Мыйзам
32 «Кулак сал, асман, мен сүйлөйм.
Кулак сал, жер, менин сөзүмө.
2 Акыл-насаатым жамгыр болуп төгүлөт,
Сөздөрүм шүүдүрүмдүн тамчыларындай,
Көк чөпкө майдалап жааган жамгырдай,
Өсүмдүккө жааган нөшөрдөй болот.
3 Анткени Жахабанын ысмын жарыя кылам.+
Кудайыбыздын улуулугун даңазалагыла.+
Алар — бузулган, туура жолдон адашкан муун!+
Ал сени жараткан Атаң эмеспи?+
Сени жаратып, эл кылып түптөгөн эмеспи?
7 Байыркы күндөрдү эсте,
Өткөн муундардын убагында эмне болгону жөнүндө ойлон.
Атаңдан сура, ал сага айтып берет,+
Карыяларыңдан сура, сага айтып беришет.
8 Эң Жогорку Кудай элдерге мурас бергенде,+
Адамдын уулдарын* чачыратканда,+
Ысрайыл элинин санын эске алып,+
Элдердин чек араларын белгилеп койгон.+
11 Балапандарына учканды үйрөткөн бүркүттөй болуп,
Алардын үстүндө каалгып учат,
Канатын жайып, балапандарын кондуруп алат,
Канатынын үстүнө көтөрүп жүрөт.+
Аны аска-зоодогу бал менен,
Аска таштан аккан май менен азыктандырган.
14 Аны бодо малдын майы менен, майда малдын сүтү менен,
Семиз койлор менен,
Башанда жайылган кочкорлор менен, текелер менен,
Буудайдын эң жакшысы менен баккан.+
Ичкенге жүзүмдүн ширесинен жасалган шарап берген.
15 Жешурун* семирип, ээсине баш бербей калды.
Семирип, жоонойду, көкүрөгүн май басты.+
Өзүн жараткан Кудайды таштап койду,+
Куткарар Аскасын четке какты.
17 Курмандыктарын Кудайга эмес, жиндерге*,+
Өзү тааныбаган,
Жакында эле пайда болгон жаңы кудайларга,
Ата-бабалары билбеген кудайларга багыштап чалды.
18 Сен өзүңө өмүр берген атаңды, Асканы, унутуп койдуң,+
Сени жарык дүйнөгө алып келген Кудайды эсиңден чыгардың.+
Ошондуктан эл деп эсептелбегендер аркылуу алардын намысына тием,+
Аларды акылсыз эл аркылуу каардантам.+
Анын жалыны көрдүн* түбүнө чейин жетет.+
Жерди түшүмү менен кошо жалмап,
Тоолордун пайдубалын да күйгүзүп кетет.
23 Аларга көптөгөн кырсык-каргашаларды жиберем,
Жебелеримди аларды көздөй атам.
Алар улан-кыздарынан,
Эмчектеги баласы менен ак чач карысынан айрылышат.+
26 Мен: “Аларды чачыратып,
Атын эл арасынан өчүрөм”,— десем деле болмок.
“Мунун баарын Жахаба кылган жок,
Аларды өз күчүбүз менен жеңдик”,— дебесин дедим.+
29 Булар акылдуу болушса кана!+ Анда бул тууралуу ойлонушпайт беле,+
Акырында эмне болушарын баамдашпайт беле.+
30 Аскасы аларды таштап салбаса,+
Жахаба аларды душмандарынын колуна салып бербесе,
Бир душман 1 000 ысрайылдыкты кубалай алат беле?
Экөө 10 000 ысрайылдыкты качыра алат беле?+
Анын жүзүмү — уу,
Мөмөлөрү ачуу.+
35 Өчтү мен алам, мен жазалайм.+
Белгиленген убак келгенде, алар тайгаланып жыгылышат,+
Анткени алардын башына мүшкүл түшө турган күн,
Алар кабыла турган нерселер тездик менен жакындап келатат“.
36 Жахаба элине сот жүргүзөт,+
Өзүнүн кызматчыларын аяйт,+
Анткени алардын алдан-күчтөн тайганын,
Болушар эч кимиси жоктор менен бечаралар гана калганын көрөт.
37 Анан мындай дейт: „Алардын кудайлары кайда?+
Баш маанасы, аскасы кайда?
38 Алардын курмандыктарынын майын жеген,
Суюк тартуу катары алып келген шарабын ичкен кудайлары кайда?+
Ошолор келип, жардам беришсин,
Жашына турган жай болуп беришсин.
Өлтүргөн да, өмүр берген да менмин.+
41 Жалтылдаган кылычымды кайрап,
Сот жүргүзгөнгө даярданам,+
Душмандарыман өч алам,+
Мени жек көргөндөрдүн баарын жазалайм.
42 Жебелеримди канга мас кылам,
Кылычымды этке тойгузам,
Өлгөндөр менен туткундардын канына,
Душмандардын жол башчыларынын башына тойгузам“.
43 Элдер, анын эли менен бирге кубангыла,+
Анткени ал кызматчыларынын каны үчүн өч алат,+
Душмандарына тиешесин берет,+
Өз элинин жерин күнөөдөн арылтат».
44 Муса келип, Нундун уулу Ошуя*+ менен чогуу бул ырдын сөздөрүн элге айтып берди.+ 45 Баарын айтып бергенден кийин Муса аларга: 46 «Мен бүгүн айткан эскертүүлөрдүн баарын жүрөгүңөргө түйүп алгыла да,+ балдарыңарга ушул Мыйзамда айтылгандардын баарын кылдат аткарганды үйрөткүлө.+ 47 Анткени булар курулай сөздөр эмес, булардан өмүрүңөр көз каранды.+ Бул айтылгандарды аткарсаңар, Иордандын аркы өйүзүндөгү ээлегени бараткан жерде узак өмүр сүрөсүңөр»,— деди.
48 Жахаба ошол эле күнү Мусага: 49 «Маап жериндеги Абарымдагы+ Небо тоосуна,+ Жерихонун тушундагы бул тоого, чык. Анан мен ысрайыл элине берип жаткан Канаан жерине көз чаптыр.+ 50 Ошондон кийин Ор тоосунда көз жумган агаң Арунга окшоп, сен да өзүң чыккан ошол тоодо ата-бабаларыңдай эле көз жумасың.+ 51 Анткени силер Зин чөлүндөгү Кадештеги Мериба суусунун+ жанында ысрайыл элинин алдында менин тилимди алган эмессиңер, алардын алдында мени даңктаган* эмессиңер.+ 52 Мен ысрайыл элине берип жаткан ал жерди алыстан эле көрөсүң, бирок ал жакка барбайсың»,+— деди.