Титке
1 Кудайдын кулу, Иса Машаяктын* элчиси, Кудайдын тандалгандары ишенген нерселерге ишенген жана Кудайга болгон берилгендик менен байланышкан чыныгы окууларды так билген Пабылдын каты. 2 Андай ишеним менен окуулар түбөлүк өмүргө болгон үмүткө негизделген.+ Ал өмүрдү жалган сүйлөй албаган Кудай+ мурун эле убада кылган. 3 Убагы келгенде болсо өзүнүн сөзүн жакшы кабар* айтуу иши аркылуу жарыялады. Ал иш мага Куткаруучубуз Кудайдын буйругу боюнча тапшырылган.+ 4 Ишенген Кудайыбыз бир болгон, өз уулумдай эле болуп калган Тит,
Асмандагы Атабыз Кудай менен Куткаруучубуз Иса Машаяк сага ырайымын төгүп, тынчтык берсин.
5 Мен сени Критке жөнгө салыш керек болгон иштерди бүтүрүп, мен айткандай, ар бир шаарда аксакалдарды* дайындашың үчүн калтыргам. 6 Аксакал башкалар айыптай албаган, бир эле аялы бар адам болсун. Исанын жолун жолдогон* балдары жаман жолго түшүп же ээнбаш болуп, сөзгө калбашы керек.+ 7 Кудай дайындаган башкаруучу катары аксакал* эч ким айыптай албаган киши болушу зарыл. Ал өз билгенин жасай бербеши керек,+ ачуусу чукул,+ ичкиликке жакын, зөөкүр* болбошу же арам жол менен пайда көргөнгө умтулбашы керек. 8 Анын ордуна, меймандос,+ жакшылык кылганга дилгир*, акыл-эстүү,+ адил, Кудайга берилген,+ өзүн кармай билген+ адам болушу талап. 9 Ал туура* окуулардын+ жардамы менен башкаларды үндөй да, ал окууларга каршы чыккандарды ашкерелей да алышы үчүн+ окутканда Кудайдын ишеничтүү сөзүнө бек карманышы керек.+
10 Анткени баш ийбестер, сөз деп эле сүйлөй бергендер, башкаларды алдап-адаштыргандар, айрыкча, сүннөткө отургузууну жактагандар көп.+ 11 Андайларды тыйыш керек. Себеби алар арам жол менен пайда көрүш үчүн окутпашы керек болгон нерселерди окутуп, айрым үй-бүлөлөрдүн ишенимин кыйратып жатышат. 12 Өздөрүнүн эле жеринен чыккан бир пайгамбар*: «Криттиктер дайыма калп айтышат; алар — коркунучтуу жырткычтар, бекерпоз соргоктор»,— деп айткан.
13 Бул айтылгандар чын. Ошондуктан, ишеними бекем болушу үчүн, аларды* мындан ары да катуу ашкерелей бер. 14 Алар жүйүттөрдүн ойдон чыгарылган кептерине, Кудайдын туура окууларын четке каккандардын осуяттарына кулак төшөбөсүн. 15 Таза адамдар үчүн бардыгы таза.+ Ал эми таза эмес, ишеними жок адамдар үчүн таза эч нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган.+ 16 Алар элдин көзүнчө Кудайды тааныйбыз дешкени менен, кылган иштеринен Кудайдан баш тартканы көрүнүп турат.+ Анткени алар — көңүл иренжиткен, баш ийбес, эч бир жакшы ишке жарабаган адамдар.