Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Эфестиктерге 1
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Эфестиктерге. Мазмуну

      • Учурашуу (1, 2)

      • Кудайдын төккөн баталары (3—7)

      • Кудай баарын Машаяк аркылуу бириктирет (8—14)

        • Мезгилдердин соңунда иш алып баруунун тартиби (10)

        • Ыйык рух менен мөөрлөнүү — мурастын бериле турганына кепилдик (13, 14)

      • Пабыл эфестиктердин ишеними үчүн Кудайга ыраазычылык билдирип, алар үчүн тиленет (15—23)

Эфестиктерге 1:1

Шилтемелер

  • *

    Б. а. Кудай дайындаган падыша. Машаяк — «майланган» деген маанини билдирген наам. Сөздүктү кара.

  • *

    Сөзмө-сөз: «ыйыктарга». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Аян 2:1, 3

Эфестиктерге 1:3

Шилтемелер

  • *

    Б. а. ыйык күчү.

Байланышы бар аяттар

  • +Эф 2:6

Эфестиктерге 1:4

Шилтемелер

  • *

    Бул Адам ата менен Обо эненин балдары төрөлө баштаган убакты билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Эф 5:25—27

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/10/2009, 27—28-бб.

    1/10/2009, 6-б.

    1/7/2002, 5-б.

Эфестиктерге 1:5

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 8:28
  • +Рим. 8:15, 29; 8:23
  • +Тс2к 2:13; Пт1к 1:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/10/2009, 27—28-бб.

    15/8/2008, 27-б.

    1/10/2009, 6-б.

    1/7/2002, 5-б.

Эфестиктерге 1:6

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 3:35
  • +Рим. 3:24

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/7/2002, 5—6-бб.

Эфестиктерге 1:7

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 20:28; Рим. 3:25; Аян 5:9
  • +Элч 13:38; Кл 1:14; 2:13

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    7/2016, 27—28-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/10/2009, 28-б.

    1/7/2004, 10—11-бб.

    1/7/2002, 6-б.

Эфестиктерге 1:9

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 16:25, 26

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/10/2009, 28-б.

    1/3/2006, 4—5-бб.

    1/7/2002, 6-б.

Эфестиктерге 1:10

Байланышы бар аяттар

  • +Флп. 2:9, 10; Кл 1:19, 20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «„Ыйык кызматыбыз жана жашообуз“ окуу куралы»,

    6/2019, 3-б.

    «Жахабага жакында», 146—147-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/7/2012, 27—28-бб.

    15/10/2009, 28-б.

    1/3/2006, 3—7, 12—16-бб.

    1/7/2002, 4—5, 6—7-бб.

    1/10/1997, 13, 15—16, 18-бб.

    «Кудайга сыйынгыла», 186—191-бб.

Эфестиктерге 1:11

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 8:17; Эф 3:5, 6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/6/2006, 22—23-бб.

Эфестиктерге 1:13

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 1:22; Эф 4:30; Аян 7:4

Эфестиктерге 1:14

Шилтемелер

  • *

    Же: «мурас үчүн толук төлөнчү баанын алдын ала берилген бөлүгү».

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 5:5; Пт1к 1:3, 4
  • +Рим. 8:23; Тм1к 2:5, 6
  • +Пт1к 2:9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    1/2016, 18-б.

Эфестиктерге 1:15

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «ыйыктарга».

Эфестиктерге 1:17

Байланышы бар аяттар

  • +Кл 1:9; Тм1к 2:3, 4

Эфестиктерге 1:18

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «жүрөгүңөрдүн көзүн».

Байланышы бар аяттар

  • +Пт1к 1:3, 4

Эфестиктерге 1:19

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 13:4

Эфестиктерге 1:20

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 110:1; Элч 7:55

Эфестиктерге 1:21

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 4:12; Флп. 2:9—11

Эфестиктерге 1:22

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 8:6; Кр1к 15:27; Ев 2:8
  • +Мт 28:18; Эф 5:23; Кл 1:18

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2007, 22-б.

Эфестиктерге 1:23

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 12:5; Эф 4:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2007, 22-б.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Эф. 1:1Аян 2:1, 3
Эф. 1:3Эф 2:6
Эф. 1:4Эф 5:25—27
Эф. 1:5Рим. 8:28
Эф. 1:5Рим. 8:15, 29; 8:23
Эф. 1:5Тс2к 2:13; Пт1к 1:2
Эф. 1:6Жн 3:35
Эф. 1:6Рим. 3:24
Эф. 1:7Элч 20:28; Рим. 3:25; Аян 5:9
Эф. 1:7Элч 13:38; Кл 1:14; 2:13
Эф. 1:9Рим. 16:25, 26
Эф. 1:10Флп. 2:9, 10; Кл 1:19, 20
Эф. 1:11Рим. 8:17; Эф 3:5, 6
Эф. 1:13Кр2к 1:22; Эф 4:30; Аян 7:4
Эф. 1:14Кр2к 5:5; Пт1к 1:3, 4
Эф. 1:14Рим. 8:23; Тм1к 2:5, 6
Эф. 1:14Пт1к 2:9
Эф. 1:17Кл 1:9; Тм1к 2:3, 4
Эф. 1:18Пт1к 1:3, 4
Эф. 1:19Кр2к 13:4
Эф. 1:20Зб 110:1; Элч 7:55
Эф. 1:21Элч 4:12; Флп. 2:9—11
Эф. 1:22Зб 8:6; Кр1к 15:27; Ев 2:8
Эф. 1:22Мт 28:18; Эф 5:23; Кл 1:18
Эф. 1:23Рим. 12:5; Эф 4:16
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
Ыйык Китеп
Эфестиктерге 1:1—23

