Жеремия
17 «Жүйүт элинин күнөөсү темир калем менен жазылган,
Жүрөктөрүнө, курмандык жайларынын мүйүздөрүнө алмаздын мизи менен оюлуп жазылган.
2 Алардын курмандык жайлары менен ыйык мамыларын*+ атүгүл балдары да эстеп калышкан.
Оо, жүйүт эли, сенин байлыгыңды, бүт кенчиңди душмандарыңа талатып-тонотом,+
Бүт жерлериңде кылган күнөөлөрүң үчүн сыйынуу жайларыңды* талатып-тонотом.+
4 Өзүңдүн айыңан мен берген мурастан кол жууйсуң.+
Ал от эч качан өчпөйт».
5 Жахаба мындай дейт:
«Пендеге таянган+ адамга* каргыш тийсин,
Адам баласынын күчүнө ишенген,+
Жахабаны таштап койгон кишиге каргыш тийсин.
6 Ал чөлдүү түздүктөгү жалгыз дарактай болуп калат.
Эч жакшылык көрбөйт,
Кагыраган жерлерде,
Эч ким жашабаган шор жерде жашайт.
8 Ал суу боюна отургузулган,
Агын сууну көздөй тамыр жайган дарактай болот.
Аптап болсо да, аны сезбейт,
Жалбырагы дайыма жапжашыл болуп турат.+
Кургакчылык болгон жылда тынчсызданбайт,
Жемиш бербей калбайт.
9 Жүрөк эң эле митаам*, өтө бузулган*.+
Аны ким биле алат?
10 Мен, Жахаба, ар бир адамга жүргөн жолуна,
Ар бирине кылган иштерине* жараша тиешесин бериш үчүн+
Жүрөгүн изилдейм,+
Тереңде жаткан ойлорун* текшерем.
Ал өмүрүнүн жарымында байлыгынан айрылат,
Акырында акылсыздыгы айкын болот».
12 Биздин ыйык жайыбыз —
Тээ башынан эле жогору турган Кудайдын даңктуу тактысы.+
13 Оо, Жахаба, Ысрайылдын үмүтү,
Сени таштагандардын баары уят болушат.
Сенин жолуңан* четтегендердин аты топуракка жазылгандай эле болот,+
Себеби алар өмүр суусунун булагын — Жахабаны — таштап кетишти.+
14 Оо, Жахаба, мени айыктыр, ошондо айыгам.
Мени куткар, ошондо куткарылам,+
Анткени мен сени даңктап келем.
15 Кээ бирлер мага:
«Кана Жахабанын сөзүнүн аткарылганы?+
Аткарылбайбы?!» — дешет.
16 Мен болсо койчу болгондон, сенин жолуң менен жүргөндөн баш тарткан эмесмин,
Каргашалуу күндүн келишин да самаган эмесмин.
Сен айткан ар бир сөзүмдү билесиң;
Алардын баары сенин алдыңда айтылган.
17 Мени коркунучка кабылта көрбө.
Башыма мүшкүл түшкөн күнү сен баш маанамсың.
Ошолордун үрөйү учсун,
Менин болсо үрөйүмдү учура көрбө.
19 Жахаба мага мындай деди: «Барып, элдин дарбазасынын, Жүйүт падышалары кирип-чыккан дарбазанын*, алдына, анан Иерусалимдин башка бардык дарбазаларынын алдына тур да, + 20 мындай де: „Жүйүттүн падышалары, Жүйүт жеринин бүт эли, Иерусалимдин бардык тургундары, ушул дарбазалардан киргендердин баары, Жахабанын сөзүн уккула. 21 Жахаба мындай дейт: “Байкагыла, дем алыш күнү* эч кандай жүк көтөрбөгүлө, Иерусалимдин дарбазалары аркылуу алып өтпөгүлө.+ 22 Дем алыш күнү үйүңөрдөн жүк көтөрүп чыкпагыла, эч кандай жумуш кылбагыла.+ Дем алыш күндү ыйык туткула, муну ата-бабаларыңарга да буйрук кылгам.+ 23 Бирок алар сөзүмдү укпай, кулак төшөбөй коюшкан, тоң моюндук кылып акыл-насаатты укпай, кабыл албай коюшкан”“.+
24 „Бирок силер мен кандай айтсам, так ошондой кылсаңар,— дейт Жахаба,— дем алыш күнү бул шаардын дарбазалары аркылуу жүк алып өтпөсөңөр, эч кандай жумуш кылбай, ал күндү ыйык тутсаңар,+ 25 Дөөтүнүн тактысында отурган+ падышалар менен төрөлөр* да араба менен, ат менен бул шаардын дарбазалары аркылуу кирет, алар жана алардын төрөлөрү Жүйүт жеринин эли, Иерусалимдин тургундары менен кошо кирет;+ бул шаарда эл ар дайым жашайт. 26 Жүйүттүн шаарларынан, Иерусалимдин айланасынан, Бенжемин уруусунун жеринен,+ түздүктөн,+ тоолуу аймактан, Негептен* эл келет. Алар Жахабанын үйүнө бүтүндөй өрттөлчү курмандык+ менен башка курмандыктарды,+ дан азыктарынан алынып келген тартуу,+ ладан, ыраазычылык курмандыгын алып келишет.+
27 Ал эми тилимди албасаңар, дем алыш күндү ыйык тутпасаңар, ал күнү жүк көтөрсөңөр, Иерусалимдин дарбазалары аркылуу жүк алып өтсөңөр, мен анын дарбазаларына от коём. Иерусалимдин чептүү мунараларын от жалмайт,+ аны эч ким өчүрө албайт“».+