Тиметейге 1-кат
2 Ошондуктан силерди баарынан мурда ар кандай адамдар үчүн Кудайдан жалынганга, тиленгенге, өтүнгөнгө, ыраазычылык билдиргенге үндөйм. 2 Мындан ары да бардык нерсеге олуттуу карап, Кудайга бүт жүрөгүбүз менен берилип, тынч, бейпил жашашыбыз үчүн,+ падышалар менен жогорку абалды ээлегендердин баары үчүн тиленгиле.+ 3 Бул Куткаруучубуз Кудайдын+ көз алдында туура жана ага жагат. 4 Кудай ар кандай адамдардын туура окууларды так билишин жана куткарылышын каалайт.+ 5 Анткени бир эле Кудай бар+ жана Кудай менен адамдардын ортосунда+ бир эле арачы бар.+ Ал — адам болуп жашаган Машаяк Иса.+ 6 Ал өз өмүрүн бардыгы* үчүн ылайыктуу кун катары берген.+ Бул жөнүндө адамдар өз убагы келгенде күбөлөндүрүшөт. 7 Ушул максатта+ Кудай мени кабарчы, элчи болгонго,+ тагыраак айтканда, башка элдерге Кудайга болгон ишеним жана анын туура окуусу жөнүндө айтып, окутуп-үйрөткөнгө дайындаган.+ Мен чындыкты айтып жатам, калп айткан жокмун.
8 Ошондуктан чогулган жерлериңердин баарында эркектердин ачууланбай,+ талашып-тартышпай,+ Кудайдан чын жүрөктөн* тиленишин каалайм.+ 9 Ал эми аялдар адептүү кийинишсин, кийингенинен башкаларды сыйлаары, акыл-эстүү экени көрүнүп турсун. Алардын жасалгасы өзгөчө өрүлгөн чачы, алтын, бермет же өтө кымбат кийим эмес,+ 10 Кудайга берилген аялдарга мүнөздүү жакшы иштери болсун.+
11 Таалим алып жатканда* аялдар унчукпай угуп, толук баш ийишсин.+ 12 Аял кишинин окутушуна да, эркекти башкарышына да тыюу салам; ал унчукпасын.+ 13 Анткени адегенде Адам ата, андан кийин Обо эне жаратылган.+ 14 Ошондой эле Адам ата эмес, аял алданган.+ Ал алданып, күнөө кылган. 15 Ошентсе да аял дайыма акыл-эстүү болуп, Кудайга болгон ишенимин, сүйүүсүн сактаса, Кудайдын көз алдында таза болсо,+ аны бала төрөгөнү коргойт*.+