Эфестиктерге

1 Кудайдын эрки менен Машаяк* Исанын элчиси болгон Пабылдан Эфестеги+ боордошторубузга*, Машаяк Исанын ишенимдүү шакирттерине:

2 Асмандагы Атабыз Кудай менен Мырзабыз Иса Машаяк силерге ырайымын төгүп, тынчтык берсин.

3 Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын, анткени ал Машаяк менен биримдикте болгон бизге өзүнүн ыйык руху* аркылуу асман чөйрөсүндө мол бата берди.+ 4 Кудай бизди Машаяк менен биримдикте болушубуз үчүн, аны сүйүп, анын алдында ыйык, кемтиксиз болушубуз үчүн,+ адамзат дүйнөсү жаралганга* чейин эле тандап алган. 5 Ал өзү туура көрүп, өзү каалагандыктан+ бизди Иса Машаяк аркылуу балдары кылып асырап алыш үчүн+ алдын ала тандап алган.+ 6 Бизге сүйүктүү Уулу аркылуу+ айкөлдүк кылып, улуу ырайымын көрсөткөнүнүн аркасында+ адамдар аны мактап-даңкташы үчүн ошондой кылган. 7 Кудайдын улуу ырайымынан улам биз анын Уулу аркылуу боштондукка чыктык. Ооба, анын төгүлгөн каны аркылуу+ төлөнгөн кундун негизинде күнөөлөрүбүз кечирилди.+

8 Кудай бизге ошол ырайымын мол төгүп, терең акылмандык, түшүнүк берип, 9 өзүнүн эркине байланышкан ыйык сырды+ ачып берди. Ал сыр анын каалоосуна, ой-ниетине шайкеш келет. 10 Ага ылайык, Кудай белгиленген мезгилдердин соңунда иш алып баруунун тартибин түзүп, асмандагы менен жердегинин баарын кайрадан Машаяк аркылуу бириктирет.+ Ооба, бардыгы ал аркылуу биригет. 11 Биз аны менен биримдиктебиз жана аны менен чогуу мурасчы болуп дайындалдык.+ Себеби бардыгын өзүнүн эркине ылайык кылган Кудай бизди ой-ниети боюнча алдын ала тандап алган. 12 Биз, Машаякка биринчилерден болуп ишеним арткандар, Кудайды даңктап-макташыбыз үчүн ушундай болду. 13 Чындык сөзүн, куткарылышыңар жөнүндөгү жакшы кабарды, уккандан кийин силер да Машаякка ишеним арта баштадыңар. Ошонун аркасында ал аркылуу силер да Кудайдын убада кылынган ыйык руху менен мөөрлөндүңөр.+ 14 Ыйык рух — мурастын бизге бериле турганына кепилдик*.+ Кудай өз элин төлөнгөн кундун негизинде+ боштондукка чыгарып,+ ошондон улам өзү даңкталышы үчүн, ошол ыйык рух менен мөөрлөндүңөр.

15 Ошондуктан силердин Мырзабыз Исага болгон ишенимиңер, бардык бир туугандарыбызга* болгон сүйүүңөр жөнүндө уккандан бери 16 Кудайга силерди айтып ар дайым ыраазычылык билдирем. Тиленгенде дайыма силер жөнүндө айтып, 17 Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы, даңкка бөлөнгөн Атабыз силерге акылмандык берип, өзү жөнүндөгү так билимди ачып бере беришин суранам.+ 18 Ал силердин көзүңөрдү* ачты. Ошонун аркасында силер кандай үмүткө ээ болгонуңарды, анын ыйык кызматчыларына теңдешсиз байлыкты мурас катары сактап турганын,+ 19 бизге — ишенгендерге — таасир эткен күчүнүн кудуретин билдиңер.+ Анын күчүнүн канчалык зор экени кылган ишинен көрүнүп турат: 20 Кудай ошол кудуреттүү күчү менен Машаякты тирилтип, аны асманда өзүнүн оң жагына отургузган.+ 21 Ошондуктан Машаяк азыркы эле эмес, келечектеги заманда* да бардык өкмөттөрдөн, бийликтерден, күчтөрдөн, башкаруучулардан, дегеле даражасы бийик ким болбосун, баарынан жогору турат.+ 22 Ошондой эле Кудай баарын анын бут алдына жыгып,+ ага баш ийдирген жана аны өзүнүн бүт жыйналышына башчы кылып койгон.+ 23 Жыйналыш — Машаяктын денеси,+ Машаяк аны бардык жагынан толуктап, толтуруп турат.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү