Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Башталыш 39
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Башталыш. Мазмуну

      • Жусуп Потипардын үйүндө (1—6)

      • Жусуп Потипардын аялынын азгырыгына алдырбайт (7—20)

      • Жусуп камакта (21—23)

Башталыш 39:1

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 17:20; 37:25
  • +Зб 105:17; Элч 7:9
  • +Бш 37:36

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2014, 12—13-бб.

Башталыш 39:2

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 8:31; Ев 13:6

Башталыш 39:5

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 30:27

Башталыш 39:6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2014, 13-б.

Башталыш 39:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2014, 13—14-бб.

Башталыш 39:9

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 2:24; 20:3, 6; Зб 51:башындагы сөз; 51:4; Мр 10:7, 8; Ев 13:4

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 41-сабак

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    11/2018, 25—26-бб.

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    9/2017, 4—5-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2014, 14-б.

    1/11/2013, 9-б.

    15/2/2013, 4-б.

    1/11/2007, 13—14-бб.

    1/7/2006, 20—21-бб.

    1/3/2004, 31-б.

    1/11/2000, 21—22-бб.

    1/9/1998, 5-б.

    1/2/1998, 30-б.

Башталыш 39:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2015, 16-б.

    1/11/2014, 14-б.

Башталыш 39:12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 41-сабак

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2014, 14-б.

Башталыш 39:20

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 105:17, 18

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2014, 14—15-бб.

Башталыш 39:21

Шилтемелер

  • *

    Же: «ага туруктуу сүйүүсүн көрсөтө берди».

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 40:2, 3; Зб 105:19; Элч 7:9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/2/2015, 12-б.

    1/11/2014, 15-б.

    1/6/2002, 11—13-бб.

Башталыш 39:22

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 39:6

Башталыш 39:23

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 49:22, 25; Элч 7:9, 10

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Башт. 39:1Бш 17:20; 37:25
Башт. 39:1Зб 105:17; Элч 7:9
Башт. 39:1Бш 37:36
Башт. 39:2Рим. 8:31; Ев 13:6
Башт. 39:5Бш 30:27
Башт. 39:9Бш 2:24; 20:3, 6; Зб 51:башындагы сөз; 51:4; Мр 10:7, 8; Ев 13:4
Башт. 39:20Зб 105:17, 18
Башт. 39:21Бш 40:2, 3; Зб 105:19; Элч 7:9
Башт. 39:22Бш 39:6
Башт. 39:23Бш 49:22, 25; Элч 7:9, 10
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
Ыйык Китеп
Башталыш 39:1—23

Башталыш

39 Ысмайылдын тукумдары+ Жусупту Мисирге алып барышты.+ Аны алардан Мисир падышасынын ак сарайында кызмат кылган мисирлик Потипар,+ падышанын сакчыларынын башчысы, сатып алды. 2 Бирок Жахаба Жусупту дайыма колдоп тургандыктан,+ ал бардык иштеринде ийгиликке жетип жатты. Ошон үчүн мисирлик мырзасы аны өзүнүн үйүндө кызмат кылганга дайындады. 3 Мырзасы Жахабанын Жусупту колдоп турарын, Жахабанын анын бардык иштерине батасын берип жатканын көрдү.

4 Ошентип, Жусуп мырзасына жагып, анын жеке кызматчысы болуп калды. Мырзасы аны өз үйүнө башкаруучу кылып дайындап, өзүнө таандык нерсенин баарын ага тапшырды. 5 Ошондон тартып Жахаба Жусуп үчүн мисирлик кишинин үйүнө батасын бере баштады. Жахаба анын үйүндөгүлөрүнө, талаасындагы бардык нерсесине батасын берип жатты.+ 6 Акыры, Потипар өзүнө таандык болгондун баарын Жусупка тапшырып койду. Өзү болсо эмне жей турганын гана айтып турчу. Андан башка эч нерседен кам саначу эмес. Арадан убакыт өтүп, Жусуп келишимдүү, сулуу жигит болду.

7 Мырзасынын аялынын ага көңүлү түшүп: «Мени менен жат»,— деп асыла баштады. 8 Бирок Жусуп макул болбой: «Мен барда, мырзам үйүндөгү эч нерсесинен кам санабайт, баарын мага тапшырган. 9 Бул үйдө менден жогору турган эч ким жок. Мырзам сизден башканын баарын менин колума тапшырган, сиз болсо анын аялысыз да. Анан кантип ушундай жаман ишке барып, Кудайдын алдында күнөө кылайын?» — деди.+

10 Аял Жусупка күн сайын ошентип жабыша берсе да, ал аны менен жатканга, аны менен жалгыз калганга макул болгон жок. 11 Бир күнү Жусуп адаттагысындай эле иштери менен үйгө кирди. Үйдө кызматчылардын эч кимиси жок болчу. 12 Ошондо аял аны кийиминен тартып: «Кел, мени менен жат»,— деди. Бирок Жусуп үйдөн чыга качты, кийими болсо аялдын колунда калып калды. 13 Жусуп кийимин калтырган бойдон качып чыгары менен, 14 аял кызматчыларын чакырды да: «Карагылачы, күйөөм алып келген бул еврей бизди маскара кылайын дептир. Ал үйгө кирип, мени зордуктайын дегенде, катуу кыйкырып жибердим. 15 Кыйкырганымды угуп, кийимин калтырган бойдон үйдөн качып чыкты»,— деди. 16 Анан Жусуптун кийимин күйөөсү келгенде көрсөтүш үчүн коюп койду.

17 Күйөөсү келгенде: «Сен алып келген еврей кулуң мени маскара кылайын деп келиптир. 18 Бирок мен кыйкырып жибердим. Ошондо кийимин калтырган бойдон качып кетти»,— деди. 19 Жусуптун мырзасы аялынын: «Кулуң ушинтти»,— деген сөздөрүн укканда, каары кайнап чыкты. 20 Ошондуктан Жусупту падыша каматкан кишилер жаткан түрмөгө каматып койду. Ошентип, Жусуп түрмөгө түшүп калды.+

21 Бирок Жахаба Жусупка ал жактан да жардам берип, аны колдоп жатты*. Ал түрмө башчысынын жүрөгүн жибиткендиктен, Жусуп ага жагып калды.+ 22 Ошон үчүн ал Жусупту камакта жаткандардын баарына башчы кылып койду. Жусуп эмне десе, алар ошонун баарын аткарышчу.+ 23 Жахаба Жусупту колдоп жатты. Ал эмне иш кылбасын, Жахаба батасын берип жатты. Ошон үчүн түрмө башчысы ага тапшырган нерселеринен такыр кам саначу эмес.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү