Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Жунус 1
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Жунус. Мазмуну

      • Жунус Жахабадан качып кетмекчи болот (1—3)

      • Жахаба катуу шамал жиберет (4—6)

      • Жунустун айынан баары кырсыкка кабылат (7—13)

      • Жунусту деңизге ыргытып жиберишет (14—16)

      • Жунусту чоң балык жутуп алат (17)

Жунус 1:1

Шилтемелер

  • *

    Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.

  • *

    Мааниси: «көгүчкөн».

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 14:25; Лк 11:29, 30

Жунус 1:2

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 12:41

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 109-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 9—10-бб.

    1/4/2003, 9-б.

Жунус 1:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 109—110-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 10-б.

    1/4/2003, 9-б.

Жунус 1:4

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 110-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 10—11-бб.

    1/4/2003, 9-б.

Жунус 1:5

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 27:18, 38

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 110—111-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 11-б.

Жунус 1:6

Байланышы бар аяттар

  • +Жун 3:9

Жунус 1:7

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 16:33; 18:18
  • +Жш 7:14, 18; Шм1к 14:42, 43

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 110—111-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 11-б.

Жунус 1:9

Шилтемелер

  • *

    Же: «Жахаба Кудайдан корком».

Жунус 1:12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 111-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 11-б.

    1/4/2003, 9-б.

Жунус 1:16

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 6:26, 27

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 114-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 12-б.

Жунус 1:17

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 12:39, 40; 16:4; Лк 11:29, 30

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Үлгү алгыла», 113—114-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2009, 12—13-бб.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Жун. 1:1Пд2к 14:25; Лк 11:29, 30
Жун. 1:2Мт 12:41
Жун. 1:5Элч 27:18, 38
Жун. 1:6Жун 3:9
Жун. 1:7Нкл 16:33; 18:18
Жун. 1:7Жш 7:14, 18; Шм1к 14:42, 43
Жун. 1:16Дн 6:26, 27
Жун. 1:17Мт 12:39, 40; 16:4; Лк 11:29, 30
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
Ыйык Китеп
Жунус 1:1—17

Жунус

1 Жахаба* Амитайдын уулу Жунуска*:+ 2 «Тур, улуу шаар Нинебиге барып,+ анын кыйратыларын жарыяла, себеби элинин кандай кыянат иштерди кылып жатканын көрүп турам»,— деди.

3 Бирок Жунус Жахабадан качып, Таршышка кетмекчи болду. Ал Жапага барып, Таршышка кете турган кемени тапты. Анан жол акысын төлөп, кемеге түштү да, Жахабадан качып, Таршышка жөнөп кетти.

4 Ошондо Жахаба деңизге катуу шамал жиберди. Деңиз алай-дүлөй түшүп, кеме талкаланып калмай болду. 5 Кемечилер коркуп, ар кимиси өз кудайына жалына баштады. Алар кемени жеңилдетиш үчүн жүктөрдү деңизге ыргытып киришти.+ Жунус болсо кеменин ылдый жагына түшүп, катуу уктап калган болчу. 6 Бир маалда кеме башчысы келип: «Сен эмне уктап жатасың?! Тур, кудайыңа жалын! Балким, чыныгы Кудай ырайым кылып, аман калаттырбыз»,— деди.+

7 Алар: «Келгиле, кимдин айынан ушундай кырсыкка кабылганыбызды билиш үчүн өкчөмө таш ыргыталы»,+— дешти да, өкчөмө таш ыргытышты. Өкчөмө таш Жунуска түштү.+ 8 Ошондо алар Жунустан: «Айтчы, ушундай кырсыкка кабылганыбызга ким күнөөлүү? Сен эмне иш кыласың, каяктан келатасың? Кайсы жерден болосуң? Кайсы элденсиң?» — деп сурашты.

9 Жунус: «Мен евреймин. Деңиз менен кургактыкты жараткан Кудайга, асмандын Эгедери Жахаба Кудайга сыйынам*»,— деп жооп берди.

10 Ошондо алар ого бетер коркуп: «Эмне кылдың эле?» — деп сурашты. (Себеби Жунус аларга Жахабадан качып баратканын айткан эле.) 11 Деңиз буркан-шаркан түшүп, толкун күчөгөндөн күчөй берди. Акыры, алар: «Деңиз тынчышы үчүн, сени эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты. 12 Жунус: «Мени деңизге ыргытып жибергиле, ошондо деңиз тынчып калат. Мунун баары менин айыман болуп жатат»,— деди. 13 Тиги кишилер болсо жээкке жеткенге аракет кылып, жан талашып жатышты. Бирок алай-дүлөй күчөп, жете алышкан жок.

14 Ошондо алар Жахабага: «Оо, Жахаба, ушул кишинин айынан өлүп калбасак экен! Бизди бейкүнөө кишинин канына забын кыла көрбө! Себеби, Жахаба, мунун баары сенин эркиң менен болуп жатат»,— деп жалбарышты. 15 Анан Жунусту деңизге ыргытып жиберишти. Ошондо деңиз тынчып калды. 16 Муну көрүп, алар Жахабадан аябай коркуп калышты.+ Ошон үчүн Жахабага курмандык чалып, ант беришти.

17 Жахаба болсо Жунусту жутуп алсын деп чоң балыкты жиберди. Балык Жунусту жутуп алды. Жунус балыктын ичинде 3 күн, 3 түн жатты.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү