Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Жакан 13
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Жакан. Мазмуну

      • Иса шакирттеринин бутун жууйт (1—20)

      • Иса Жүйүттүн чыккынчы экенин айтат (21—30)

      • Жаңы осуят (31—35)

        • «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр» (35)

      • Иса Петирдин баш тартып кетерин айтат (36—38)

Жакан 13:1

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 16:28; 17:11
  • +Мт 26:2; Жн 12:23; 17:1
  • +Жн 15:9; Эф 5:2; Жн1к 3:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Жолдоочум бол», 161—162-бб.

Жакан 13:2

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «жүрөгүнө».

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:14—16, 24; Мр 14:10, 11
  • +Лк 22:3, 4; Жн 13:27

Жакан 13:3

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 16:28

Жакан 13:4

Байланышы бар аяттар

  • +Флп. 2:5—7

Жакан 13:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 268-б.

    «Жолдоочум бол», 31—32, 33—34-бб.

    «Улуу Окутуучу», 38—39-бб.

Жакан 13:8

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 6:11; Эф 5:25, 26; Тит 3:5; Ев 10:22

Жакан 13:11

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 6:64

Жакан 13:13

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 23:8

Жакан 13:14

Шилтемелер

  • *

    Же: «жууганга милдеттүүсүңөр».

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:27
  • +Мт 20:26, 27; Лк 9:48; 22:26; Рим. 12:10; Пт1к 5:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 268—269-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2003, 4—5-бб.

    1/2/2002, 20-б.

    «Улуу Окутуучу», 38—39-бб.

Жакан 13:15

Байланышы бар аяттар

  • +Флп. 2:5; Пт1к 2:21; Жн1к 2:6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/1/2005, 18-б.

Жакан 13:17

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 7:24, 25; Лк 11:28; Жкп. 1:25

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    9/2018, 4-б.

Жакан 13:18

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 41:9; Мт 26:23
  • +Жн 17:12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2011, 13-б.

Жакан 13:19

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 14:29; 16:4

Жакан 13:20

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 25:40
  • +Мт 10:40

Жакан 13:21

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:21; Мр 14:18; Лк 22:21; Жн 6:70

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

Жакан 13:22

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:22; Лк 22:23

Жакан 13:23

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «көкүрөгүнө жакын».

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 19:26; 20:2

Жакан 13:25

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «Исанын көкүрөк жагына».

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 21:20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/7/2015, 15-б.

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

Жакан 13:26

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:23

Жакан 13:27

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:3, 4

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

Жакан 13:29

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 12:4—6

Жакан 13:30

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:20

Жакан 13:31

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 12:23

Жакан 13:32

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 17:1

Жакан 13:33

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «Балдар». Бул сөз бул жерде ынактыкты, жакшы көргөндүктү билдириш үчүн колдонулган.

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 7:34; 8:21

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/2/2003, 22-б.

Жакан 13:34

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 15:9
  • +Лб 19:18; Жн 15:12; Тс1к 4:9; Жкп. 2:8; Пт1к 1:22; Жн1к 3:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 18-сабак

    «Жахабага жакында», 301-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/1/2013, 10—11-бб.

    15/11/2009, 20-б.

    1/4/2003, 5—6-бб.

    1/2/2002, 20—21-бб.

    «Жолдоочум бол», 176—177-бб.

Жакан 13:35

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 13:8; Кр1к 13:8, 13; Жн1к 4:20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 18-сабак

    «Жахабага жакында», 301-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/11/2009, 20-б.

    1/4/2003, 5—6-бб.

    1/2/2003, 22—23-бб.

    1/3/1999, 17-б.

    1/12/1997, 28-б.

    «Жолдоочум бол», 176—177-бб.

Жакан 13:36

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 14:3

Жакан 13:37

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:33; Мр 14:29; Лк 22:33

Жакан 13:38

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:34; Мр 14:30; Лк 22:34; Жн 18:27

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Жкн. 13:1Жн 16:28; 17:11
Жкн. 13:1Мт 26:2; Жн 12:23; 17:1
Жкн. 13:1Жн 15:9; Эф 5:2; Жн1к 3:16
Жкн. 13:2Мт 26:14—16, 24; Мр 14:10, 11
Жкн. 13:2Лк 22:3, 4; Жн 13:27
Жкн. 13:3Жн 16:28
Жкн. 13:4Флп. 2:5—7
Жкн. 13:8Кр1к 6:11; Эф 5:25, 26; Тит 3:5; Ев 10:22
Жкн. 13:11Жн 6:64
Жкн. 13:13Мт 23:8
Жкн. 13:14Лк 22:27
Жкн. 13:14Мт 20:26, 27; Лк 9:48; 22:26; Рим. 12:10; Пт1к 5:5
Жкн. 13:15Флп. 2:5; Пт1к 2:21; Жн1к 2:6
Жкн. 13:17Мт 7:24, 25; Лк 11:28; Жкп. 1:25
Жкн. 13:18Зб 41:9; Мт 26:23
Жкн. 13:18Жн 17:12
Жкн. 13:19Жн 14:29; 16:4
Жкн. 13:20Мт 25:40
Жкн. 13:20Мт 10:40
Жкн. 13:21Мт 26:21; Мр 14:18; Лк 22:21; Жн 6:70
Жкн. 13:22Мт 26:22; Лк 22:23
Жкн. 13:23Жн 19:26; 20:2
Жкн. 13:25Жн 21:20
Жкн. 13:26Мт 26:23
Жкн. 13:27Лк 22:3, 4
Жкн. 13:29Жн 12:4—6
Жкн. 13:30Мт 26:20
Жкн. 13:31Жн 12:23
Жкн. 13:32Жн 17:1
Жкн. 13:33Жн 7:34; 8:21
Жкн. 13:34Жн 15:9
Жкн. 13:34Лб 19:18; Жн 15:12; Тс1к 4:9; Жкп. 2:8; Пт1к 1:22; Жн1к 3:14
Жкн. 13:35Рим. 13:8; Кр1к 13:8, 13; Жн1к 4:20
Жкн. 13:36Жн 14:3
Жкн. 13:37Мт 26:33; Мр 14:29; Лк 22:33
Жкн. 13:38Мт 26:34; Мр 14:30; Лк 22:34; Жн 18:27
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
Ыйык Китеп
Жакан 13:1—38

Жакан

13 Иса дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган+ убагы келип калганын+ Куткарылуу майрамына чейин эле билчү. Ал бул дүйнөдөгү шакирттерин сүйдү, аларды өмүрүнүн акырына чейин сүйдү.+ 2 Кечки тамак учуру эле. Ибилис Исага чыккынчылык кылууну+ буга чейин эле Симон уулу Жүйүт Искариоттун оюна* салып койгон болчу.+ 3 Иса Атасынын бардык нерсени өзүнүн колуна тапшырганын билчү. Ал өзүнүн Кудайдан келип, кайра ага баратканын да билчү.+ 4 Ошондуктан дасторкондон туруп, сырт кийимин чечти да, белине сүлгү байлады.+ 5 Анан чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады. 6 Ошентип, Симон Петирдин жанына келгенде, ал: «Мырзам, сен менин бутумду жууйсуңбу?» — деди. 7 Иса ага: «Менин эмне кылып жатканымды азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң»,— деди. 8 Петир: «Мен сага бутумду эч качан жуудурбайм»,— деди. Иса болсо: «Эгер жуубасам,+ мени менен үлүштөш болбойсуң»,— деп айтты. 9 Ошондо Петир: «Мырзам, анда бутумду эле эмес, колумду да, башымды да жуучу»,— деди. 10 Буга Иса: «Жуунган киши таптаза болгондуктан, бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты. 11 Ал кимдин чыккынчылык кыларын билгендиктен:+ «Араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты.

12 Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырт кийимин кийген соң Иса кайрадан дасторконго отурду да, аларга мындай деди: «Эмне үчүн ушинткенимди түшүндүңөрбү? 13 Мени „Устат“, „Мырза“ дейсиңер. Мунуңар туура, анткени мен, чынында эле, Устатмын, Мырзамын.+ 14 Эгер мен Мырзаңар, Устатыңар болуп туруп бутуңарды жуусам,+ анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек*.+ 15 Мен эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү көрсөттүм.+ 16 Чындыкты айтып коёюн, кул өз мырзасынан жогору эмес, ошондой эле жиберилген бирөө өзүн жибергенден жогору эмес. 17 Ушуларды билип эле койбой, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар.+ 18 Айткандарым баарыңарга эле тиешелүү эмес. Мен өзүм тандап алгандарды билем. Бирок Ыйык Жазмадагы: „Мени менен чогуу бир дасторкондон нан жеп жүргөн киши мага каршы чыкты“,+— деген сөздөр ушундайча аткарылышы керек.+ 19 Бул сөздөрдүн аткарылганын көргөнүңөрдө мага карата айтылганын билишиңер үчүн, муну силерге алдын ала айтып жатам.+ 20 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мен жибергендерди кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот.+ Ал эми ким мени кабыл алса, ал мени жибергенди да кабыл алган болот».+

21 Ушуларды айткандан кийин Иса катуу кайгырып: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө мага чыккынчылык кылат»,— деп ачык айтты.+ 22 Шакирттери анын ким жөнүндө айтканын түшүнбөй, бири-бирин карай башташты.+ 23 Алардын бири, Исанын жакшы көргөн шакирти,+ анын жанында* жамбаштап жаткан эле. 24 Симон Петир ага ымдап белги берди да: «Ким жөнүндө айтып жатат?» — деди. 25 Тиги болсо башын Исага буруп*: «Мырзам, ал ким?» — деп сурады.+ 26 Иса: «Бир үзүм нанды табакка малып, кимге берсем, ал — ошол»,+— деп жооп берди. Анан нанды табакка малып, Симон Искариоттун уулу Жүйүткө сунду. 27 Ал нанды алгандан кийин, ичине Шайтан кирди.+ Ошондо Иса Жүйүткө: «Баштаган ишиңди батыраак кыл»,— деди. 28 Бирок дасторкондо отургандардын эч кимиси Исанын ага эмне үчүн ошентип айтканын түшүнгөн жок. 29 Акча салынган куту Жүйүттө болгондуктан,+ кээ бирөөлөрү Иса ага майрамга керектүү нерселерди сатып алышы керектигин же жакырларга бир нерсе бериши керектигин айтты деп ойлоп калышты. 30 Исанын колунан нанды алгандан кийин Жүйүт дароо сыртка чыгып кетти. Түн эле.+

31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Иса: «Эми адам Уулу даңкталат.+ Ал эми ал аркылуу Кудай даңкталат. 32 Кудай аны өзү даңктайт,+ тез арада даңктайт. 33 Досторум*, силер менен дагы бир аз эле убакыт болом. Мени издейсиңер, бирок жүйүттөргө айтканымдай эле, силерге да кайталап айтып жатам, мен бара турган жакка силер бара албайсыңар.+ 34 Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди кандай сүйсөм,+ силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө.+ 35 Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,+— деди.

36 Симон Петир андан: «Мырзам, каякка барганы жатасың?» — деп сурады. Иса: «Мен бараткан жакка сен азыр бара албайсың, кийин барасың»,+— деп жооп берди. 37 Буга Петир: «Мырзам, эмнеге азыр артыңдан бара албайм? Сен үчүн жанымды бергенге да даярмын»,— деди.+ 38 Ошондо Иса: «Мен үчүн жаныңды бергенге да даярсыңбы? Сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, менден үч жолу баш тартасың»,— деп айтты.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү