Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Даниел 2
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Даниел. Мазмуну

      • Небухаданасар падышанын тынчын кетирген түшү (1—4)

      • Акылмандар түштүн маанисин жоруп бере албай коюшат (5—13)

      • Даниел Кудайдан жардам издейт (14—18)

      • Сырды ачып берген Кудайды алкайт (19—23)

      • Даниел падышага түшүн айтып берет (24—35)

      • Түштү жоруп берет (36—45)

        • Таш айкелди талкалайт (44, 45)

      • Падыша Даниелге урмат көрсөтөт (46—49)

Даниел 2:1

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 4:4, 5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/9/2007, 30-б.

Даниел 2:2

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «каздимдиктерди». Б. а. көзү ачыктык кылгандардын жана жылдыздарды карап төлгө ачкандардын тобу.

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 4:6, 7; 5:7, 8

Даниел 2:4

Шилтемелер

  • *

    Даниел 2:4-аяттын экинчи бөлүгүнөн 7:28-аятка чейин арамей тилинде жазылган.

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 18:26; Эз 4:7; Ыш 36:11

Даниел 2:5

Шилтемелер

  • *

    Же балким: «таштанды ыргытылчу жерге; кык төгүлчү жерге».

Даниел 2:6

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:48; 5:16, 29

Даниел 2:12

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:24

Даниел 2:15

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:9

Даниел 2:19

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:28

Даниел 2:20

Байланышы бар аяттар

  • +Жл1к 29:11; Ап 12:13; Зб 147:5; Жр 32:17—19

Даниел 2:21

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 1:7
  • +Шм1к 2:7, 8; Зб 75:7; Жр 27:5; Дн 4:17
  • +Нкл 2:6; Нс 2:26; Жкп. 1:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/10/1998, 9—10-бб.

Даниел 2:22

Шилтемелер

  • *

    Же: «Жарык сени менен жашайт».

Байланышы бар аяттар

  • +Жр 33:3; Кр1к 2:10
  • +Зб 139:12; Ев 4:13
  • +Зб 36:9; 112:4

Даниел 2:23

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 1:17; 2:28

Даниел 2:24

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:12, 14

Даниел 2:25

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 1:3, 6

Даниел 2:26

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 1:7
  • +Бш 41:15

Даниел 2:27

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:10, 11

Даниел 2:28

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 40:8; Дн 1:17

Даниел 2:30

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:47

Даниел 2:32

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:37, 38; 7:4
  • +Дн 5:28; 7:5; 8:3, 20
  • +Дн 2:39; 7:6; 8:5, 21

Даниел 2:33

Шилтемелер

  • *

    Же: «бышырылган (калыпка куюлган) чоподон».

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 7:7, 19
  • +Дн 2:40—42

Даниел 2:34

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:44, 45

Даниел 2:37

Байланышы бар аяттар

  • +Жр 28:14; Дн 5:18

Даниел 2:38

Байланышы бар аяттар

  • +Жр 27:5—7
  • +Дн 2:32; 4:20—22

Даниел 2:39

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 45:1; Жр 51:28, 29; Дн 5:28
  • +Дн 7:6; 8:5, 21; 11:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/9/2007, 30-б.

Даниел 2:40

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:33; 7:19, 23
  • +Дн 7:7

Даниел 2:41

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «карапачынын чопосунан».

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2012, 15—16-бб.

Даниел 2:42

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2012, 16, 19-бб.

Даниел 2:43

Шилтемелер

  • *

    Же: «карапайым адамдар».

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2012, 16, 19-бб.

Даниел 2:44

Байланышы бар аяттар

  • +Шм2к 7:13; Ыш 9:7; Дн 7:13, 14
  • +Бш 49:10; Зб 2:6; Мт 6:10; Лк 22:29; Жн 18:36; Аян 11:15; 20:6
  • +Дн 4:17; 7:27
  • +Зб 2:7—9; 110:5, 6; Аян 19:15
  • +Дн 4:34; Лк 1:31—33

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 31-сабак

    «Эмнелерди билебиз?», 87—88-бб.

    «Ыйык Китепте эмне делет?», 81-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/9/2012, 7-б.

    15/8/2012, 30-б.

    15/6/2012, 17-б.

    1/11/2001, 4—5-бб.

    «Кудайга сыйынгыла», 91-б.

    «Кудайдын жетекчилиги», 25—26-бб.

Даниел 2:45

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:34, 35
  • +Бш 41:28; Дн 2:28

Даниел 2:47

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 41:39; Дн 1:17; 2:28; 4:9

Даниел 2:48

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 2:6; 5:16, 29

Даниел 2:49

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 1:7

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Дан. 2:1Дн 4:4, 5
Дан. 2:2Дн 4:6, 7; 5:7, 8
Дан. 2:4Пд2к 18:26; Эз 4:7; Ыш 36:11
Дан. 2:6Дн 2:48; 5:16, 29
Дан. 2:12Дн 2:24
Дан. 2:15Дн 2:9
Дан. 2:19Дн 2:28
Дан. 2:20Жл1к 29:11; Ап 12:13; Зб 147:5; Жр 32:17—19
Дан. 2:21Элч 1:7
Дан. 2:21Шм1к 2:7, 8; Зб 75:7; Жр 27:5; Дн 4:17
Дан. 2:21Нкл 2:6; Нс 2:26; Жкп. 1:5
Дан. 2:22Жр 33:3; Кр1к 2:10
Дан. 2:22Зб 139:12; Ев 4:13
Дан. 2:22Зб 36:9; 112:4
Дан. 2:23Дн 1:17; 2:28
Дан. 2:24Дн 2:12, 14
Дан. 2:25Дн 1:3, 6
Дан. 2:26Дн 1:7
Дан. 2:26Бш 41:15
Дан. 2:27Дн 2:10, 11
Дан. 2:28Бш 40:8; Дн 1:17
Дан. 2:30Дн 2:47
Дан. 2:32Дн 2:37, 38; 7:4
Дан. 2:32Дн 5:28; 7:5; 8:3, 20
Дан. 2:32Дн 2:39; 7:6; 8:5, 21
Дан. 2:33Дн 7:7, 19
Дан. 2:33Дн 2:40—42
Дан. 2:34Дн 2:44, 45
Дан. 2:37Жр 28:14; Дн 5:18
Дан. 2:38Жр 27:5—7
Дан. 2:38Дн 2:32; 4:20—22
Дан. 2:39Ыш 45:1; Жр 51:28, 29; Дн 5:28
Дан. 2:39Дн 7:6; 8:5, 21; 11:3
Дан. 2:40Дн 2:33; 7:19, 23
Дан. 2:40Дн 7:7
Дан. 2:44Шм2к 7:13; Ыш 9:7; Дн 7:13, 14
Дан. 2:44Бш 49:10; Зб 2:6; Мт 6:10; Лк 22:29; Жн 18:36; Аян 11:15; 20:6
Дан. 2:44Дн 4:17; 7:27
Дан. 2:44Зб 2:7—9; 110:5, 6; Аян 19:15
Дан. 2:44Дн 4:34; Лк 1:31—33
Дан. 2:45Дн 2:34, 35
Дан. 2:45Бш 41:28; Дн 2:28
Дан. 2:47Бш 41:39; Дн 1:17; 2:28; 4:9
Дан. 2:48Дн 2:6; 5:16, 29
Дан. 2:49Дн 1:7
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
Ыйык Китеп
Даниел 2:1—49

Даниел

2 Башкаруусунун экинчи жылында Небухаданасар падыша бир нече түш көрдү. Ошондон улам аябай тынчы кетип,+ уйкусу качты. 2 Ошондо падыша өзү көргөн түштү айтып беришсин деп, сыйкырчылык кылган дин кызматчыларды, сыйкырчыларды, көз байлоочуларды, көзү ачыктарды* чакыртты. Алар келип, падышанын алдына турушту.+ 3 Падыша аларга: «Мен түш көрдүм, түштүн маанисин биле албай, аябай тынчым кетип жатат»,— деди. 4 Көзү ачыктар ага арамей тилинде*:+ «Оо, падышабыз, түбөлүк жашаңыз. Түшүңүздү кулдарыңызга айтыңыз, жоруп берели»,— дешти.

5 Падыша көзү ачыктарга: «Эгерде мага кандай түш көргөнүмдү айтып, жоруп бербесеңер, силерди бырчалап кескилетем, үйлөрүңөрдү болсо эл колдонгон дааратканага* айлантам. Мен ушинтип чечтим! 6 Эгерде түшүмдү айтып, жоруп берсеңер, менден белек, сыйлык аласыңар, силерге чоң сый көрсөтүлөт.+ Эмесе, түшүмдү айтып, жоруп бергиле»,— деди.

7 Алар экинчи жолу: «Падышабыз кулдарына түшүн айтсын, жоруп берели»,— дешти.

