин аркасы менен күчүнө күч кошот.
6 Согушту жакшы жетекчиликтин астында жүргүз,+
Кеңешчилер көп болсо, жеңишке жетесиң.+
7 Акылсыз үчүн чыныгы акылмандык кол жеткис,+
Андай кишинин шаар дарбазасынын алдында айтар сөзү жок.
8 Ким жамандык кылууну ойлонуштурса,
Аны жамандык кылууну ойлоп тапканга маш дешет.+
9 Акылсыздын ойлогон ою күнөөгө алып барат,
Шылдыңчыл адамды эл жек көрөт.+
10 Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө,
Алдан-күчтөн таясың.
11 Өлүмгө кыйыш үчүн алынып бараткандарды куткарып кал,
Өлүм алдында тургандарды сактап кал.+
12 «Биз бул жөнүндө билген эмеспиз»,— дей турган болсоң,
Жүрөктөгүнү изилдеген Кудай байкабай коёбу?+
Ооба, сага көз салып турган Кудай муну билет,
Ар бир кишиге иштерине жараша тиешесин берет.+
13 Уулум, бал же, себеби ал пайдалуу,
Аарынын уюгунан алынган бал таттуу.
14 Ошол сыяктуу эле, акылмандык да сен үчүн пайдалуу.+
Аны тапсаң, келечегиң кең болот,
Үмүтүң таш каппайт.+
15 Адил кишинин үйүнүн жанына кара ниеттик менен буктурма койбо,
Анын турак жайын бүлдүрбө.
16 Анткени адил киши жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок кайра турат,+
Ал эми ыймансыздар алаамат учурунда биротоло кулайт.+
17 Душманың куласа, кубанба,
Мүдүрүлсө, сүйүнбө.+
18 Болбосо Жахаба ошенткениңди көрүп, нааразы болот,
Душманыңдан каарын кайт кылат.+
19 Жамандык кылгандарды көрүп капаланба,
Ыймансыздарга көз артпа.
20 Себеби жамандык кылгандардын келечеги жок,+
Ыймансыздардын чырагы өчөт.+
21 Уулум, Жахабадан жана падышадан корк.+
Козголоңчуларга кошулба.+
22 Анткени аларды күтүлбөгөн жерден кырсык басат.+
Экөө алардын башына кандай мүшкүл түшүрөрүн ким билет?+
23 «Сотто кайсы бир тарапка тартып коюу жакшы эмес»,+
Бул сөздөр да акылмандарга таандык.
24 Ким ыймансызга: «Сен адилсиң»,— десе,+
Аны башкалар каргайт, элдер айыптайт.
25 Ал эми ыймансызды кимдер ашкерелесе,+
Ийгиликке жетип, мол бата алышат.+
26 Ким чынчылдык менен жооп берсе,
Эл анын оозунан өбөт.+
27 Сырттагы жумуштарыңды аткар,
Талаадагы иштериңди бүтүр,
Анан үйүңдү кур.
28 Негиз жок болсо, жакыныңа каршы күбөгө өтпө,+
Башкаларга калп айтпа.+
29 «Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам.
Ага кылганына жараша тиешесин берем»,— дебе.+
30 Мен жалкоонун талаасынын четинен,+
Акылсыздын жүзүмзарынын жанынан өтүп бараткан элем.
31 Карасам, баарын отоо чөп басып,
Чалкан каптап кетиптир,
Таш дубалы да урап калыптыр.+
32 Ошону көрүп ойлондум да,
Өзүмө мындай сабак алдым:
33 Дагы бир аз уктай турсаң, дагы кичине үргүлөй түшсөң,
Колуңду көкүрөгүңө алып жата турсаң,
34 Жакырлык каракчыдай,
Жокчулук куралчан кишидей болуп кирип келет.+