Забур
Маскил. Асаптын+ ыры.
Жахабанын мактоого татыктуу иштери менен күчү жөнүндө,+
Жасаган ажайып иштери жөнүндө+
Келерки муунга айтып беребиз.+
5 Ал Жакыптын урпактарына осуят,
Ысрайылдын урпактарына мыйзам берген;
Ошол нерселерди балдарына айтып берүүнү
Ата-бабаларыбызга буйрук кылган.+
Балдары болсо өз балдарына айтып бермек.+
7 Ошондо алар Кудайга таянышмак.
8 Ошондо ата-бабаларынан айырмаланып,
Өжөр, козголоңчул муун болушмак эмес,+
Оюн өзгөртө берген,
Кудайга берилгендигин сактабаган муун болушмак эмес.+
9 Эпрайымдын урпактары жаа менен куралданышса да,
Салгылаш күнү артка чегинишкен.
17 Бирок алар чөлдө Эң Жогорку Кудайга каршы козголоң чыгарып,+
Анын алдында күнөөгө бата беришкен;
18 Өздөрү эңсеген тамагын талап кылып,
Жүрөктөрүндө Кудайды сынашкан.+
Алар болсо: «Ал бизге нан да бере алабы?
Элин этке тойгуза алабы?» — дешкен.+
21 Муну укканда Жахаба катуу каарданган,+
Жакыптын урпактарына от түшүргөн,+
Ысрайылга жаалын чачкан.+
23 Ошон үчүн Кудай булуттуу асманга буйрук берип,
Асман эшиктерин ачкан.
27 Аларга этти чаңдай,
Канаттууларды деңиз кумундай көп кылып жаадырган.
28 Ал канаттууларды өз конушуна,
Чатырларынын айланасына түшүргөн.
Эң күчтүүлөрүн өлтүргөн,+
Ысрайылдын эр-азаматтарын сулаткан.
32 Ошого карабай алар ого бетер күнөө кыла беришкен,+
Анын ажайып иштерин көрүшсө да, ишенишкен эмес.+
33 Ошон үчүн Кудай алардын тек гана дем сыяктуу болгон өмүр күндөрүн соңуна чыгарган,+
Капыстан кырсыкка кабылтып, өмүр жылдарын аягына чыгарган.
34 Кудай айрымдарын өлтүргөн сайын, алар андан ырайым кылышын суранышкан,
Кайрадан ага кайрылып, аны издешкен.+
36 Бирок аны оозу менен алдап,
Тили менен калп айтканга аракет кылышкан.
38 Бирок Кудай кайрымдуулук кылган,+
Күнөөлөрүн кечирген, аларды кырып таштаган эмес,+
Аларга бүт жаалын чачпай,
Көп жолу каарын кайт кылган.+
39 Себеби алардын тек гана пенде экенин,+
Согуп өтүп, кайра кайрылып келбей турган жел* экенин унуткан эмес.
43 Мисирде көрсөткөн жышаандарын,+
Соанда жасаган кереметтерин,
44 Мисирликтер суу иче албай калышы үчүн,
Нилдин чоң арыктарындагы сууну канга айлантканын унутуп коюшкан.+
49 Аларга кайнаган каарын төккөн,
Заарданып, ачууланып, алаамат түшүргөн,
Кыйратыш үчүн периштелердин кошуунун жиберген.
50 Аларга жаалын чачкан.
Өлүмдөн сактап калган эмес,
Жугуштуу оору каптаткан.
53 Жол көрсөтүп, коргоп жүргөн,
Алар эч нерседен коркушкан эмес,+
Душмандарын болсо деңиз басып калган.+
55 Башка элдерди алардын алдынан кууп чыккан,+
Аларга өлчөп, мурас бөлүп берген,+
Ысрайылдын урууларын үйлөрүнө отурукташтырган.+
56 Бирок алар Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып, аны сынай беришкен,+
Эскертүүлөрүнө көңүл бурушкан эмес.+
57 Ата-бабаларына окшоп, андан баш тартып, ишенимсиздик кылышкан.+
Кылы бошоп калган жаадай ишеничтүү эмес болуп калышкан.+
61 Душмандын сандыкты* алып кетишине,
Өзүнүн күчү менен даңкын билдирген нерсени алып кетишине жол берген.+
63 Жигиттерин от жалмаган,
Кыздарына үйлөнүү үлпөтүндөгү ырларды ырдашкан эмес.
67 Ал Жусуптун урпактарын* четке каккан.
Эпрайым уруусун тандаган эмес.
69 Ыйык жайын асмандай түбөлүктүү,+
Өзү түбөлүккө түптөгөн жердей кылымдар бою тура тургандай кылган.+
70 Кызматчысы Дөөтүнү тандап,+
Кой короолордон алып чыккан,+
71 Козулуу койлорду багып жүргөн жеринен алып чыккан.
Анан аны койчу кылып, ага эли Жакыпты,
Менчиги Ысрайылды кайтартып койгон.+