Аян
20 Анан асмандан түшүп келаткан периштени көрдүм. Анын колунда түпсүз туңгуюктун* ачкычы+ менен чоң чынжыр бар экен. 2 Ал ажыдаарды+ — Ибилис+ жана Шайтан+ делген байыркы жыланды+ — кармап, 1 000 жылга чынжырлап койду. 3 Миң жыл аяктаганга чейин элдерди адаштырбашы үчүн, аны түпсүз туңгуюкка+ ыргытты да, туңгуюкту бекитип, мөөр басып койду. Кийин ал кыска убакытка бошотулат.+
4 Мен тактыларды, аларда отургандарды көрдүм. Аларга сот жүргүзгөнгө бийлик берилди. Иса тууралуу күбөлөндүргөнү, Кудай жөнүндө кабар айтканы үчүн өлтүрүлгөн адамдарды* да көрдүм. Алар жырткычка же анын сөлөкөтүнө сыйынышкан эмес, чекеси менен колуна+ анын белгисин койдурушкан эмес. Алар тирилип, Машаяк+ менен 1 000 жыл падышалык кылышты. 5 Бул — биринчи тирилүү.+ (Өлгөндөрдүн калгандары+ 1 000 жыл аяктаганга чейин тирилишкен жок.) 6 Биринчи болуп тирилген+ алар бактылуу жана ыйык. Экинчи өлүм+ аларга бийлик кыла албайт.+ Алар Кудай менен Машаяктын дин кызматчылары+ болушат, Машаяк менен 1 000 жыл падыша катары башкарышат.+
7 Миң жыл аяктаганда, Шайтан камактан бошотулат. 8 Ал жердин төрт бурчундагы элдерди* — Гок менен Магокту — адаштырып, согушка чогултуш үчүн чыгат. Алардын саны деңиздин жээгиндеги кумдай. 9 Алар бүт жер жүзүн каптап, ыйыктардын конушу менен сүйүктүү шаарды курчап алышты. Бирок асмандан от түшүп, аларды жалмап кетти.+ 10 Аларды адаштырган Ибилис болсо оттуу жана күкүрттүү көлгө ыргытылды. Ал жакка мурун жырткыч+ менен жалган пайгамбар да ыргытылган болчу.+ Алар түбөлүктөн түбөлүккө күнү-түнү кыйналышат*.
11 Анан чоң ак тактыны жана анда отурган Кудайды көрдүм.+ Жер менен асман андан качты, алар ошо бойдон табылган жок.+ 12 Ошондой эле тактынын алдында турган көзү өтүп кеткен адамдарды: жогорку даражалууларды да, карапайымдарды да көрдүм. Түрмөктөр ачылды. Анан дагы бир түрмөк ачылды, ал өмүр түрмөгү эле.+ Өлгөндөр, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык, өз иштерине жараша соттолушту.+ 13 Деңиз өзүндөгү өлүктөрдү кайрып берди, өлүм менен көр* да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берди. Ошондо ар бири өз иштерине жараша соттолду.+ 14 Өлүм менен көр болсо оттуу көлгө ыргытылды.+ Оттуу көл+ экинчи өлүмдү билдирет.+ 15 Өмүр китебине+ жазылбагандардын баары оттуу көлгө ыргытылды.+