Дөөтүнүн ыры.
103 Жахабаны алкап-мактайын,
Бүт жан дүйнөм ыйык ысмын даңктасын.
2 Жахабаны алкап-мактайын,
Анын кылган иштеринин бирин да эч качан унутпайын.+
3 Ал айыбыңдын баарын кечирет,+
Дартыңдын баарын айыктырат.+
4 Мени көрдөн куткарат,+
Сүйүүсү менен кайрымдуулугуна бөлөйт.+
5 Жашооңду жакшылыкка толтурат,+
Ошондо күчүң бүркүттүкүндөй болуп жаңыланат.+
6 Жахаба эзилгендердин баарына калыстык кылат,+
Алар үчүн адилдик менен иш кылат.+
7 Ал Мусага кандай иш кыларын,
Ысрайыл элине жасаган иштерин ачып берген.+
8 Жахаба — ырайымдуу, боорукер,+
Сабырдуу, сүйүүсү чексиз Кудай.+
9 Ал кынтык издей бербейт,+
Түбөлүккө каардана бербейт.+
10 Бизге күнөөлөрүбүзгө жараша мамиле кылбайт,+
Кылмыштарыбызга жараша тиешебизди бербейт.+
11 Анткени асман жерден кандай чексиз бийик болсо,
Анын өзүнөн корккондорго болгон сүйүүсү ошондой чексиз.+
12 Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо,
Ал кылмыштарыбызды бизден ошончолук алыстатты.+
13 Атасы уулдарына ырайым кылгандай,
Жахаба андан корккондорго ырайым кылат.+
14 Анткени биздин эмнеден жаратылганыбызды жакшы билет,+
Топурак экенибизди унутпайт.+
15 Ажалдуу адамдын өмүр күндөрү көк чөптүкүндөй кыска эле,+
Ал талаа гүлүндөй болуп гүлдөйт.+
16 Бирок шамал соксо эле, ал жок болот,
Эч качан болбогондой эле болуп калат.
17 Жахаба болсо андан корккондорду түбөлүккө сүйөт,+
Алардын урпактары үчүн адил иш кылат,+
18 Анын келишимин сактагандар үчүн,
Буйруктарын кылдат аткаргандар үчүн адил иш кылат.+
19 Жахаба тактысын асманга бекем орноткон,+
Анын падышалыгы бардыгына бийлик жүргүзөт.+
20 Жахабанын бардык периштелери,+ күчтүүлөрү,
Анын сөзүн аткарып,+ ага баш ийгендер, аны алкагыла.
21 Жахабанын бардык аскерлери,+
Эркин аткарган кызматчылары,+ аны алкагыла.
22 Жахабанын колунан бүткөндүн баары,
Ал бийлик кылган жерлердин баарында аны алкагыла.
Жахабаны бүт жүрөгүм менен даңктайын.