Жеремия
10 Оо, ысрайыл эли, Жахабанын силерге эскертип айткан сөзүн уккула. 2 Жахаба мындай дейт:
3 Себеби элдердин каада-салттарынын эч пайдасы жок*.
Бирөө токойдон дарак кыйып келет,
Уста болсо аны жонгуч менен жонот.+
5 Бадыраң өскөн талаадагы каракчыдай болуп андай буркандар сүйлөй алышпайт;+
Баса албагандыктан, аларды көтөрүп жүрүшөт.+
Алардан коркпогула, себеби эч жамандык кыла алышпайт,
Жакшылык да кыла алышпайт».+
6 Оо, Жахаба, сендей эч ким жок.+
Сен улуусуң, ысмың да улуу, ал кудуреттүү* экениңди көрсөтүп турат.
7 Сенден ким коркпосун, оо, элдердин Падышасы,+ сен ушуга татыктуусуң;
Себеби бүт элдердин акылмандарынын арасында,
Алардын бүт падышалыктарында сендей эч ким жок.+
8 Алар болсо түркөй, акылсыз.+
Дарактан жасалган буркан аларды адаштырат*.+
9 Таршыштан+ жалпайтылган күмүш, Упаздан алтын алынып келинет.
Уста менен зергер болсо жыгач буркандарды ошолор менен каптайт.
Буркандарга жүндөн токулган көк, кызгылт көк кийим кийгизишет.
Ал буркандардын баарын чебер усталар жасайт.
10 Ал эми Жахаба болсо чыныгы Кудай.
Ал — тирүү Кудай,+ түбөлүктүү Падыша.+
Ал ачууланганда, жер солкулдайт,+
Өкүмүн жарыялаганда, бир да эл туруштук бере албайт.
Ал жердин учу-кыйырынан булуттарды* көтөрөт,+
Жамгыр жаап жатканда, чагылган чартылдатат*,
Кампаларынан шамал чыгарат.+
14 Адамдардын баары акылсыздык кылып жатышат, алардын билими жок.
Ар бир темир уста оюп жасаган бурканынын айынан уят болот;+
Себеби куйма бурканы — жалган нерсе.
Андай буркандардын жаны жок.+
15 Алар — пайдасыз*, шылдыңдап күлө турган нерселер.+
Жазаланар убагы келгенде жок болушат.
16 Ал эми Жакыптын Кудайы* алардай эмес.
Анткени ал — бардыгынын Жаратканы.
Ысрайыл — анын таягы, менчиги*.+
Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.+
18 Анткени Жахаба:
19 Шорум катты, себеби мен кыйрадым*!+
Жараатым айыккыс.
Ошон үчүн: «Бул — менин дартым, буга чыдашым керек.
20 Чатырым кыйрап, жиптеринин баары үзүлдү.+
Балдарым мени таштап кетти, эми алар жок.+
Чатырымды тигип, жабууларын жаза турган эч ким жок.
Ошон үчүн акыл менен иш кылышкан жок,
Оторунун баары чачырап кетти»,— дедим.+
22 Уккула! Жаңы эле кабар келди!
Түндүктөн катуу добуш угулуп жатат.+
Душмандын аскери Жүйүттүн шаарларын ээн калтырып, чөөлөрдүн жатагына айлантканы келатат.+
23 Оо, Жахаба, пенде жүрүшү керек болгон жолун өзү таба албай турганын жакшы билем.