Забур
Жетекчиге. Ыр.
66 Бүт жер жүзү, шаттана кыйкырып, Кудайды даңазала.+
3 Кудайга мындай дегиле: «Иштериң кастарлоо сезимин туудурат!+
Зор күч-кубатыңан улам душмандарың сенин алдыңда бүжүрөшөт.+
5 Келгиле, Кудайдын кандай иштерди кылганын көргүлө!
Анын адам баласы үчүн кылгандары кастарлоо сезимине чулгайт.+
Ошон үчүн өжөрлөр кыйынсынбасын.+ (Села)
10 Оо, Кудай, сен бизди сынап-текшердиң,+
Күмүштү тазалагандай тазаладың,
11 Аңчынын торуна түшүрдүң,
Жонубузга оор жүк арттың.
12 Ажалдуу адамдын бизди тебелеп өтүшүнө жол бердиң,
Биз отко-сууга салындык.
Анан бизди коопсуз жерге алып келдиң.
15 Бордолгон малдан сага өрттөлө турган курмандык чалам,
Кочкорлорду да курмандыкка чалып, түтүнүн түтөтөм,
Букалар менен текелерди тартуу кылам. (Села)
17 Аны жардамга чакыргам,
Даңктап-даңазалагам.
20 Тилегимди жоопсуз калтырбаган,
Мени туруктуу сүйүүсүнөн өксүтпөгөн Кудай даңкталсын!