8 Ошондо падыша: «Сөзүм эки болбосун түшүнүп, убакыттан уткуңар келип жатканын билип эле турам. 9 Эгерде түшүмдү айтып бербесеңер, баарыңар бирдей жазаланасыңар. Силер мени оюн өзгөртөт деп ойлоп, мага калп айтып, алдаганы жатасыңар, ошентип сүйлөшүп алдыңар. Кана, кандай түш көргөнүмдү айтып бергиле, ошондо аны жоруй аларыңарга да көзүм жетет»,— деди.

10 Көзү ачыктар падышага: «Жер жүзүндө падышанын бул талабын аткара ала турган бир да киши жок, себеби сыйкырчылык кылган дин кызматчыдан, сыйкырчыдан же көзү ачыктан мындайды бир да улуу падыша, бир да башкаруучу талап кылган эмес. 11 Падыша өтө кыйын нерсени талап кылып жатат, муну пенделердин арасында жашабаган кудайлардан башка эч ким айтып бере албайт»,— дешти.

12 Буга падышанын каары кайнап, Бабылдын бардык акылмандарын кырып салганга буйрук берди.+ 13 Буйрук чыкканда, акылмандарды өлтүрмөкчү болуп, Даниел менен анын жолдошторун да издешти.

14 Ошондо Даниел падышанын жан сакчыларынын башчысына — Бабылдын акылмандарын кырганы чыккан Ариохко — кайрылып, сөз тандап, этияттап сүйлөштү. 15 Ал падышанын ак сарайында кызмат кылган ошол Ариохтон: «Эмнеге падыша мындай катаал буйрук чыгарды?» — деп сурады. Ариох Даниелге иштин жөнүн түшүндүрдү.+ 16 Ошондо Даниел падышага кирип, түшүн жоруш үчүн убакыт беришин өтүндү.

17 Анан Даниел үйүнө барып, иштин чоо-жайын жолдошторуна: Хананияга, Мишаелге, Азарияга айтып берди. 18 Төртөө Бабылдын башка акылмандары менен кошо өлүп калбашы үчүн, Даниел жолдошторунан асмандын Эгедери болгон Кудайдан бул сырды ачып берип, ырайым кылышын өтүнгүлө деп суранды.

19 Түндө бул сыр Даниелге аян аркылуу ачылып берилди.+ Ошондо Даниел асмандын Эгедери болгон Кудайды алкады. 20 Ал мындай деди:

«Кудайдын ысмы түбөлүккө даңкталсын,

Оо, Кудай, акылмандык менен кудурет сага гана таандык.+

21 Сен убакыт-мөөнөттөрдү өзгөртөсүң,+

Падышаларды кулатып, падышаларды коёсуң,+

Акылмандарга акылмандык, кыраакыларга билим бересиң.+

22 Терең нерселерди, жашыруун нерселерди ачып бересиң,+

Караңгылыкта эмне бар экенин билесиң,+

Сени жарык курчап турат*.+

23 Оо, ата-бабаларымдын Кудайы, сени мактап-даңктайм,

Себеби мага акылмандык менен күч бердиң.

Сенден эмнени сурасак, мага ошону ачып бердиң,

Бизге падышанын түшүн ачып бердиң».+

24 Анан Даниел Бабылдын акылмандарын кырганга падышадан буйрук алган Ариохко барып:+ «Бабылдагы акылмандардын бирин да өлтүрбөңүз. Мени падышанын алдына алып барыңыз, түшүн жоруп берем»,— деди.

25 Ариох Даниелди дароо падышага алып барып, ага: «Мен Жүйүт жеринен туткундалып келгендердин арасынан+ падышанын түшүн жоруй ала турган киши таптым»,— деди. 26 Падыша Белтешатсар+ деген да аты бар Даниелден: «Сен чын эле көргөн түшүмдү айтып, жоруп бере аласыңбы?»+ — деп сурады. 27 Даниел мындай деп жооп берди: «Падыша сураган сырды ага акылмандардын, сыйкырчылардын, сыйкырчылык кылган дин кызматчылардын, жылдыз төлгөчүлөрдүн бири да ачып бере албайт.+ 28 Бирок асманда сырларды ача турган Кудай бар.+ Ал акыркы күндөрдө эмне болорун Небухаданасар падышага ачып берди. Сиздин көргөн түшүңүз, төшөгүңүздө жатып көргөн аяндарыңыз мындай:

29 Оо, падышам, төшөктө жатканда сиз келечекте эмне болот деп ойго баттыңыз. Анан сырларды ачып бере ала турган Кудай сизге эмне болорун көрсөттү. 30 Мага болсо бул сыр башкалардан акылдуураак болгонум үчүн эмес, падышам ошондо эмне жөнүндө ойлонгонун биле алышы үчүн, түшүн жоруп беришим үчүн ачылып берилди.+

