Жунус
3 Жахаба Жунуска экинчи жолу:+ 2 «Тур, улуу шаар Нинебиге+ барып, айткандарымды жарыяла»,— деди.
3 Жунус Жахабанын айтканына баш ийип,+ Нинебиге+ жөнөдү. Нинеби аябай чоң шаар* эле: баштан-аяк жөө аралап чыкканга 3 күн кетчү. 4 Жунус шаарга барып, эртеден кечке чейин кыдырып: «Кырк күндөн кийин Нинеби кыйратылат»,— деп жарыялап жүрдү.
5 Нинебинин эли ал кабарды угуп, Кудайга ишенип калды.+ Алар орозо жарыялап, улук-кичик дебей баары таар жамынды. 6 Жунус айткан кабар Нинебинин падышасына жеткенде, ал тактысынан туруп, падыша кийимин чечти да, таар жамынып, күлгө отурду*. 7 Анан бүт Нинебиге мындай деп жар салууну буйрук кылды:
«Падыша менен беделдүү кишилеринин буйругу мындай: адам да, үй айбанаты да, бодо мал да, майда мал да эч нерсе жебесин. Эч ким эч нерсе жебесин, суу да ичпесин. 8 Эл таар жамынып, үй айбанаттарына да таар жаап, Кудайга катуу жалынып-жалбарсын. Жаман жолун таштап, зордук-зомбулугун токтотсун. 9 Ким билет, балким, чыныгы Кудай алаамат түшүрөм деген оюнан кайтып, кайнаган каарын басса, аман калаттырбыз!»
10 Алардын кылган иш-аракетин, жаман жолунан кайтканын көргөндө+ чыныгы Кудай алаамат жиберем деген оюнан кайтып, жиберген жок.+