Забур
Жетекчиге. Кыл аспаптардын коштоосунда аткарылат. Маскил. Дөөтүнүн забуру.
2 Мага назар салып, жооп бере көр.+
Тынчымды кетирген ойлордон өзүмдү коёрго жер таппай,+
Санаам санга бөлүнүп жатат.
3 Анткени душманым мени коркутуп,
Ыймансыз кысым көрсөтүп жатат.
Азабымды арбытып,
Мага каарданып, жек көрүп жатышат.+
5 Мени коркунуч, калтырак басып,
Бүткөн боюм титиреп жатат.
6 Кайра-кайра: «Көгүчкөндүкүндөй канатым болсо кана!
Учуп кетип, коопсуз жакта жашамакмын.
8 Долуланган шамалдан, катуу шамалдан качып,
Баш калкалоочу жайга шашылмакмын»,— дей берем.
9 Оо, Жахаба, аларды дүрбөлөңгө салып, ойлогон оюн ойрон кыл,+
Себеби шаардан зордук-зомбулукту, уруш-талашты көрүп жатам.
10 Алар* күнү-түнү шаардын дубалдарынын үстүндө жүрүшөт,
Шаардын ичинде болсо кыянаттык менен кыйынчылык.+
Мага каршы чыккан киши жоо эмес,
Андан го жашынып калмакмын.
14 Экөөбүз ынак болчубуз,
Эл менен бирге Кудайдын үйүнө барчубуз.
Алар тирүүлөй көргө* түшсүн,
Анткени алардын арасында да, жүрөгүндө да жамандык уялаган.
Алар өзгөргүсү келбейт,
Кудайдан коркушпайт.+
Сөздөрү зайтун майынан жагымдуу,
Бирок алар жалаңдаган кылычтай.+
Ал адил адамдын кулашына* эч качан жол бербейт.+
23 Кудайым, сен ыймансыздарды терең чуңкурга түшүрөсүң.+
Канга забын болгондор менен алдамчылар өмүрүнүн жарымын да жашабайт.+
Ал эми мен сага таянам.