31 Оо, падышам, сиз чоң айкелди көрдүңүз. Килейген, аябай жаркыраган ал айкел бет алдыңызда турду, анын көрүнүшү үрөй учурарлык эле. 32 Айкелдин башы таза алтындан,+ көкүрөгү менен колдору күмүштөн,+ ичи менен сандары жезден,+ 33 буттары темирден,+ бут кетмендери жарым-жартылай темирден, жарым-жартылай чоподон* эле.+ 34 Сиз карап турганда, тоодон адамдын катыштыгы жок эле бир таш бөлүнүп, айкелдин темир менен чоподон турган бут кетмендерине бир тийди эле, алар талкаланып калды.+ 35 Ошондо темир, чопо, жез, күмүш, алтын — баары талкаланып, жайкы кырмандагы топондой болуп калды. Аларды шамал учуруп кетти, изи да калган жок. Ал эми айкелди талкалаган таш чоң тоого айланып, бүт жерди ээлеп калды.

36 Сиз ушундай түш көрдүңүз. Эми түшүңүздү жоруп беребиз. 37 Оо, падышам, падышалардын падышасы, асмандын Эгедери болгон Кудай сизге падышалык,+ кудурет, күч, атак-даңк берди. 38 Ар кайсы жерде жашаган адамдардын, талаа жаныбарларынын, асман канаттууларынын үстүнөн бийлик берип, алардын баарына сизди башкаруучу кылып койду,+ ошон үчүн айкелдин алтын башы сизсиз.+

39 Сиздин падышалыгыңыздан кийин сиздикинен төмөн турган башка падышалык келет.+ Андан кийин айкелдин жез бөлүгүн билдирген үчүнчү падышалык пайда болот. Ал бүт жер жүзүн башкарат.+

40 Төртүнчү падышалык болсо темирдей катуу болот.+ Темир бардыгын талкалап, таш-талканын чыгаргандай эле, ал ушул падышалыктардын баарын талкалап, бүт ойрон кылат.+

41 Сиз бут кетмендери менен манжалардын жарым-жартылай чоподон*, жарым-жартылай темирден экенин көргөнүңүздөй эле, ал падышалыкта биримдик болбойт. Бирок, чопо менен аралашкан темирди көргөнүңүздөй, анда кандайдыр бир деңгээлде темирдин катуулугу болот. 42 Манжалары жарым-жартылай темирден, жарым-жартылай чоподон болгондой эле, ал падышалык да жарым-жартылай бекем, жарым-жартылай борпоң болот. 43 Сиз жумшак чопо менен аралашкан темирди көргөнүңүздөй, ал падышалыктын катуу бөлүктөрү эл* менен аралашат, бирок бирикпейт. Темир чопо менен аралашпагандай эле, алар да бири-бири менен бирикпейт.

44 Ошол падышалардын күндөрүндө асмандын Эгедери болгон Кудай эч качан кыйратылбай турган+ Падышалыкты орнотот.+ Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт.+ Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат,+ өзү болсо түбөлүк турат.+ 45 Себеби, өзүңүз көргөндөй, адамдын катыштыгы жок эле тоодон бир таш бөлүнүп, темирди, жезди, чопону, күмүштү, алтынды талкалады.+ Улуу Кудай падышага келечекте эмне болорун көрсөттү.+ Бул түшүңүз чын чыгат, чечмелениши да туура».

46 Ошондо Небухаданасар падыша жүзтөмөндөп жыгылып, Даниелге терең урмат көрсөттү. Анан ага белек берүүнү, анын урматына жыпарзат түтөтүүнү буйрук кылды. 47 Падыша Даниелге: «Чынында эле, силердин Кудайыңар кудайлардын Кудайы, падышалардын Башкаруучусу, сырларды ачкан Кудай экен. Себеби ал сага бул сырды ачканга жардам берди»,+— деди. 48 Ошондон кийин падыша Даниелдин зоболосун көтөрдү, ага көптөгөн баалуу белектерди берип, аны бүтүндөй Бабыл дубанына башкаруучу,+ Бабылдын бардык акылмандарына башчы кылып койду. 49 Ошондой эле Даниелдин өтүнүчү боюнча, Шадрахты, Мешахты, Абетнегону+ Бабыл дубанындагы иштерди жетектегенге дайындады. Даниел болсо падышанын ак сарайында кызмат кылды.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү