Накыл сөздөр
2 Уулум, эгер айткандарымды кабыл алсаң,
Осуяттарымды кенчтей сактасаң,+
2 Кулагыңды акылмандыкка төшөсөң,+
Жүрөгүңдү кыраакылыкка бурсаң,+
3 Ошондой эле түшүнүк тилеп жалбарсаң,+
Кыраакылык сурап жалынсаң,+
Катылган кенчти издегендей издей берсең,+
5 Жахабадан коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң,+
Кудай жөнүндөгү билимди табасың.+
7 Кудай акылмандыкты чынчыл адамдар үчүн сактап турат.
Ал — кынтыксыз жүргөндөр үчүн калкан.+
9 Ошондо адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты,
Жүрүшүң керек болгон туура жол кайсы экенин түшүнөсүң.+
10 Акылмандыкты жүрөгүң менен кабыл алганда,+
Билим жаныңа жакканда,+
11 Тунук ой жүгүртөсүң, бул сени сактайт,+
Кыраакылык сени коргойт,
12 Булар сени жаман жолдон,
Бузуку, жаман сөздөрдү сүйлөгөн кишиден сактайт.+
13 Караңгылыктын жолунда жүрүш үчүн+
Чынчылдыктын жолун таштагандардан,
14 Жаман иш кылганына кубангандардан,
Ыпылас, жаман нерселерден рахат алгандардан,
15 Тетири жолдо жүргөндөрдөн,
Басса-турса да алдамчылык кылгандардан сактайт.
Бал тилге салып сүйлөгөн аягы суюк аялдан*,+
17 Жаш кезиндеги жан шеригин*+ таштап кеткен,
Кудайынын келишимин* унуткан аялдан сактайт.