Еврейлерге
4 Демек, Кудайдын аны менен эс аларыбыз жөнүндөгү убадасы азыр да күчүндө болгондуктан, кимдир бирөөбүз буга татыксыз болуп калбашыбыз үчүн, сак бололу.+ 2 Анткени жакшы кабар, ата-бабаларыбызга жарыялангандай эле, бизге да жарыяланды.+ Бирок алар аны угушканы менен, пайдасын көрүшкөн эмес, себеби алардын ишеними ал кабарга ылайык жашагандардыкындай бекем болгон эмес. 3 Ал эми биз — ишенгендер — Кудай менен бирге эс алабыз. Башкалар жөнүндө болсо Кудай, өзүнүн иштери адамзат дүйнөсү жаралганда* эле аяктаса да:+ «Ошондуктан каарданып: „Алар мен эс алган күнү эс алышпайт“,— деп ант бергем»,+— деген. 4 Кудай Ыйык Жазманын бир жеринде жетинчи күн жөнүндө: «Кудай өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды»,— деп айткан.+ 5 Анан дагы бир жеринде: «Алар мен эс алган күнү эс алышпайт»,— деген.+
6 Ошентип, жакшы кабарды биринчи уккандар баш ийбестигинен улам Кудай менен чогуу эс албай калышкан.+ Бирок кээ бирөөлөрдө дагы деле ошондой мүмкүнчүлүк бар. 7 Ошондуктан Кудай көп убактан кийин «бүгүн» деп айтып, кайрадан белгилүү бир күндү белгилеп жатат. Анткени Дөөтүнүн жогоруда келтирилген забурунда: «Бүгүн үнүмдү уксаңар, кежирленбегиле»,— деп айтылган.+ 8 Эгерде Жашыя+ ысрайылдыктарды эс ала турган жерге алып барган болсо, анда Кудай кийин башка күн жөнүндө сөз кылмак эмес. 9 Ошондуктан Кудайдын эли үчүн дем алыш күндөгүдөй* эс алуу күнү дагы эле уланып жатат.+ 10 Кудай өз иштерин бүтүрүп, эс алып жаткандай эле, аны менен эс алган адам да өз иштерин токтотуп, эс алып жатат.+
11 Ошондуктан Кудай эс алган күнү эс алыш үчүн колубуздан келишинче аракет кылалы. Эч кимибиз баш ийбегендердин жолуна түшүп кетпеш үчүн ошентели.+ 12 Себеби Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү,+ кош миздүү ар кандай кылычтан да курч.+ Ал ичибизге терең кирип, сыртыбыз менен ичибиздин кандай экенин көрсөтөт*, муундар менен сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктүн түпкүрүндөгү ойлорду, ниеттерди ачыкка чыгарат. 13 Жаратылгандардын бири да Кудайдан жашына албайт,+ анын көз алдында баары алаканга салгандай ачык-айкын. Биз анын алдында жооп беребиз.+
14 Биздин асманга көтөрүлүп кеткен улуу башкы дин кызматчыбыз бар: ал — Кудайдын Уулу Иса.+ Ошондуктан ага ишенерибизди тынымсыз жарыялай берели.+ 15 Анткени башкы дин кызматчыбыз ката-кемчиликтерибизди, алсыздыктарыбызды эске албаган, боор ооруй билбеген дин кызматчы эмес.+ Ал биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган эмес.+ 16 Ошол себептен, Кудайыбыз бизге ырайымын төгүп, кайрымдуулук кылып, өз убагында жардам бериши үчүн, ырайымдуу Кудайыбыздын тактысына жакындап, андан ээн-эркин тилене берели.+