Забур
ҮЧҮНЧҮ КИТЕП
(73—89-забурлар)
Асаптын+ ыры.
73 Кудай ысрайыл элине, жүрөгү тазаларга жакшылык кылат.+
7 Майкөл-сүткөл жашоодон семирип, көздөрү көрүнбөй калган,
Ой-кыялдары орундалды, атүгүл ойлогонунан да ашып түштү.
9 Асмандай бийик болгонсуп сүйлөшөт,
Жер бетинде каалагандай сүйлөп, каалагандай басып жүрүшөт.
11 Алар: «Кудай кайдан билмек эле?+
Эң Жогорку Кудай баарын билмек беле?» — дешет.
12 Мына, ыймансыздар ушинтип бейкапар жашайт.+
Мүлкүн көбөйтүп жатышат.+
13 Анда мен бекер эле жүрөгүмдү таза сактап,
Бекер эле колумду жууп* айыпсыз экенимди көрсөтүп жүргөн экем да.+
15 Бирок булар жөнүндө башкаларга айткан болсом,
Анда сенин элиңе чыккынчылык кылган болмокмун.
16 Ушуларды түшүнгөнгө аракет кылдым,
Ошондо кыйналдым,
17 Кудайдын улуу ыйык жайына кирип,
Ыймансыздардын келечегин билгенге чейин кыйналдым.
19 Алар капысынан үрөй учурарлык абалга туш болуп жатышат!+
Күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылып, кырылып жатышат!
20 Адам ойгонгондон кийин түшүн унутуп койгондой эле,
Оо, Жахаба*, сен иш-аракет кыла баштаганда алардын элесин жок кыласың.
22 Көрсө, акылсыз экем, көп нерсени түшүнчү эмес экенмин,
Көз алдыңда аң-сезими жок жаныбардай эле болчу экенмин.
25 Асманда дагы кимим бар?
Жерде да сенден башка эч нерсенин кереги жок.+
26 Денем алсырашы, жан дүйнөм жанчылышы мүмкүн.
Бирок Кудай жан дүйнөмө кубат берет, ал — аскам. Кудай — түбөлүк үлүшүм.+
27 Ал эми сенден алыстагандар ойрон болушат.
Берилгендигин сактабай*, сени таштап кеткендердин баарын жок кыласың.+
28 Менин болсо Кудайга жакындаганым жакшы.+
Бардык иштерин жарыялаш үчүн
Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам.+