Жетекчиге. Жедутун. Асаптын+ ыры.
77 Үнүмдү бийик чыгарып, Кудайга жалбарам,
Кудайга үнүмдү бийик чыгарып жалбарам, ал мага кулак салат.+
2 Кыйналганымда Жахабаны издейм,+
Түнү бою колумду түшүрбөй, андан тиленем.
Бирок соороно албай жатам.
3 Кудай жөнүндө ойлонгондо кайгырып үшкүрүнөм,+
Сарсанаага батып, алым кетет.+ (Села)
4 Сен мага көз ирметпей жатасың;
Тынчым кетип, сүйлөй албай жатам.
5 Байыркы күндөр жөнүндө,
Эзелки жылдар тууралуу ойлоном.+
6 Түнкүсүн ырымды эстейм,+
Өзүмчө ой жүгүртөм,+
Буларды түшүнүш үчүн кылдат изденем.
7 Жахаба бизди биротоло таштап коёбу?+
Кайра эч качан ырайым кылбайбы?+
8 Бизди сүйүүсүнөн биротоло ажыраттыбы?
Бир да муун анын убадасынын аткарылганын көрбөй калабы?
9 Кудай бизге ырайым кылганды унутуп койдубу?+
Же каардангандыктан кайрымдуулук кылбай калдыбы? (Села)
10 «Эң Жогорку Кудай бизге жардам бербей калды» — деп,
Качанга чейин кыйнала берем?+
11 Оо, Жах, сенин кылган иштериңди эстейм;
Байыркы убактагы кереметтүү иштериңди эстейм.
12 Бардык иштериң тууралуу ой жүгүртөм,
Кылгандарың жөнүндө ойлоном.+
13 Оо, Кудай, сен ыйыктыгыңа жараша иш кыласың.
Оо, Кудай, сендей улуу кудай барбы?+
14 Сен ажайып иштерди жасаган чыныгы Кудайсың,+
Күчүңдү элдерге көрсөтүп келдиң.+
15 Кудуретиңди көрсөтүп, өз элиңди,
Жакып менен Жусуптун урпактарын куткардың.+ (Села)
16 Оо, Кудай, сени суулар көргөн,
Сени көрүп, коркконунан буркан-шаркан түшкөн.+
Терең суулар толкуган.
17 Булуттардан суу төгүлгөн.
Булуттуу асман күркүрөгөн,
Жебелериң туш тарапка учкан.+
18 Күркүрөгөнүң+ арабанын дөңгөлөктөрүнүн дабышындай болгон,
Чагылган жердин бетин жарык кылган,+
Жер титиреп, солкулдаган.+
19 Сенин жолуң деңиз аркылуу,+
Терең суулар аркылуу өткөн.
Бирок эч ким баскан изиңди көргөн эмес.
20 Сен элиңди Муса менен Арундун камкордугу астында+
Отордой кылып жетектеп жүргөнсүң.+