Жакандын 1-каты
3 Карагылачы, асмандагы Атабыз Кудай бизди канчалык жакшы көрөт!+ Ал бизди өзүнүн балдары катары кабыл алды.+ Биз, чынында эле, Кудайдын балдарыбыз. Бирок дүйнөдөгү адамдар аны таанып-билбегендиктен бизди да билбейт.+ 2 Сүйүктүү боордошторум, эми биз Кудайдын балдарыбыз,+ бирок келечекте кандай болорубуз азырынча айкын боло элек.+ Ал өзүн ачык көрсөткөндө, ага окшош болорубузду гана билебиз, себеби анын кандай экенин көрөбүз. 3 Ал таза болгондуктан, андан үмүттөнгөн ар бир адам өзүн тазартат.+
4 Ким күнөө кылып жүрсө, ал мыйзамды бузуп жүргөн болот, анткени күнөө — бул мыйзамды бузуу. 5 Силер Исанын бизди күнөөлөрүбүздөн арылтыш үчүн келгенин,+ өзү болсо эч качан күнөө кылбаганын да билесиңер. 6 Ким аны менен биримдикте болсо, күнөө кылбай калат.+ Ал эми ким күнөө кылып жүрсө, аны көргөн да, таанып-билген да эмес. 7 Сүйүктүү балдарым, силерди эч ким адаштырбасын. Ким туура иш кылып жүрсө, Иса адил болгондой эле, ал да адил. 8 Күнөө кылып жүргөн киши болсо Ибилистей иш кылган болот, анткени Ибилис башынан эле* күнөө кылып келет.+ Ошондуктан Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин ойрон кылыш үчүн келген.+
9 Ким Кудайдын баласы болсо, ал күнөө кылбай калат,+ себеби анда Кудайдын ыйык руху* бар. Кудайдын баласы болгондуктан ал күнөө кыла бербейт.+ 10 Туура иш кылбаган адам, бир тууганын* сүйбөгөн адамдай эле, Кудайдын баласы эмес. Кудайдын балдары менен Ибилистин балдарын ушундан айырмалап билсе болот.+ 11 Силер башынан эле угуп келаткан осуятты, бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигин, унутпагыла.+ 12 Ибилисти* туураган жана инисин өлтүрүп койгон Кабылдай болбойлу.+ Ал аны эмне үчүн өлтүргөн? Анткени өзүнүн иштери жаман,+ ал эми инисиники жакшы болчу.+
13 Боордошторум, дүйнөнүн силерди жек көргөнүнө таң калбагыла.+ 14 Биз бир кезде өлүк болгонубузду, азыр болсо тирилгенибизди билебиз,+ себеби бир туугандарыбызды сүйөбүз.+ Ким бир тууганын сүйбөсө, ал дагы эле өлүмдүн бийлиги астында.+ 15 Бир тууганын жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч.+ Киши өлтүргүчтүн болсо түбөлүк өмүр албай турганын билесиңер.+ 16 Иса биз үчүн өз жанын бергендиктен, сүйүү деген эмне экенин билдик.+ Ошондуктан биз да бири-бирибиз үчүн жаныбызды бергенге милдеттүүбүз.+ 17 Кимдир бирөөнүн колунда болсо, бирок бир тууганынын муктаж экенин көрүп туруп ага боор ооруп жардам бербесе, анда ал кантип Кудайды сүйсүн?+ 18 Балдарым, бири-бирибизди сөзүбүз менен эле эмес,+ иш жүзүндө,+ чын жүрөктөн сүйөлү.+
19 Кудайдын окууларына ылайык жашап жатканыбызды ушундан билебиз жана өзүбүздү Кудайдын бизди сүйөрүнө ынандырабыз. 20 Жүрөгүбүз бизди эмнеден улам айыптабасын, өзүбүздү ушуга ынандырабыз, себеби Кудай жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет*.+ 21 Сүйүктүү бир туугандарым, жүрөгүбүз айыптабаса, Кудай менен эркин сүйлөшө алабыз.+ 22 Ошондой эле анын осуяттарын аткарып, ага жаккан иштерди кылып жаткандыктан андан сураганыбыздын баарын алабыз.+ 23 Анын осуяты болсо бул: Уулу Иса Машаякка* ишенип,+ ал осуят кылгандай, бири-бирибизди сүйүшүбүз керек.+ 24 Кудайдын осуяттарын аткарган адам аны менен биримдикте, Кудай да аны менен биримдикте.+ Анын биз менен биримдикте экенин бизге ыйык рухун бергенинен билебиз.+